Кайрат Примбердиев "Голос" теледолбоорунун чейрек финалында "Я спросил у ясеня" аттуу чыгарманы жогорку деңгээлде аткаруу менен калыстардын купулуна толуп, жарым финалга жолдомо алды. "Жарым финалга өткөнүм күтүүсүз болду. Насаатчым Дима Билан мага жогору баа берет деп күткөн эмесмин",- деген ырчы таймаштын кийинки этабына кызуу даярдык көрүп жатканын билдирди. "Жарым финалда ат салышчу атаандаштарымдын баары таланттуу. Бирок өзүм финалга жетем деп ойлоп жатам. Мага калыстардын бардыгы жылуу пикирин айтышууда. Айрыкча Леонид Агутин колдоп жатат",- деп билдирди Кайрат Примбердиев.