"ТИГҮҮЧҮ КЫЗ МАЛИКАНЫ ИЗДЕЙМ"
– Бишкек шаарындагы "Лина" ишканасында 2007-2008-жылдары тигүүчү болуп иштеген Маликаны издейм. Тигүү цехинде чогуу иштеп жүргөндө үй-бүлөбүз менен катташып турчубуз. Эгер окуп калсаң байланыш, күтөм.
Алик, тел.: 0777 01 52 30
"САРДАЛ АТТУУ ЖИГИТТИ ИЗДЕЙМ"
– Бишкек шаарынын Аламүдүн районунда жашаган Сардал деген жигитти издейм. Ал Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Дарыя айылында 1980-жылы туулган. Таанып-билгендер болсо мага байланышып коюуңуздарды өтүнөм.
Дайыр, тел.: 0559 77 76 66
"САЛТАНАТ ИСМАИЛОВА ИЗДЕЛЕТ"
– 1987-жылы туулган Исмаилова Салтанат Кубанычбековна изделет. Ал ушул жылдын 11-ноябрь күнү Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бою 170-175 сантиметр, арык чырай келген, чачтары кара. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө, күрөң түстөгү кофта, кара шым жана күрөң түстөгү бут кийим. Шизофрения оорусу менен жабыркайт. Көрүп-билгендер болсо төмөндөгү телефондорго чалып, кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.
Рустам, тел.: 0705 45 05 53, 0551 08 83 30, 0773 90 94 65
"АЛМАЗ ИСАЛИЕВДИ ИЗДЕЙМ"
– Мен 1972-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган Алмаз Исалиев аттуу аскерде бирге кызмат өтөгөн досумду издейм. Биз 1990-1991-жылдары Орусиянын Балашов шаарында авиациялык кенже адистер мектебинде 3-ротада кызмат өтөгөнбүз. Алмаз, окуп калсаң мага байланышка чык.
Тел.: 0700 48 52 08
"КУРБУМ АТАСЫН ИЗДЕЙТ"
– Курбум атасын издеп келет. Атасынын аты Абдиманап Алимкулов, 1964-жылы туулган. Кара-Суу районунан Кара-Балта шаарына экинчи үй-бүлөсү менен көчүп кетиптир. Экинчи аялынан 1995-жылы туулган Бермет аттуу кызы бар болчу экен. Тааныгандар болсо бизге кабарлашып коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 89035207792
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш. Байланыш телефону: (0312) 32-33-28