2017-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Мечин жылы аяктап, тоок жылы баш бакканы турат. Босогону бойлоп турган 2017-жылы сизди эмнелер күтөрүн билгиңиз келсе, астротөлгөнү окуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)


АРСТАН-ЧЫЧКАН
Бул жыл сизден кыраакылыкты талап кылат. Документтер менен иштөөдө, алып-сатууда майда-барат нерселерге да көңүл буруңуз. Жети өлчөп, бир кескенде гана буга чейинки жеткен ийгиликтерди сактап кала аласыз. Жеке жашоодо шашылыш чечимдерди кабыл албаңыз. Дегеле бул жааттагы чечимдерди жыл аягында чечүү пайдалуу болот.

АРСТАН-УЙ
Ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр чыгуусу мүмкүн. Өзүңүздү карап, саламаттыгыңызды калыбына келтиргенден кийин гана башка иштерге киришиңиз. Жеке ишкерликте, жумушта өзүңүздүн көз карашыңызды коргой алсаңыз, каржылык жаатта ийгилик күтүлөт. Жеке жашоодо олуттуу чечимдерди кабыл алууга туура келет.

АРСТАН-ЖОЛБОРС
Жумушка байланыштуу же өзүңүздүн демилгеңиз менен саякаттарга чыгууңуз күтүлөт. Тобокелчиликтерге баруу сунушталбайт, өзүңүзгө муш болуп тийип, көйгөй жаратышы мүмкүн. Өтө чоң ийгиликтерди күтүп болбойт, ошого жараша чоң жеңилүүлөргө да учурабайсыз. Ден соолукту чыңдап алуу үчүн жакшы жыл болот.

АРСТАН-КОЁН
Көптөгөн пайдалуудай сезилген сунуштар түшөт. Баштан өткөн тажрыйбага, билгениңизге гана таяныңыз. Себеби бул жылы жаңы чөйрөгө, мурда иштеп көрбөгөн жумушка которулуп, кыйналып калуу мүмкүнчүлүгү бар. Жыл ортолоп жумушта да, жеке жашоодо да жакшы жакка карай өзгөрүү башталат.

АРСТАН-БАЛЫК
Жасалчу иштердин баары оңойдой сезилип, бийиктиктерди багынтууга бел байлайсыз. Бирок сиз күткөн жеңиш колуңузга тийбейт. Көп күчүңүздү жоготосуз. Жеке жашоодо сиз тараптан болгон бой көтөрүүчүлүк мамиленин муздашына алып келиши ыктымал. Көйгөйлөргө кептелип калбоо үчүн жакын адамдар менен кеңешип туруу сунуш кылынат.

АРСТАН-ЖЫЛАН
Бул жылы сиз жасаган нерселер кийин да өзүңүзгө көп кызмат кылат. Демек, үй куруп же унаа сатып алууга эң ыңгайлуу жыл. Убакытты текке кетирбеңиз. Көйгөйлөр, маселелер болбой койбойт. Аларды чечип жатып үй-бүлөңүздө ынтымак, ишеним бекемдейт. Жыл аягында жан дүйнөңүз тынч алып, эс аласыз.

АРСТАН-ЖЫЛКЫ
Жумуштар абдан көп болгонуна карабай, жакшы эс алуу күтүлөт. Андан кийин мурункудан да күжүрмөндүк менен иштеп баштайсыз. Адилеттүүлүккө көп ишенбеңиз. Бардыгы сизге каршы болгондо да, өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды коргой билиңиз. Өжөрлүк менен бардык көйгөйлөрдү басып өтсөңүз, жыл аягында чоң ийгилик күтөт.

АРСТАН-КОЙ
Өзгөрүүлөргө бай жыл болот. Балким, үй саласыз же башка жакка көчөсүз. Жаңы таанышуулар, жаңы чөйрө күтөт. Кам санабаңыз, барган жерде сиз сыйлуу кишиге айланасыз. Активдүү болуп, бардык жерде жетишүүгө аракет кылып, көп нерсени үйрөнүңүз. Антпесе жылды пайдасыз ишке коротуп алуу коркунучу да бар.

АРСТАН-МАЙМЫЛ
Жылдын экинчи жарымында ден соолугуңуз солгундап кетиши ыктымал. Ага чейин күчүңүз ашып-ташып, көптөгөн максаттарды ишке ашыра аласыз. Жеке жашоодо бардыгы ойдогудай болушу күтүлүүдө. Күйөрмандарыңыз көбөйөт. Жаңы сезимдерге туш болуп, түгөйлүү болушуңуз толук ыктымал.

АРСТАН-ТООК
Сизди колдоочулар көбөйөт. Жумушта да, үйдө да. Мунун баарына жооп кылып, сиз да жардам берүүгө ашыгыңыз. Көпчүлүгү бул жылы сизге суктанышат. Ийгиликке чөмүлөсүз. Болгону көөп кетпеңиз. Жеке жашоодо өжөрлүк менен сүйүктүүңүздүн жүрөгүн ээлей аласыз.

АРСТАН-ИТ
Көптөн берки мээнетиңиздин акыбети кайтып, жасаган ишиңиздин жемишин татасыз. Дагы ийгиликтерди багынтууга шарт түзүлөт. Чоң сүйүүгө жолугуу мүмкүнчүлүгү да жогору. Карыз алуудан, акчаны эсепсиз коротуудан алыс болуңуз. Анткени бул жылы каржылык жаатта өйдө-төмөн кырдаал болуп турат.

АРСТАН-ДОҢУЗ
Бардык тармакта олуттуу чечимдерди кабыл алууга туура келет, жеке жашоодо да. Бул жылы сиз алсыздарды коргой билген каарманга айланасыз. Бирок ишенчээктигиңизден пайдаланып кетчүлөр да табылат. Кыйынчылыктардан коркпоңуз, бул жылы сиз жеңиш үстүндө болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)


БИЙКЕЧ-ЧЫЧКАН
Жакшы көргөн адамыңыз же жакын досуңуз сизге чыккынчылык кылышы мүмкүн. Жаңы иш баштоого же өзүңүздү өзгөртүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бирок ийгиликтер дароо келет деп күтпөңүз. Өзүңүздү, айланадагы адамдарды бул үчүн күнөөлөбөңүз. Сиздин жеңиштердин убактысы бул жыл эмес.

БИЙКЕЧ-УЙ
Жыл башында өзүңүзгө келе албай жүдөйсүз. Бирок бара-бара бардыгы ордуна келет да, жыл ортолоп сиздин күчүңүз ашып-ташып, ойлогон ойлоруңуз орундала баштайт. Жылуу сезимдерди, өзгөчө ачылыштарды алып келчү жаңы таанышууларга дуушар болосуз. Өйдө-төмөн кырдаалдар жыл бою коштоп турат.

БИЙКЕЧ-ЖОЛБОРС
Жаңы таанышуулар жагымдуу сезимдерди алып келет. Ырахаттанып калыңыз. Жаз айларында ден соолугуңуз солгундап кетүүсү ыктымал. Бирок ушул учурда сиз үчүн пайдалуу сунуштар жаай баштайт. Сиз үчүн эмне маанилүү? Жумушпу же ден соолукпу? Туура тандоо жасаңыз.

БИЙКЕЧ-КОЁН
Бардык жаатта туруктуулук пайда болот. Жеке жашоодо да, каржылык жаатта да. Эмгекчилдигиңиздин арты менен бардыгын мурункудан да жакшыртып аласыз. Бул жылы маңдайга жазылган келечектеги түгөйүңүз менен жолугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ал адам сиздин эски таанышыңыз болушу да мүмкүн.

БИЙКЕЧ-БАЛЫК
Каржылык жаатта толуктоолор күтүлөт. Акча табуунун жаңы жолун ойлоп табасыз да, бул нерсе кийин кызыктуу ишке айланат. Айрым учурда кээ бир сунуштардан баш тартканыңыз оң. Себеби убактыңыз бекер короп, сиз үчүн пайдасыз болот. Жыл ортосунда башталган жылуу мамилелер узакка созулбайт.

БИЙКЕЧ-ЖЫЛАН
Жумушта кесиптештериңиз менен тил табышуу оорлойт. Бирок канткен күндө да, сиз карьералык секирик жасайсыз же жумушта олуттуу ийгилик жаратасыз. Тобокелчиликке барып, өз ишиңизди ачууңуз мүмкүн. Жакын адамдар менен таарынышып, айрымдарынан көңүлүңүз калуусу мүмкүн.

БИЙКЕЧ-ЖЫЛКЫ
Баш айланткан сүйүүгө жолугасыз. Бирок бардыгы сиз ойлогондой болбойт. Ар убак акыл калчап туура тандоо кылганды билиңиз. Антпесе көп жылдардан бери келе жаткан мамилелерди жоготуп алуу коркунучу бар. Жумушта көп ийгиликтер коштойт. Бирок ага карабай үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруңуз.

БИЙКЕЧ-КОЙ
Сиз үчүн жакшы жылдардан болот. Жакындарыңыздын, кесиптештериңиздин кызыкчылыктарын эске алсаңыз, ийгиликтерди багынтасыз. Бирок канчалык көп акча тапсаңыз да аларды чогулта албайсыз. Андыктан эс алууга, көңүл ачууга каражат аябаңыз.

БИЙКЕЧ-МАЙМЫЛ
Жакын адамдарыңыздын айрымдары менен кол үзүшүүгө туура келет. Өзүңүз күтпөгөн маалда бакыт кушу колуңузга конушу ыктымал. Таасирдүү адамдар менен таанышып, алардын жардамы менен ийгиликтерге жетүүңүз мүмкүн. Үй-бүлөгө, балдарга көбүрөөк көңүл буруңуз.

БИЙКЕЧ-ТООК
Бул жылы баштаган иштериңиз да, таанышуулар да келечектүү болот. Жыл ичинде майда-барат көйгөйлөр көп болгонуна карабай, позитивдүү маанайда жүрөсүз. Көптөн берки кыялданып жүргөн иштериңиз ишке ашып, кубаныч тартуулайт. Жыл аягында көз карашыңыз окшош адамга жолугасыз.

БИЙКЕЧ-ИТ
Үй-бүлөлүү болсоңуз, буга чейин жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө туура келет. Жалгыз жүргөндөр үй-бүлө куруу тууралуу ойлоно башташат. Жеке жашоодогу маселелерден улам жумуш солгундашы мүмкүн. Ага карабай керектүү тааныштардын жардамы менен ишиңиз алдыга жылып, капчыгыңыз калыңдайт.

БИЙКЕЧ-ДОҢУЗ
Негизги максатыңызды анык коюп алыңыз. Ар кайсы майда-барат иштерге алаксый турган болсоңуз, өзүңүз канааттанар бир да иш бүтүрбөй калууңуз ыктымал. Мындай болгон тапта каржылык жааттан аксап, кыйналышыңыз мүмкүн. Көнгөн жылуу ордуңуздан козголуп, эмгектенсеңиз, акыбети кайтат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

ТАРАЗА-ЧЫЧКАН
Акчаңыз азайбайт. Бирок көбөйүп да кетпейт. Үй-бүлө же жакын адамдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Жумушта, жеке жашоодо чукул бурулуштар болушу мүмкүн. Мунун айынан мурда жасабаган нерсени жасайсыз. Жеңил ойлуулукка алдырып, сизди барктай албаган адам менен мамиле куруп калышыңыз ыктымал.

ТАРАЗА-УЙ
Көп күчтү, убакытты талап кылчу жумуштарга быйыл киришпей турганыңыз туура болот. Кетирген каражатыңыз пайда алып келбей стресске кабылууңуз ыктымал. Бул жылы өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Ага карабай тагдыр сизге жагымдуу белектерди берип турууну унутпайт. Кам санабаңыз.

ТАРАЗА-ЖОЛБОРС
Бул жылы сизди сыйлаган жана жакшы көргөн адамдар көбөйөт. Мунун аркасында кызматтык тепкичте жогорулап же капчыгыңыз калыңдашы мүмкүн. Бирок каражатты ыгы менен пайдаланбаса, аз өтпөй кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Максаттарга жетүүдө башкалардын тажрыйбасын колдонууга туура келет.

ТАРАЗА-КОЁН
Жыл башында көптөгөн ой-тилектерден баш тартууга туура келет. Мунун ордуна жакын адамдарыңыз кабылган көйгөйлөрдү чечесиз. Жардамыңызды аябаңыз, алар сизге муктаж болушат. Жыл этегинде баштаган иштериңиз ийгиликтүү болуп сизди кубантат.

ТАРАЗА-БАЛЫК
Бул жылы жумуш которууну, башка жакка көчүүнү мерчемдейсиз. Бул үчүн сизде жетиштүү энергия да болот. Бирок тобокелчиликке барбаңыз. Андан көрө жакын адамдардан кеңеш алыңыз. Адамдар менен мамилени оңдоңуз. Ошондо гана ийгилик жаралышы мүмкүн.

ТАРАЗА-ЖЫЛАН
Туугандар жана кесиптештер менен тил табышуу оорлойт. Бирок дипломатиялык жүрүштөр, туура кадамдар менен гана сизде кызматтык жогорулоо орун алып, материалдык абалыңыз жакшырат. Канчалык тынчтыкка жакын болсоңуз, ошончолук ийгилик коштомокчу.

ТАРАЗА-ЖЫЛКЫ
Өзүңүз көксөп жүргөн жумушка орношуу кыялы орундалат. Бирок мунун артында материалдык абалыңыз жакшырат деп айтуу болбойт. Жеке жашоодо мамилелерди оңдоого, жакшы көргөн адамдын колун суроого ыңгайлуу жагдайлар түзүлөт. Үлпөт тойду же мааракени жыл аягына мерчемдеген оң.

ТАРАЗА-КОЙ
Жеке жашоодо кулак-мурун кескендей тынчтык орун алат. Бул жыл сиз үчүн сүйүүдө эмес, карьерада ийгилик жасоочу жылдардан. Канчалык көп эмгектенсеңиз, ийгилик жаратуу мүмкүнчүлүгү ошончо жогорулайт. Жыл ортолоп эмгегиңиздин акыбети кайтат. Жеке ишкерлик менен алектенүүгө эң ыңгайлуу жыл.

ТАРАЗА-МАЙМЫЛ
Алтынчы сезимиңиз сизге туура жол көрсөтөт. Ошол жолдон тайбай эмгектене бериңиз. Окуп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө туура жагдай түзүлөт да, аз өтпөй алган билимиңиздин пайдасын көрүп баштайсыз. Көп суммадагы каражатты жаңыдан башталган ишкерликке салуудан же карызга берүүдөн сак болуңуз. Сиз үчүн пайдасыз.

ТАРАЗА-ТООК
Жеке жашоодо да, жумушта да бардыгы ойдогудай болот. Бирок ага карабай кусаланып, жашоодон жаңы нерсе издеп баштайсыз. Мунун айынан депрессияга кабыласыз. Жакын санаалаш адамдар карызга көп акча сурашат. Бериңиз, кайра сизге эки эсе болуп кайтат дешет жылдыздар.

ТАРАЗА-ИТ
Ден соолукка кам көрүңүз. Кайдигерлик саламаттыгыңыздын солгундашына алып келет. Сиз менен жөн гана пайда көздөп достошуп жүргөн "досторуңуз" менен мамилени үзөсүз. Каражатты туура багытта колдонуп, олжолуу болосуз. Бирок тобокелчиликтерге барбаңыз.

ТАРАЗА-ДОҢУЗ
Үй-бүлөдө, жеке фронтто тынчтык болгондо гана сиз ийгиликке жетесиз. Жумушта туура эмес келишимдер, көйгөйлөр сизди кыйгап өтөт. Болгону жүрөгүңүздү уга билиңиз. Жыл ортолоп кошумча каражат табуу үчүн жакшы идея жаралат. Убакытты өткөрбөй ишке ашырыңыз, ийгилик коштойт.

ЧАЯН (24.10-22.11)

ЧАЯН-ЧЫЧКАН

Жашоосун өзгөртүүгө бел байлагандарга бул жыл чоң мүмкүнчүлүк берет. Мурда коркуп баштай албай жүргөн иштериңизди быйыл жасасаңыз, жемиштүү болот. Санаалаш, сиз менен бир пикирде болгон адамдарды айланаңызга топтой аласыз. Жеке жашоодо бардыгын өз колуңузга алыңыз. Үй-бүлөлүк көйгөйлөр сиздин күчүңүз менен чечилет.

ЧАЯН-УЙ
Абдан кызыктуу окуяларга бай, бирок оор жылдардан болот. Өзүңүздөгү терс мүнөздөрдөн арылууга аракет кылыңыз. Ойлоруңузду ишке ашыруу үчүн ар кандай адамдар менен мамиле курууга даяр болуңуз. Антпесе каржылык жаатта кыйынчылык болушу мүмкүн. Ден соолукка кам көрүүгө туура келет.

ЧАЯН-ЖОЛБОРС
Канчалык көп иштесеңиз, ошончолук көп тиштейсиз. Бул жыл сиздин билек түрө иштешиңизди талап кылат. Кызматыңызга байланыштуу жол жүрүүлөр көп болот. Бош убактыңыз абдан аз болгондуктан, жеке жашоодогу маселелерди түгөйүңүзгө жүктөп коёсуз.

ЧАЯН-КОЁН
Канчадан бери жасап келген иштериңизден баш тартып, жаңы жашоо баштоого камынасыз. Бул жылы чоң ишке да, кичине ишке да кол тийгизсеңиз, анын өтөсүнө чыга аласыз. Оптимист болуңуз. Бирок өтө эле ишенчээктиктен алыс болуңуз. Сизди көрө албай жүргөн адамдар күтүлбөгөн жерден бут тосушу мүмкүн.

ЧАЯН-БАЛЫК
Жыл башында өзүңүз үчүн эс алууга убакыт бөлүңүз. Болушунча көндүм болуп бүткөн жерлерден алысыраак барып эс алып, ден соолукка кам көрүңүз. Антпесе жыл ортолоп өзүңүздү жаман сезип, абалыңыз кыйындашы мүмкүн. Сизге көз карашы түз эмес адамдар жумушта бут тосушу мүмкүн.

ЧАЯН-ЖЫЛАН
Жеке мамилелер, жүрөккө жакын адамдар менен карым-катнашты жыл бою калыпка салып турууга аргасыз болосуз. Себеби сизге таарынгандар көбөйөт. Алар менен жарашууну эртелеткениңиз оң. Анткени сиздин каржылык абалыңыз адамдарга болгон мамилеңизден көз каранды болот.

ЧАЯН-ЖЫЛКЫ
Сиз бул жылы баарына керек болосуз. Жардам күткөн кишилер четтен чыгат. Бирок бул сизге кубаныч алып келбейт. Чарчайсыз. Андыктан маанилүү эмес жумуштарды токтотуп, билимди тереңдетүүнү ойлонуңуз. Өзүңүзгө гана ишениңиз. Башкалардан жардам күтүү пайдасыз жорук.

ЧАЯН-КОЙ
Саякаттоо, кызматтык сапарлар көп болот жана бул өз кезегинде сиздин карьераңызга жакшы таасирин тийгизет. Жаңы таанышуулар абдан пайдалуу болот. Капчыгыңыз калыңдайт. Кандайдыр бир кечеде же кызматтык жолугушууларда түгөйүңүздү таап калуу мүмкүнчүлүгү жогору.

ЧАЯН-МАЙМЫЛ
Кайраттуулук, өжөрлүк талап кылган иштердин баарына аралаша берсеңиз болот. Сизди ийгиликтер күтөт. Айрыкча каржылык жаатта жолдуу болосуз. Үй салып же унаа сатып алууңуз мүмкүн. Жаныңызда сиз ишенген, жүгүңүздү жеңилдетчү адам пайда болору күтүлүүдө.

ЧАЯН-ТООК
Жашооңузду өзгөртүүнү мерчемдейсиз. Бирок жакын адамдарыңызга бул жакпайт. Шашпай туруңуз. Бул жыл сиз үчүн ийгиликтүү болору күтүлүүдө. Иштеген кызматыңызда жогорулайсыз. Сизди колдогон таасирдүү адам пайда болот. Жылдын экинчи жарымында анча-мынча көйгөйлөрдүн баары чечилип бүтөт.

ЧАЯН-ИТ

Ар кандай майда-барат маселелер менен катар чоң көйгөйлөр күтүлөт. Мунун айынан мүнөзүңүз катаалданышы мүмкүн. Өзүңүзгө болгон ишеним азаят. Чоң иштерди баштабай туруңуз. Андан көрө үй-бүлөгө, жакын адамдарга көңүл буруңуз.

ЧАЯН-ДОҢУЗ
Сиз үчүн абдан жакшы жыл. Жашооңузда маанилүү орунду ээлей турган адамга жолугасыз. Жылдын экинчи жарымында чет өлкөгө чыгып келүүгө мүмкүнчүлүк болот. Негизинен бул жыл сизден жаңычылдыктарды күтөт. Баштаган ишиңиз жемиштүү болот.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg


(Жаачы, текечер, суу куяр, балык белгисинин алдында туулгандардын 2017-жылга карата астротөлгөсү кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан