MEGACOM 2016-ЖЫЛЫ: 4G ЖОГОРКУ ЫЛДАМДЫКТАГЫ ИНТЕРНЕТТЕН ТАРТА "РИО-2016" ОЛИМПИАДАСЫНА ЧЕЙИН

Өлкөбүздүн ири мобилдик операторунун калкты сапаттуу байланыш менен камсыздап келе жатканына быйыл 10 жыл болду. Бул аралык ичинде мамлекеттин алыскы калктуу конуштарына чейин байланыш түйүнү менен камсыздап, миллиондон ашык кардарлардын талаптарына жооп берип келет. 2016-жылы MegaCom алгачкылардан болуп 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын киргизип, телекоммуникация тармагынын көч башында экендигин тастыктады.

"АР БИР АБОНЕНТ МААНИЛҮҮ. АЛАР ҮЧҮН КҮРӨШҮП ИШТӨӨ КЕРЕК"

Ири мобилдик компаниянын жетекчиси белгилегендей, жаңы технологиялардын өнүгүшү мобилдик компанияларга өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Азат Базаркулов, MegaCom компаниясынын башкы директору:
– MegaCom компаниясы дагы бир жыл ийгиликтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жигердүү көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Бул компаниянын ар бир кызматкеринин жетишкендиги. 2016-жылдын 12 айына карата түшкөн пайданын суммасы болжолдуу түрдө 7 миллиардга жакын сом өлчөмүндө болсо, мамлекетке салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр 1 миллиард 504 миллион сомду түзмөкчү. Мамлекеттин казынасына төлөнгөн төлөмдөр боюнча биздин компания бир канча жылдан бери эң жогорку көрсөткүчкө ээ.
Дүйнө жүзүндөгү жаңы технологиялардын өнүгүшүнүн таасири мобилдик компанияларга тийбей койгон жок. Айтсак, заманбап смартфондордун кулач жайышы менен интернет мессенжерлерди колдонуу популярдуу болуп келет. Андыктан, MegaCom 2016-жылы абоненттерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылууну башкы максат кылды. Бул жылы Кыргызстандын Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясы ишке киргизилип, кардарлар үчүн ыңгайлуу жагдайлар түзүлдү. Ар бир абонент маанилүү. Алар үчүн күрөшүп иштөө керектигин компания түшүнөт. Мындан тышкары быйылкы жылы MegaCom хоккей боюнча "Азия чакырык кубогу", "Рио-2016" Олимпиадасына аттанган спортчуларга жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы өнөктөшү жана демөөрчүсү катары иш жүргүзүп, коомдук иш-чараларга активдүү катышууну улантууда.

"АР БИР ҮЙДӨ САПАТТУУ БАЙЛАНЫШ ЖАНА ИНТЕРНЕТ БОЛУУСУ БИЗДИН МАКСАТ"

Батырбек Жумабеков, компаниянын техникалык директору:
– MegaCom уюлдук оператору була-оптикалык байланыш линиясын куруу менен байланыш сапатын күчөтүп, өлкөнүн калктуу конуштарынын дээрлик 99 пайызын камсыздайт. 2016-жылы Бишкек-Балыкчы-Нарын, Жалал-Абад-Ош магистралдык линиясын куруу толугу менен аяктап, ишке киргизилди. Мамлекетибиздеги акыркы окуялардан улам интернет менен камсыз кылуу үчүн Кытай өлкөлөрүнүн чек аралаш аймактарында туташтыруучу жеке оптикалык түйүндөрдү куруу пландалууда. Ар бир үйдө сапаттуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет болуусун башкы максат кылып келебиз. Бул жааттагы иштер келерки жылдары улантылат.

"АРЗАН ЖАНА ЫҢГАЙЛУУ ТАРИФТЕРДИ ЧЫГАРУУНУ УЛАНТАБЫЗ"

Нурбек Ишекеев, компаниянын коммерциялык директору:
– 2016-жылы MegaCom абоненттердин талабына жооп берген, ыңгайлуу тарифтерди жана акцияларды уюштурду. Мисалы, "Ар дайым интернет" тарифи азыркы учурга ылайык келип, интернетти көп колдонгон абоненттер үчүн төп келет. Белгилей кетчү жагдай, өткөн жылга салыштырмалуу интернет-трафик 2,5 эсеге өстү. Бул 4G LTE түйүнүнүн, жаңы тарифтер жана акциялардын киргизилишине байланыштуу. Бүгүнкү күндө 1 МБ интернеттин наркы 5 тыйындын тегерегинде, бул мурунку жылга салыштырмалуу 2 эсе арзан. Ошондой эле 4G-роутер, 4G-модемдер сатыкка чыгып, кардарлардын интернетке чыгуусуна ыңгайлуу болду. MegaCom`дун өздүк сайты жаңыланып, анда колдонуучулар чалууларын жана интернетке сарпталуучу чыгымдарын көзөмөлдөй алышына мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Адилет Керимбек уулу


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан