Mc_doncha каймана аты менен белгилүү болгон вайнер Данияр Токтомаметов Орусиянын белгилүү телеалпаруучусу Андрей Малаховдун "Пусть говорят" ток-шоусунда конок болду. Ток-шоуго интернетте белгилүү болгондор катышып, тартылуу учурунда Орусиянын ырчылары, шоумендери менен таанышканын Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты. Ошондой эле рэп ырчысы Тимати менен өзү чыгарган "Слёзы текли вверх" ырын чогуу ырдашып, социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Ал видео интернет колдонуучуларынын кызыгуусун арттырып, миллиондогон көрүүчүлөрдүн башын бириктирди.