БАЛДАР НООРУЗДУ ЖАКШЫ МААНАЙДА ТОСУШТУ

Репортаж

Буга чейин “Супер-Инфо” гезити бир эмес, бир нече жолу кайрымдуулук акциясын уюштуруп келгендиги баарыбызга маалым. Бул ирет “Үмүт-Надежда” деп аталган балдардын реабилитациялык борборуна (БРБ) барып, майып балдарды Нооруз майрамы менен куттуктап келдик.

БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ...
“Үмүт-Надежда” деп аталган борбордун бакчасына барганыбызда бизди майрамдык маанайда даярданып турган тарбиячылар балдары менен күтүп алышты. Кыздар жарашыктуу көйнөк, балдар улуттук кийимдерди кийишкен. Биз алып келген белектерибизди таркатып бүтүп, алардын концерттик кечесине күбө болдук.
Балдар ордунан туруп өз алдынча баса алышпаса да, колдорун кыймылдатып эң сонун ырдап-бийлеп жатышты. Тили так чыккандары жаттап алышкан төрт сап ырды чала-була болсо да айтууга жарап, отургандарды кубантышты. Хор менен “дайыма болсун апам, дайыма мен болоюн...” деп ырдашканда майрамдын катышуучулары аргасыз көздөрүнө жаш алышты. Өзгөчө “дайыма мен болоюн” деген сапты укканда “эх, ушундай күнөөсүз өспүрүмдөр дени соо болуп жаралса кана” деген ой жаралбай койбойт. Себеби ырдап жаткандардын катарында миопатия (булчуңдардын тубаса оорусу. Бул ооруда адам денесин түз кармай албайт жана кыймыл-аракетин да жакшы башкара албайт) оорусунан жабыр тарткан наристелер да бар эле.

“УУЛУМДУН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ БОЛОРУНА ҮМҮТҮМ ЧОҢ”
Концерт бүткөн соң чакан кечеде баласынын чекесинен сылап, өөп отурган эжени кепке тарттык. Өзүн Ибраева Чынара деп тааныштырган эже борбордо массаж жасоочу болуп иштээрин айтты. Уулунун аты Темирлан экен. Ал жарыкка келгенде доктурлар церебралдык шал оорусу менен төрөлгөнүн айтышкан.
– Мен жаңы эле көз жарганымда врачтар мага: “Балаң майып төрөлдү. Эгер чоңойто албайм десең, анда мамлекеттик атайын жайга өткөрүп беребиз”,- дешти. “Кантип өткөрүп бермек элем? Өз канымдан жаралган баламды кандай болгон күндө да өзүм өстүрүшүм керек. Майып болуп төрөлсө да, эне мээриминен ажыратпоо милдетим. Бул да болсо тагдырдын сыноосу. Мен чыдашым керек”,- дедим.
Тагдырдын сыноосу чын эле татаал болду. Балам төрөлгөндөн кийин өзүм да оорукчан болуп калдым. Жалгыз бой энемин. Башыман көптөгөн оор күндөрдү өткөрдүм. Ошол кезде дарыланып алайын деп Тимканы убактылуу балдар үйүнө өткөрүп бердим. Дарыланып чыккандан кийин уулумду кайра өзүмө алдым.
Доктурлар балага дайыма массаж керек экенин айтышты. Массаждын акысы кымбат. “Бул өзүмдүн колуман келет экен” деп чыгынып туруп массаждын курсуна жазылып, окуп бүтүрдүм. Ошол күндөрдө “Үмүт-Надежда” борбору тууралуу угуп, ал жакка кайрылдым. Учурда уулум аталган борборго караштуу бакчада каралууда. Мен ушул жерде иштейм. Тапкан акчамдын жарымы эле памперске кетет. Анткени баламдын заарасы токтобойт.
Уулум Тимканын келечеги кең болот деп үмүтүмдү үзбөй келем. Буюрса, бул жылы мектепке барууга даярданып жатабыз.

МАЙЫП БАЛДАРДЫН КҮН ТАРТИБИ
Бакчадагы балдардын күн тартиби тууралуу тарбиячы жана менеджер Апар Абдырахманова төмөндөгүлөрдү баяндап берди.
– Үйдөн келүүчү балдарды атайын автобус эртең менен саат 9да бакчага алып келгенден кийин учурашуу сабагын өткөрөбүз. 9:15те эртең мененки тамактануу болот. Ал 15-20 мүнөткө созулат. Бизде бир тарбиячыга эки бала туура келет. Тамактануу бүткөндөн кийин сүрөт сабагын өткөрөбүз. Андан соң күндө балдар иппотерапия, башкача айтканда, ат менен дарылоодон өтүшөт. Бул балдарды түз отурууга жана дарттарынан канчалык бир деңгээлде болсо да арылууга жардам берет. Анан түштөнүү, түшкү уйку, кошумча сабактар кезектешип жүрүп отурат.

БОРБОРДО 74 МАЙЫП БАЛА БАР
“Үмүт-Надежда” борбору тууралуу борбордун жетекчисинин орун басары Игорь Шелике төмөндөгүлөрдү айтып берди.
– Балдардын реабилитациялык борборун куруу идеясы жубайым Карла-Мария Шеликеге таандык. Ал учурда бул борбордун жетекчиси. Мындан 20 жыл мурун Карла экөөбүздүн тун балабыз жарыкка келди. Келинчегим төрөт үйүндө жатканда кошуна бөлмөдөн бир аялдын боздоп ыйлаганын угуп калат. Себебин сураштырса, баласы майып төрөлгөн экен. “Өзүң бул баланы бага албайсың, мамлекеттин атайын жайына тапшыр” деп доктурлар айтты” дейт ыйлаган аял. Жубайым ал айымга: “Майып болсо да бул сенин балаң. Өзүң чоңойтушуң керек. Мен сага жардам берем”,- дептир. Ошондо Карла-Мария Кыргызстандагы тубаса майып төрөлгөн балдардын тагдырын ойлоп, атайын борбор ачууну ойлойт. Ал үчүн демөөрчүлөрдү бир гана Кыргызстандан издебестен, германиялык капчыгы калың ишмерлерге кат менен кайрылып жүрүп ушул борборду түзгөн.

Табият бул балдарды майып кылып жаратып койсо да, балдардан жашоого болгон умтулууну, жүзүндөгү жылмаюуну көрүп ыраазы болосуң. Биз алардын кадимкидей ырдап-бийлешкенине кубанып кайттык.

БОРБОРДО:

  • Үч бала бакча;
  • Мектеп;
  • Януш Корчактын атынан курулган өспүрүмдөр үчүн кесиптик-техникалык окуу жай бар.

Анда:

  • устачылыкты;
  • тигүү жана кийиз жасоону;
  • ашпозчулукту үйрөтүшөт.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан