КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНДЕГИ РЕВОЛЮЦИЯЛАР СЫРТТАН КАРЖЫЛАНАТ...

Казакстандык "БТА банкынын" мурунку жетекчиси жана оппозициячы Мухтар Аблязов Франциянын Мамлекеттик кеңеши тарабынан бошотулду. Ал Кыргыз өлкөсүндө 2005-жылы болгон Март революциясын каржылаганын жарыялады. "Постсоветтик мамлекеттердин биринде туура реформаларга алып келген процесстер башталышы мен үчүн маанилүү болчу" деп Аблязов француз басылмасына маек берген. Үч жарым жылдан бери камакта отурган Аблязовго Казакстан, Орусия жана Украина мамлекеттери тарабынан кылмыш иши козголгон. Ага алдамчылык, жасалма документтерди колдонуу жана кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыптар коюлган. Аблязовду экстрадициялоо боюнча Францияга Орусия, Украина кайрылып, өтүнүчтөр жактырылган. Бирок 7-декабрь күнү БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Нильс Мельцер Франция өкмөтүн Аблязовду экстрадициялабоого чакырды. Эске салсак, 2013-жылы Аблязовго жасалма кыргыз паспорт жасап бергендиги үчүн Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызматынан бошотулган. Бул маалымат ошол кезде резонанс жараткан.
Кыргызстандагы 2005-жылдагы Март окуясын ишке ашыруу жагын казакстандык Мухтар Аблязов камсыздап берсе, анда 2010-жылдагы Апрель окуясын кайсы чет өлкөлүк каржылады болду экен деген суроо жаралат. Учурда Аблязовдун айтканы боюнча УКМК териштирүүнү баштады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан