Гүлзада Рыскулова үчүн маймыл жылы жемиштүү болду. Чыгармачылыктагы эмгегинин акыбети кайтып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Өнөр жаатында эле өргө кетпестен, жеке жашоосунда дагы толуктоо болуп, 9-декабрда балканактай наристелүү болду. 3 уулдун энеси болуп, кубанычка тунуп турган ырчыны куттуктап, наристенин абалын сурадык. "Уулума азырынча ысым тандай элекпиз. Үйгө чыгып келгенден кийин ортончу балабыз Курманбек бөбөгүнөн мени кызганып ыйлап жатат. Анын айынан эки бөлүнүп жашап жатабыз",- дейт ырчы күлүп.