Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын экс-лидери Канат Исаевге каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөө документтеринин жоголгонун Башкы прокуратура ырастады. Эске салсак, 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарын башкарып турган учуруна байланыштуу козголгон кылмыш иштери негизсиз токтотулган деген шылтоо менен 1 ай мурун кайрадан иш жанданган болчу. Аталган кылмыш иши Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлерине карата коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон. Ал учурда Канат Исаев шаарда мэрлик кызматты аркалап турган. Башкы прокуратура аталган документтер камакка алынган Чүй облусунун мурунку прокурору Руслан Нурбековдун учурунда жоголгонун билдирди. Учурда Нурбеков менен Исаевдин ортосундагы байланыш иликтенип жатат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg