ИТАЛИЯ АШКАНАСЫ

Италия ашканасы десе эле көпчүлүктүн эсине пицца, спагетти түшсө керек. Бирок аталган өлкө башка даамдуу тамактары менен да таанымал. Алардын эң эле жөнөкөй ыкма менен жасалганы равиоли болуп эсептелет. Бүгүн сиздерге борбор калаабыздагы италия ресторандарынын биринин башкы ашпозчусу Фархад Абдурахманов спагетти равиолинин эң жеңил түрүн жана десертке берилүүчү тарталетканы үйрөтөт.

– Италияда равиолинин түрлөрү абдан көп.Мунун себеби, ар бир кожойке өзүнүн табитине ылайык кошулмаларды кошуп улам жаңы бир түрүн жарата бергендигинде. Бүгүн биз жасачу түрүн италиялыктар "үйдө жасалчу паста" деп коюшат. Муну көптөр кадимки орустардын варенигине окшоштурушат. Бирок даамы андан бир кыйла башкача деп ишендирип кетем.

РИКОТТА СЫРЫ КОШУЛГАН ТОКОЧТОР



Камыр үчүн:

Ун
–150 грамм
Суу – 25 грамм
Каймак май – 50 грамм
Туз – татымына жараша

Крем үчүн:

Рикотта сыры
– 70 грамм
Майлуулугу жогору болгон сүт – татымына жараша 20-30 грамм
Кумшекер упасы – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жылуу сууга эритилген каймак майды, унду, тузду кошуп камыр жууруйбуз. Аны целлофан баштыкка салып, муздаткычка 30 мүнөткө салып коюу керек.
2. Даяр болгон соң атайын калып идиштерге салып, ортосуна крем куюуга боштук калтырабыз (шаардагы кожойкелер мындай токочторду ири дүкөндөрдөн сатып алышса болот). Токочторду электр мешине салып 200 градус температурада 15 мүнөт бышыруу керек.
3. Рикотта сырын, шекер упасын жана майлуулугу жогору болгон сүттү миксердин жардамы менен чалып алабыз.
4. Кремди целлофан баштыкка куюп, анын учун тешип даяр болгон токочтордун ичине куябыз. Үстүн каалаган мөмөңүз менен кооздоп койсоңуз болот. Биз райкан жалбырактары жана кызыл карагатты тандадык.

РАВИОЛИ



Камыр үчүн:

Ун
– 200 грамм
Жумуртка – 2 даана
Туз – татымына жараша

Туурамжы үчүн:

Брокколи
– 200 грамм
Шпинат – 200 грамм (1 боо)
Туз – татымына жараша

Соусу үчүн:

Эритилген каймак май сыры
– 50 грамм
Майлуулугу 30 пайыз болгон сүт (сливки) – 100 грамм
Пармезан сыры – 30 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Идишке унду, жумуртка жана тузду салып камыр жууруйбуз.
2. Брокколини кайнап жаткан сууга 1-2 мүнөткө салып чыгарып алабыз. Ошол эле сууга шпинатты 20 секундга малып, чыгаруу керек. Майдалап туурап, татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
3. Камырды 2 миллиметр калыңдыкта жайып, сиз каалагандай формада (квадрат, тегерек, үч бурчтук) кадимки чүчпаранын көлөмүндөй кылып кесип даярдайбыз.
4. Аларга туурамжыны салып камырды үстүнөн жаап, четин жабыштырасыз.
5. Казанга сууну кайнатып, ага татымына жараша туз кошобуз. Даяр болгон равиолилерди кайнап жаткан сууга салып, аралаштырабыз. Равиоли суунун бетине калкып чыгып кайнай баштаганда аларды сүзүп чыгарып алабыз.
6. Көмөч казанды отко коюп, ага майлуулугу жогору болгон сүттү жана эритилген сырды салып, кайнаганда үстүнө равиолини салып, 3-4 мүнөт кайнатасыз. Тынбай аралаштырып туруу зарыл. Камыр казандын түбүнө тартып кетпеши үчүн бир аз суу кошсоңуз да болот.
7. Даяр болгон равиолини чуңкур табакка чыгарып, сүргүчтөн өткөрүлгөн пармезан сырын үстүнө себелеп же кошумча чакан идишке салып табактын четине коюп койсоңуз болот.

"МАРГАРИТА" ПИЦЦАСЫ



Камыр үчүн:

Ун
– 350 грамм (камыр суюк болуп калса 50-100 грамм ун кошсо болот)
Жылуу суу – 1 cтакан
Кумшекер – 1 аш кашык
Ачыткы – 2 чай кашык (5-10 грамм)
Зайтун майы – 1 аш кашык
Туз – бир чымчым

Үстүнө коюу үчүн:

Моцарелла сыры (пицца үчүн дегени) – 150-180 грамм
Томат пастасы же кетчуп – 2-3 аш кашык
Помидор – 1 даана
Райкан (жашылы) – 8-10 жалбырак
Зайтун майы – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга кумшекер, зайтун майын, тузду аралаштырабыз. Эми жылуу сууга ачыткыны салып аралаштырып, ун салынган идишке куябыз. Камырды жууруп, ийлеп, көптүрүү үчүн целлофан баштыкка салып жарым саатка жылуу жерге коюп коёбуз.
2. Райкан менен помидорду жууп, суусун сарыктырып алуу керек. Камырдан бизге керектүү өлчөмдө үзүп алып, субала кылып, 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, камыр четтерин кайрып коёбуз.
3. Үстүнө алгач томат пастасын же кетчупту сүйкөп, анан зайтун майын чуурутуп куябыз.
4. Эми 250-270 градус температурада ысытылган электр мешинде 5-10 мүнөт камырды бышырабыз. Анын астына пергамент кагазын төшөп койсоңуз болот.
5. Камыр бышкыча моцарелла сырын 5-10 миллиметр, помидорду 3-5 миллиметр калыңдыкта тегерек кылып туурайбыз.
6. Даяр болгон нандын үстүнө алгач сырды, анын үстүнө помидордун кесимдерин тизип, райкан жалбырактарын таштап коёбуз. Пиццаны 5-10 мүнөткө кайра электр мешине салып чыгарабыз. Биздин "Маргарита" даяр, аны ысыгында жеген туура болот.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дасторконду Италиянын равиоли тамагы менен толтуруңуз
Кыска убакыт ичинде десерт жасоону үйрөнөбүз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Kroxa
2016-12-21 09:10:03
Пицаны жасадык го турлорун Москвада 2 жыл,Персей ресторанында иштегенимде....
+2
narime
2016-12-21 10:47:51
Жакшы идеялар экен.
Жасап кором созсуз.Кулинария менин хоббимго.
+1
glaz_almaz
2016-12-21 12:44:27
Эх, озунун уйундо "офисин" болсо, баары бар, оюна келген тамакты озгочолонтуп жасасан жолдошун менен балдарыны суйунтуп.
+6
Shirin_N88
2016-12-21 21:50:45
glaz_almaz,Менин оюму эле жазып коюпсуз ,сиздин оюнузга кошулам.
+1
defne15
2016-12-21 23:24:55
Пицца пицца 40тай турун жасайт элем.Москвада жургонумдо беш жыл мурун азыр унута баштадымго.
+2
Suluu4a
2016-12-22 03:32:42
Пицца мага жакпайт негедир. Уйдогулор алып жешсе,мен аларды карап кулсом,алар мени карап кулуп коюшат. Неге жебейсин деп....а мен кантип жеп атасынар деп койом...ха хааа
-2
Elcinor
2016-12-23 18:50:11
Пицца жасаганды билгендер же башка жакшы тамактарды даамду.жазгыла
+1
aqua-94mema
2016-12-24 17:36:51
Биз маргаритага помидорду кубик кылып туурайбыз дагы устуно кошобуз.
+2
edik-kg
2016-12-26 20:14:33
4сыра эн жакшы коргон пиццам
+1
momuntay
2017-01-29 05:18:47
Пицанын 3-4 турун гана жасап журом.
0
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан