ГИРУДОТЕРАПИЯ ЖЕ СҮЛҮК МЕНЕН ДАРЫЛОО

Адамзат тарыхында байыркы мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейин сүлүк менен дарылоо кеңири колдонулуп келет. Сүлүк менен дарылоонун сырлары, артыкчылыгы, кандай ооруларда колдонула тургандыгы жаатында гирудотерапия боюнча адис Эркинбек Кадыркулов баяндайт.

ТАРЫХЫНАН
– Гирудотерапия латындын «hirudo» – «сүлүк», «therapy» – «дарылоо» деген сөзүнөн алынган.
Сүлүк менен дарылоо байыркы ыкмалардын бири. Аны алгачкы колдонуучу болуп байыркы грек табыбы Никандр (биздин доорго чейинки 200-130-ж.ж.) эсептелет. Гирудотерапия тууралуу Гиппократ, Гален, Авиценна да өз эмгектеринде жазып калтырышкан. Байыркы Египет пирамидаларында да оорулууну сүлүк менен дарылап жаткан сүрөттөр сакталып калган.

УЧУРДА...
– Учурда дарылоого медициналык сүлүктөр гана колдонулат. Алар атайын биофермаларда багылып, өстүрүлөт. Өңдөрү кара, күңүрт күрөң, күрөң, кочкул жашыл жана башкача болот.
Тамак катары мал союлуучу жайлардан алынып келинген уюган таза кандар берилет. Болгондо да оорусу жок, таза малдын (бодо жана майда мал) уюган каны. Дарылоого адатта жашы 1-1,5 жаштагылар колдонулат. Бул убакта алардын салмагы 1-1,5 граммды түзүп калат. Дарылоодо сүлүктөр 1 гана жолу колдонулуп, анан жок кылынат. Сүлүктөр кышында уйкуда болгондуктан, тиштебейт. Башкача айтканда, кышында сүлүк менен дарылоо убактылуу токтотулат. Жаз, жай, күз сүлүктөрдүн активдүү мезгили болгондуктан, дарылоодо колдонулууга өтөт.

КАНДАЙ ООРУЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?
– Сүлүк менен дарылоо медицинада кеңири колдонулат.
Гинекология (метроэндометрит, кольпит, жатындын миомасы, мастопатия, эн безинин сезгенүүлөрү, климакс ж.б.);
урология (заара жолдорунун таш оорулары, урук чыктагыч бездин сезгениши, урук чыктагыч бездин аденомасы);
неврология (остеохондроз, миозит, куяң, шакый, неврит, невроз, невралгия, кан басым оорулары ж.б.);
эндокринология (кант диабети, богок, семирүү);
дерматовенерология (безетки, демодекоз, псориаз, нейродермит, экзема);
кардиология (атеросклероз, стенокардия);
пульмонология же өпкө оорулары (бронхит, бронхиалдык астма);
гастроэнтерология (гепатез, холецистит, панкреатит, гастрит);
ревматология (ревматоиддүү артрит, склеродермия);
хирургия (тромбофлебит, варикоз);
проктология (геморрой);
ЛОР оорулары (отит, кереңдик) жана башка ооруларда.

КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?
– Гемофилияда (кан начар уюй турган оору);
анемиянын оор түрүндө;
гипотонияда (артериалдык кан басымдын төмөндүгү);
кош бойлуулукта;
организмге сүлүк менен дарылоо жакпаса.

СЕАНСКА ДАЯРДЫК
– Сүлүк биологиялык активдүү чекиттерге коюлат. Ошондуктан гирудотерапия ийне менен дарылоо ыкмасына теңтайлаша алат.
Дарылануу сеансына келе турган адам ал күнү ваннага түшпөй, самын менен жуунбай, косметика жана атыр колдонбой келиши керек. Ошондой эле сеанс алдында 3-4 саатка дейре тамеки чекпөөсү кажет. Анткени адамдын табигый жытынан башка жыт чыкса, сүлүк денеге жабышпай, кан сорбой коёт. Сеанска келген адамдын сүлүк коюла турган жери алгач спирт сиңирилген тампон менен тазаланат. Бул микробдорду жок кылып, жыт-жыбырларды да кетирет. Анан ошол эле жер таза, ысык сууга нымдалган тампон менен тазаланып, сүлүк коюлат.

СЕАНСТЫН ЖҮРҮШҮ ЖАНА ДАРЫЛОО ЖӨ­НҮНДӨ
– Сүлүк алгач соро турган жерге жабышып, терини 1,5-2 миллиметр тереңдикте тиштейт. Ал тиштеген жерге шилекейи кирет. Шилекейинде 150 түрдөн ашык пайдалуу заттар бар. Алардын ичинен кандын уюшуна каршы дарылык касиетке ээ гирудин ферментин жана бактерияга каршы заттарды бөлүп көрсөтүүгө болот.
Дарылоонун натыйжасында органдардын кан менен жабдылышы жакшырып, иммунитет көтөрүлүп, оору басаңдайт. Шишик таркап, сезгенген жер айыгат. Артериалдык кан басым менен организмдеги зат алмашуу процесси калыптанып, уюган кан менен залалсыз шишиктер сорулуп кетет. Кант диабети барлардын канынын курамындагы канттын деңгээли төмөн түшөт.
Дарылануудан соң маанай көтөрү­лүп, адам өзүн жакшы сезип, иштөө жөндөмдүүлүгү артат. Оорулуу жөнү жок ачуулануу, бир нерселерден коркуу абалынан арылат.

БИР СҮЛҮК 15-20 ГРАММ КАН СОРОТ
– Сүлүк бир жолкуда 15-20 граммга чейин канды соро алат. Сеанс 30-45 мүнөткө чейин созулат. Ал учурда сүлүк башка жакка жылып кетпешине көз салып турабыз. Тиштеп, соргон жерде кичинекей жаранын орду калат.
Кан соруп жаткан сүлүктү денеден күч менен алып салууга болбойт. Анткени жаагы жулунуп, денеде калып калышы мүмкүн. Кан соруп бүткөн сүлүк өзү эле тоголонуп түшөт. Кокус аны убактысынан мурун алуу керек болсо, анда сүлүктүн денесине туз себелөө же уксус сүртүү жетиштүү. Айта кетчү нерсе, биз сүлүктөрдү Москва шаарынан заказ менен алдырабыз.
Дарылоо курсу оорунун диагнозуна жана оор же жеңил экендигине карап, 3 же 4 сеанстан турат. Зарылчылыгына карап дарылоо курсу 6 айдан кийин кайталанышы мүмкүн.

КАНЧА СҮЛҮК КОЮЛАТ?
– Сүлүктүн саны диагнозго, дартка чалдыккан жердин көлөмүнө жараша коюлат. Мисалы, беттин безеткисинде алардын жыш же сейрек жайгашканына карап, 2-3 же андан көп сүлүк коюлат.
Көөп кеткен веналар (варикоз) канчалык көп болсо, сүлүктөр ошого жараша көбүрөөк (10го чейин жана сүлүктөр тамырлардын өзүнө эмес, чекелерине коюлат) коюлат. Экземаны дарылоо сеансында 3-7 сүлүк пайдаланылат.

КАЙСЫ ДИАГНОЗДОР МЕНЕН КӨП КАЙРЫЛЫШАТ?
– Бизге көбүнчө экзема, нейродермит, варикоз, псориаз, демодекоз, безетки, куяң, остеохондроз, невралгия, мастопатия, урук чыктагыч бездин сезгенүүсү жана урук чыктагыч бездин аденомасы, атеросклероз менен жабыркагандар көп келишет. Ал эми артериалдык кан басымы жогорулар биздин негизги кардарларыбыз. Семирип кеткендер 3-4 сеанстан кийин арыктай башташат. Бул кан менен зат алмашуу калыптанып, анын натыйжасында ашыкча майлардын эрип жок боло баштаганына байланыштуу. Айта кетчү нерсе, сүлүк жашаруу максатында да колдонулат. 2-3 сеанстан кийин беттин бырыштары жазылып, адамдын өңү жашарып калат.

ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН...
– Профилактика (оорулардын алдын алуу) үчүн ар бир адам 1 жылда 1-2 ирет дарылануу курсунан өтүп койсо болот. Мисалы, тамеки чеккен, ичкилик ичкендер организмин тазалоо (канын, ички органдарын) максатында келишсе болот. Ал эми өнөкөт оорулары барлар ооруларынын курчуп кетүүсүнүн алдын ала алышат.

Эскертүү! Сүлүктөрдү өз алдынча колдонууга болбойт. Мисалы, сүлүк күрөө тамырга коюлуп калса, анда кан агуу күтүлүп, адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Саздагы сүлүктөн түрдүү микробдор жугуп, ооруну күчөтөт.

КЫЗЫКТУУ

  • Сүлүктүн дүйнө жүзүндө 400дөй түрү бар. Анын ичинен дарылоого медициналык түрү гана колдонулат.
  • Бир жолу кан соргон сүлүк 6 айдан 1 жылга чейин тамак жебей жүрө алат.
  • Сүлүктөр кокус мурунга, кекиртекке, трахеяга (өпкөнүн дем алуу түтүктөрү) кирип кетиши мүмкүн. Мындай учурда операция жасалат.
  • Сүлүктөр ичке кирип кетсе, гирудиноз оорусун пайда кылат. Башкача айтканда, кан соруу менен ичте кан агууну пайда кылат. Мунун белгилери болуп баш оору, анемия жана башкалар эсептелет. Андыктан саздуу жерден суу ичип жатып, идиште сүлүк бар же жок экендигин байкоо керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
хулиганка
2010-04-04 18:39:30
Ой билбейм коруп алып эле жаным чыгып калды.
0
Venchuk
2010-05-03 14:37:36
Оорусан корконду да унутасын. Кайсы жерлерге кайрылса болот адреси менен жазсанар болмок.
+1
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан