АКШда өткөн Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) чемпионатында бразилиялык Аселино Фрейтас чемпиондукту камсыз кылды.
Аселино рингге америкалык Захир Рахим менен чыгып, 12 раунддун жыйынтыгында 116-112 эсеби менен Захирдин үстүнөн жеңишке жетишти. Фрейтас мушташты жакшы деңгээлде баштап, артыкчылыгын көрсөтүп жатты. Бирок, беттеш жарымдап калганда активдүүлүгү төмөндөп, ийгилик ташы Захирге ооду. Рингге чемпиондукту утууну максат кылып чыккан Аселино абалды баамдап, өзүн колго алды. Ошентип, 12 раунд аяктагыча артыкчылык улам бирине ооп жатты. Жыйынтыгында Аселино чемпион болууга жетишти. Эскерте кетсек, эки боксчу тең 61 килограмм салмактагы балбандар. Захир Рахим болсо учурда дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунда турат. Антсе да бул ирет ийгилик аны жылоолой алган жок.
(Спорт темасындагы мындан башка кызыктуу макалаларды “Супер-Инфо” гезитинен окуңуздар)