БИР БҮРКҮМ

  • Кыргыз мамлекети ЖАҢЫ ЖЫЛГА карата 31-декабрь-3-январь күндөрү эс алат. Бул тууралуу өкмөт жарыялады.

  • Өлкөдөгү ар үчүнчү бойго жеткен адам ЖОГОРКУ КАН БАСЫМДАН жабыркайт. Мындай маалыматты Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

  • 2017-жылга карата 620 мектеп ИНТЕРНЕТ менен камсыз болот. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү 2218 мектептин 9 пайызы гана интернетке туташтырылган, 25 пайызында гана компьютер бар.

  • Европалык союз Кыргыз өлкөсүнөн тышкары КМШнын бардык мамлекеттеринин авиакомпанияларына аталган биримдиктин аймагына учууга уруксат берди. Кыргыз АВИАКОМПАНИЯЛАРЫ Европага каттай албаган "кара тизмеден" 2006-жылдан бери чыга элек.

  • Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев өз маалыматтарына таянып, өлкөдө ВИЧ ИЛДЕТИНЕ чалдыккан 80 миң жаран бардыгын билдирди.

  • Кыргыз жерине келген 90 өлкөнүн жарандары 5 күндүн ичинде эмес, 30 күндүн ичинде каттоого турууга мүмкүнчүлүк алышат. Аталган тизмеге КЫТАЙ кошулган эмес.

  • Жакынкы 5 жылдын ичинде өлкөдөгү мектептердин программасына УКУКТУК ТАРБИЯ боюнча сабак киргизилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдады.

  • Саламаттыкты сактоо боюнча адистердин айтымында, калктын 70 пайызы СПОРТ менен машыкпайт.

  • Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, активист АТАЙ САДЫБАКАСОВ Бишкектин көчөсүнө уруксатсыз жол көрсөткүч белгилерин илген. Мындан улам "Бишкекасфальтсервис" аларды алып салмай болду. Эгер илген тактайларга зыян келтирилген болсо, Садыбакасов айыпка тартылышы мүмкүн.

  • 15-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы турак үйдөн ӨРТ чыгып, 6 жана 10 жаштагы 2 бала уулануудан каза болду.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан