БИР ИРМЕМ...

(Башталышы өткөн сандарда)

Шаардагы кафелердин биринде чачын жөнөкөй эле түз байлап алган, жасанбаган, боёнбогон, анан калса кенен спорттук жылуу кийим кийген Айдай кофе ичип отурган экен. Аны көрүүгө шашылган Элиза Айдайды укмуш бир жасанган тележылдыздай элестетип келе жаткан. Босогону аттап эле Эрлан агайынын жүрөк оорусуна айланган кызды дароо тааныды. Скайпта көрүнгөндөн да сулуу, кыйла жылдыздуу экен. Элизаны көрө сала ордунан тура калды.
– Демек, сизби Айдай?- Элиза андан көзүн ала албай турду. Айдай арык, орто бойлуу, көздөрү күлмүңдөгөн, ууртунда уячалары бар, кандайдыр бир белгисиз жагымдуулугу менен адамды өзүнө тартып турган кыз экен.
– Менмин Айдай!- күнөөкөр кишидей көздөрүн ала качты.
– Таптакыр башкача элестетиптирмин... Жасанган Голливуд жылдыздарындай, "стерва" деп атап койчу кыздардан го дегем. Жөнөкөй гана кыргыз кыз экенсиз...
Айдай жылмайып койду. Ансыз да жүзү сулуу Айдайга жылмайган куп жарашат экен. "Агай ушул жылмаюуга ашык болгон экен да" деди Элиза ичинен.
– Мен Эрланга барышым керек...
Айдайдын көздөрүндө кусалык, сагыныч чагылышып жатты:
– Мени алып бара аласызбы?
– Алып барам. Бирок эртең. Бүгүн кеч болуп калды. Билесизби, азыр абдан бетке айтма кыздай көрүнүшүм мүмкүн. Бирок мен сиз жөнүндө баарын билгим келип жатат... Сиз Эрлан агайды жакшы көрөсүзбү?
– Ооба. Мен аны ушунчалык сагынып жүргөм. Сиз байланышка чыкканда эмне дээримди билбей калдым. Биз ажырашууга аргасыз болгонбуз. Бирок өзүмдү араң кармап жүрүптүрмүн. Эрландын атын уккандан кийин бир аз ыйлап отурдум да, анан Кыргызстанга жөнөй бердим.
– Эмнеге аны таштап кеттиңиз эле андай болсо?..
– Сиз баарын билгиңиз келеби?
– Ооба.
Айдай ойлуу тартып отуруп калды.
– Сиз да Эрланды жакшы көрөсүз, туурабы?
– Ооба.
– Ал бактылуу болуш үчүн сезимдериңизди садага чабат белеңиз?
– Мен азыр да ошентип жатам.
– Мен да ошенттим. Баарын айтып берем, шашпай отуруңуз. Кофе ичесизби?
Айдай үчүн бардыгын башынан эстеп чыгуу эң жагымсыз нерсе...
Ал эс тартканы атасы Аманга жакын болуп чоңойду. Аман күн алыс үч дөңгөлөктүү мотоциклди айдап уулу менен кызын көлгө алып бара берчү. Айдай эмнегедир маркум атасын эстегенде көз алдына ошол элес тартылат. Атасы мотоциклди башкарып баратат, көкүрөгү жагжайып ачылган, жүзүндө бактылуу жылмаюу, мотордун үнү буркан-шаркан түшүп татырайт, күн чайыттай ачык. Анан бир убакта жээктен алысыраак токтотот да, уулун моюнуна мингизип көлдү көздөй чуркайт. Айдай алардын артынан кубалайт. Анда ал чачы ар убак эки өрүм болуп өрүлүп жүргөн, таң эрте ойгонгондон кеч киргенге чейин эле кыткылыктап күлө берген тентек анан назик кыз болчу.
– Айдай, алыс кетпе!- көлгө түшүп баштаганда атасы ага бир эскертүү берчү. Анда Асылбек 6 жашта, атасы ага сүзгөндү үйрөтчү. А Айдайга болсо мурда эле үйрөтүп койгон. Чарчаганча көлгө түшүшөт. Кайра көл жээгинде бир далайга чейин кумдан сепил куруп ойношот. Укмуш күндөр болчу. Ал кезде адамдардын баары боорукердей сезилчү.
Кечке жуук көл жээгинен кайра Караколду көздөй жөнөшөт. Бул убакта апасы даамдуу тамак жасап койгон болот. Жай мезгили ар убак ушундай бактылуу өтчү. Бирок Айдай 7-классты бүткөн кезде эмнегедир ошол бактылуу күндөр катарынан жаңылып кеткендей болду. Кышы бою атасы күрс-күрс жөтөлүп ооруп чыкты. Айдай ошондо жайды абдан сагынган. Жай келсе эле атасы баягыдай аларды мотоциклге салып алып көлгө алып бармак, айыгып кетмек. Кычагансып ошол жылы жаздын моюну узун болду. Кар аралаш жамгыр жаап эле күндүн көзү ачылбайт. Атасынын жөтөлгөнү токтобойт. Абдан арыктап, жылмайганы да муңдуу көрүнчү болду. Анын көздөрүндө белгисиз коркунуч бар болчу.
Бирок акыры жай келди. Күн ысып, көлгө адамдар агылып баштаган кез. Аман илең-салаң басып келип, дубалга жөлөнө көзү уялганына карабай күндү көпкө караган. Атасынын бул кылыгы Айдайга күлкүлүү сезилген. Кызынын аны карап күлүп жатканын көргөн Аман да кошо күлүп, кайдан-жайдан кайрат алып, канчадан бери от албай турган мотоциклди сүйрөп чыккан. Бир топко алышты. От алчудай эмес. Оор дем алып, кара терге түшүп алып улам от алдырганга аракет кылса да мотоциклге дем кирбей койду. Шалдайып отуруп калды. Кабагы бүркөө тартып, жер тиктеп бир далайга тынч алып калган. Эмнени ойлоду болду экен? Баягыдай ойноп-күлүп кызы менен уулун көлгө алып барып келсемби десе керек, мунусунан майнап чыкпаганда оорудан алы куруп калганына арданган чыгар. Айдай атасын аяп кетти. Жанына барып отурду. Аман кызынын саамайынан шуу жыттап, эртеси бир жакка кетчүдөй "жакшы кыз бол ээ, Айдайчик! Иниңди жакшы кара! Апаңа жардам бер! Чоң апаңдыкына бат-бат каттап тур!" деген. Кыз элес деле албаптыр, башын ийкегилеп, атасынын көңүлүн улап койгон. Көрсө, ал ажал келгенин сезген окшобойбу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Gulya21
2016-12-21 10:41:19
Super koop koopton jazgylaa
+1
Aima94
2016-12-21 12:05:28
Мынча аз 8 кун кутуп. Аягында Айдай экоо калат го
0
Munar8625
2016-12-21 13:40:32
мен акыркы
0
Romantik.
2016-12-21 13:58:31
Чето бул жума анча кызыксызго
0
ilana
2016-12-21 13:59:22
ааз го... ((
0
Ayka0696
2016-12-21 14:50:39
Бугун аябай азго кобурок жазгылачы сураныч.
0
dina-85
2016-12-21 15:21:05
Айдайдын балалыгы башталдыго...
0
barsa30
2016-12-21 15:43:31
Айдайды менда сүйүп баротат окшойм.
0
joodar1202
2016-12-21 16:06:52
Аз
0
Aibek89
2016-12-21 20:51:45
Кандайсынар суперчилер неге мынча аз жазасынар кобурок жазсанар сураныч
0
Aibek89
2016-12-21 20:55:36
Урматтуу администрация! мен кайрылганым,мен ыр жазам гезит бетине кантип чыгарсам болот?
0
Aibek89
2016-12-21 21:00:01
Ушул жазылып жаткан сериалдардын китеби барбы ким билет жооп берип койгулачы?
0
insap
2016-12-22 09:36:22
Aibek89,Ушул жазылып жаткан сериалдардын китеби барбы ким билет жооп берип койгулачы?
--------------------------
Ушул гезиттин Супер-Инфо / Жан дүйнө айдарынан еле ар жумада чыккан санын бир-бирден көчүрүп келип Wordдо сактап алсак өзүнчө китеп болуп сакталып калар...
0
meni_kut
2016-12-22 03:39:25
Мен жетимиш экинчи
0
Nurbakg91
2016-12-23 09:39:30
Ен соонун мен ен акыркы
0
abdykadyrova
2016-12-24 14:52:38
Мен жузунчу...
0
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан