ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

БУРАК ӨЗЧИВИТ "ТҮБӨЛҮКТҮҮ СҮЙҮҮ" СЕРИАЛЫ БҮТКӨНДӨ ҮЙЛӨНӨТ


Түрк актёру Бурак Өзчивит учурда "Түбөлүктүү сүйүү" (Kara Sevda) сериалынын 2-сезонуна тартылып жүргөнүн билебиз. 32 жаштагы актёр аталган сериал бүтсө эле сүйүктүүсү актриса Фахрийе Эвженге баш кошору маалымат булактарында айтылууда. Актёр үйлөнүү тоюн орозо айына туштап, белгилеп коюптур. "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы да ошол айларга барып бүтөрү болжолдонууда. Кызыгы, Бурак Өзчивит Фахрийенин ата-энеси жашаган Германиянын Золинген шаарына барып, үлпөт тоюн жакындарынын курчоосунда ошол жактан өткөрөт дешүүдө.

КЛИНТОНДУ КОЛДОГОН КАНЬЕ УЭСТ ТРАМП МЕНЕН ЖОЛУКТУ


Америкалык рэп ырчысы Канье Уэст учурда жубайы Ким Кардашьян менен араздашып жүргөнү белгилүү. Убактылуу эки бөлөк жашап жаткан түгөйлөр АКШдагы президенттик үгүттөө иштеринде Хиллари Клинтондун кампаниясында каражат топтогон. Бирок, Канье жакында эле Дональд Трамп менен жолугуп көпчүлүктүн сынына кабылды. Кала берсе жеке концертинде Трампты колдой турганын жар салган. Ырчынын бул кадамын айрымдар "Канье жубайы Ким Кардашьянга өчөшүп ушундай жорукка барды же кийинки президенттик шайлоодо өзү талапкерлигин коюуга камданууда",- деп жорушкан. Ырчы Трамп менен жолукканда журналисттердин суроолоруна жооп бербей, "бизди сүрөткө тартышыңарды эле каалайм" деп тим болгон.

ДЕМИ МУР ТОБИ МЕНЕН МАМИЛЕСИН ЖАҢЫРТТЫ

Акыркы күндөрү интернет ааламында белгилүү актриса Деми Мур "Жөргөмүш адам" тасмасынын жылдызы Тоби Магуайр менен эски мамилелерин жаңыртканы айтылууда. Дегенибиз, Голливуд жылдызынын 2002-жылы Тоби менен кыска сүйүү романы болгон экен. Тоби Магуайр жакында 9 жыл чогуу жашаган жубайы менен ажырашып, жашоосундагы оор мезгилди өткөрүп жатканынан кабардар болгон Деми Мур экс-сүйүктүүсүн моралдык жактан колдоо максатында, өзү биринчи коңгуроо кылганы айтылат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ayka0696
2016-12-21 15:10:38
Бурак Озчмви суйгону менен бактылуу болсун.
0
Koshaly
2016-12-21 18:01:55
Канье Уэст пиар кылып атат го дейм
0
NURTILEK_KG
2016-12-22 18:18:03
кызыгы жок мен учун
0
joni98
2016-12-24 21:20:25
Бурак Озчивит красавчик го бойдок экенда
0
gulperi.kg
2016-12-27 01:13:09
Бурак соонун жигит да
0
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан