«No name» командасы «Тамашоудо» ойнобой калса да, акыркы кезде команданын фишкасы болгон Икрам Юлдашевди сурагандар көп болууда. Мурат Жалиев "Икрам арак ичип, жүрүм-туруму начар болуп командадан кеткен" деп маек берген эле. "Айткандай эле Икрамды көп көрбөй калдык. Кайда жүргөнүнөн кабар алып бересиздерби?" деп бир топ окурман кайрылды. Күйөрмандарынын суроосу боюнча ага байланышканыбызда учурда үй-бүлөсү менен Түркияда жашап жаткан тамашоучу эмнеге командадан кеткенин жана эмне менен алектенип жүргөнүн айтып жаңылыктары менен бөлүштү.
"Топтун ичинде адилеттүүлүк сакталбай калгандан кийин Эмил (ред. Токтошев) экөөбүз бөлүнүп "No name" болуп сахнага чыгып жүргөнбүз. Бирок ортодо чыгармачылыкта тыныгуу жасап, окуумду улантууну чечтим. Учурда командадагы жигиттер тамада болуп тиричилик кылып жатышса, мен Түркияда магистрликти жактап жүрөм",- дейт.