(Башталышы өткөн сандарда)
Ошол күнү кеч киргенде эле Амандын дене табы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп кулады. Айдайларды бир бөлмөгө отургузуп, «чыкпагыла» деп коюшкан. Бир убакта кыз апасынын ачуу кыйкырыгынан чочуп кетти. Жүрөгү тез-тезден дүкүлдөп согот. Бирок ал «атам өлөт» деп ойлогон эмес. Андай нерсе мүмкүн эместей туюлчу. Апасы эмнеге кыйкырык салды түшүнө албай турду. Качан гана алар отурган бөлмө ачылып, апасынын ар дайым тыкан боло түйүлүп жүргөн чачы саксайып, көздөрүнөн он талаа жаш кете кирип келип «эми биз кантебиз?!» деп эки баласын кучактап жыгылганда гана чындап коркуп кеткен. «Ама-ан! Алтыным, эми биз кантебиз?!» Айдай коркконунан эмне кыларын билбей турган, апасынын мындай сөздөрүнөн кийин ал атасы жатчу бөлмөгө талпынды. Мен барсам эле атам ойгонот деп ойлоду. Ананчы, атасы ар убак Айдайга керек маалда пайда болчу эмес беле, балалыгында бийигирээк жерден секирсе атасы кармап калчу, көлдө тереңирээк жерде сууга чакаса атасы колдон тартчу, апасы урушарда, суу куюлган чака оор болсо, тентек балдар тийишсе дайыма, дайыма... Эми да ал атасын ойгото алмак. Айдай келсе эле атасы ордунан козголмок, оорусун унутуп «эмне болду?» деп санаага, жакшы көрүүгө толгон көздөрү менен карамак. Бирок Айдайды атасына жакындатпай коюшту. Айдай анын жанына барганда Аман эбак муздап калыптыр... Ый. Андан кийинки күндөр ыйга гана чыланып калды.
Атасыз күндөр муздак күндөр экен. Айдайдын бир билгени, атасы каза болгондон кийинки кыш мезгилдеринде ал абдан үшүп жүрдү. Атасы барда тынбай от жагылып, үй жылуу болуп турчу. Ал жылуулук атасы менен кошо кеткендей. Ар убак сабактан келсе иниси үшүп-шишип электр жылыткычынын жанында отурчу. Апасы тирүүнүн өлүгүнө айлангандай. Ал тагдырдын мындай бурулушуна даяр эмес болгон экен. Адегенде апасын курбулары келип сооротуп жүрүштү. Аз-аздап ичирип көндүрүштү. Анан Токтобү өзү издеп ичип баштады. Бир кездеги Айдайга абдан сулуу көрүнүп жүргөн апасы анын көзүндө жоголуп баратты...
Ал күн Айдай үчүн эң бактысыз күндөрдүн бири болду. Кыз апасы ар убак түн ичинде мас болуп келгенине көнүп калган. Апасын урушуп да көрдү, ага таарынып чоң апасына кетип калып да көрдү, бирок апасынын ойлонор түрү жок. Ал кайгыга жеңилип бериптир. Дайыма эшикти өз ачкычы менен ачып, анан келип уктап жаткан уулун өпкүлөп, аны эркелетип калат. Уулу апасындагы арактын жытынан качат. Ошол күнү да апасы эшикти өз ачкычы менен ачты, бирок адатынча уулун эркелеткен жок. Ал жалгыз эмес экен. Жанындагы бейтааныш эркек менен коңшу бөлмөгө кирип кетти. Айдай уктабай жаткан эле. Апасынан мындайды күтпөптүр. Чоочун эркек босогону аттаганда эле ал атасынын арбагына чыккынчылык кылып жаткансып, көкүрөгүндөгү ызага муунуп ыйлап баштаган. Эртеси апасы «бул – Мурат. Мындан кийин биз менен жашайт» деген чечимин угузду.
– Мен силерге өз балдарымдай мамиле кылам,- деди көзүнүн оту өчкөн, түрмөнүн сызынан улам кара көк тартып калган Мурат.
Айдайдын, Асылбектин ыйлаганы, алардын каршы чыкканы эч нерсени чечкен жок. Алар менен эч ким эсептешпеди. Мурат баарына кожоюндук кылып баштады.
Чоң апасы Барчын Айдайдан алардын үйүн чоочун эркек бийлеп баштаганын укканда эле опурулуп жөнөдү.
– Эмне, менин уулум капкайдагы кылмышкер жашасын деп ушул үйдү алды беле?! Жашасаң башка жакка барып жаша! Бул үйдө баламдын балдары жашашы керек. Жоголгула!- деп ачууланды. Мураттын кетчү түрү жок. Унчукпай гана бөлмөгө кирип узунунан түшүп жатып алды.
– Апа, мен эмне, өлгөн уулуңдун артынан өлүшүм керекпи?! Мен да башкалардай жашагым келет. Мурат кетпейт. Ал мобуларга ата болот. Менин күйөөм. Башымды оорутпаңыз!- деп Токтобү да так кесе айтты. Эзели өйдө карап сүйлөбөгөн келининен мындайды күтпөсө керек, Барчындын ачуусу келип чыкты. Келинин чачтан алды. Токтобү карап турган жок, өз апасы менен жашташ кайненесинин бетин тытып, үй ичи ызы-чуу түшүп калды. Мурат жаткан жеринен бир козголуп койгон жок. Айдайдын дүйнөсү урап түштү. Бирок ал иниси Асылбекти апасынын колуна таштап кете албай койду. Жашоо анык тозокко айланды...
(Уландысы кийинки санда)
Марат Жанбараков