ТОКОЙЛОР КЫЙЫЛЫП, АЛ БАЛДАР МЕНЕН ЖАНЫБАРЛАРДЫ КАПАЛАНТУУДА ЖЕ МАЙЫП МЕНЕН ЖЕТИМДЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР КАНТИП ТОСКООЛДУК ЖАРАТУУДА?

Кыргызстандагы Мамлекеттик экотехинспекция жана айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен «Кумтөр» компаниясынын ортосундагы сот иштери күтүүсүз бурулуштарга кептелди. Жергиликтүү Фемиданын чечиминин негизинде компаниянын эсептери камакка алынып, аталган ишкана каржылап келген бир катар негизги программалардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар жаралды.

«Кумтөрдүн» эсептери камакка алынышы менен Каракол шаарындагы зоопарктагы жаныбарлар тамаксыз калган окуя басаңдап калгандай болгон. Эске салсак, инвестор бул уникалдуу объектке финансылык операцияларга сот чектөө койгуча каражат бөлүп келген. Бул көйгөйдү убактылуу чечүүгө мүмкүн болду, себеби Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги зоопаркка 500 миң сом бөлүп берди. Бул каражат жаңы жылга чейин гана жетет. «Андан кийин эмне болот?» деген суроону азырынча зоопаркты коргоочулар жана кызматкерлер ойлонууга шашылбайт. Себеби «Кумтөр» компаниясы зоопаркка каржылык жардам көрсөтүүнү соттук иштер бүтүшү менен улантууга сөз берген.
Серепчилер бул мамлекеттик органдар менен стратегиялык инвестор ортосундагы соттук иштер качан аяктаарын божомолдогуча, экологиялык мекемелердин чиновниктери жаңы жаңжалга дуушар болушту. Аталып кеткен эле себептер менен. Компаниянын эсептери камакка алынышы менен зоопаркка болгон каржылоо гана эмес, мамлекет баш тартып же каржылай албай жаткан бир катар социалдык программалар да бар.

«Кумтөр» компаниясы жыл сайын Ысык-Көл облусундагы муктаж болуп келген калкка социалдык жардам катары 2 миллион доллардан ашык каражат бөлүп келет»,- деп билдирди Бишкек шаарында болуп өткөн маалымат жыйынында Тоң районунун жаш активисти Мирлан Шеркулов:
– «Кумтөрдүн» жардамы менен Тоң, Жети-Өгүз жана башка Ысык-Көл облусунун райондорунда бир катар экологиялык көйгөйлөр чечилип, жаштар арасында спортту өнүктүрүү, майыптарды колдоо иштери жүргүзүлүп келет. Эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар абдан оор абалда калышты. Алардын ар бири кымбат турган дарыларга муктаж. Мамлекеттин субсидиясы жетпейт.

«Албетте, биз соттун чечимин талашпайбыз, алардын чечимин сыйлайбыз»,- дейт райондук майыптар коомунун мүчөсү Рысбек Миңбаев:
– Бирок сот деле компанияга майыптар жана муктаж болгондорго жардам берүүсүнө мүмкүнчүлүк берсе болмок. Жети-Өгүз районунда эле 3 жарым миңдей ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Алардын башкы меценаты «Кумтөр» компаниясы эле. Бирок 2016-жылы бизден көз карандысыз себептерден улам берилчү жардамдар токтоп калды.

Жети-Өгүз районунун жаш лидерлеринин бири Урмат Макеевдин айтымында, айылдарда бир канча социалдык иш-чаралар токтоп калган:
– Кичи футбол талаасын куруу жана хоккей командасын жабдуу иштери каржыланган жок. «Кумтөр» компаниясы сейил багын, селкинчек, отургучтарды курууга жардам берели деп жатышкан. Бирок бул долбоор токтоп калды.
Бул окуянын эң коркунучтуу жана жапайылыгы, мамлекеттик экологиялык органдар менен алтын казуучу компаниянын ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында чоң кишилер гана эмес, балдар да жапа чегип жатканында. Себеби соттун чечими оор абалда калган жашы жетпегендерди колдоо долбоорлорун каржылоо иштерин жүргүзүүгө да мүмкүнчүлүк бербейт.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Саруу айылында 2015-жылы ДЦПга чалдыккан балдар үчүн реабилитация борбору ачылган. Бул объект үчүн атайын кымбат жабдыктар алынышы керек. Айыл эли да, айыл башкармалыгы да жабдыктарды алууга чамасы келбеси айтпаса да белгилүү. Өз убагында жергиликтүү тургундар «Кумтөр» компаниясына кайрылуу жасашкан. Бирок инвестор бул суранычты аткарууга жетишпей калды – экологиялык мекемелер сотко бир катар доо менен кайрылып, эсептер камакка алынып калган.
Облус элинин атынан өкүлдөр Баш прокуратурага, Жогорку сотко, премьер-министрге, спикерге жана президенттин аппаратына чейин кайрылуу жасашкан. Бирок ал каттар орто жолдо калып калганбы же чиновниктер көңүл кош мамиле кылышканбы, айтор, жооп жок. «Эл жардам күтүп жатканына бир жылдай болду. Жардам берилеби же жокпу аны билбейбиз, анткени кайрылууларыбызга эч кандай жооп ала албай келебиз»,- дейт ысык-көлдүк активист.

«Балыкчы шаарында, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жетим балдар көп»,- дейт Мирлан Шеркулов:
– Балдар Жаңы жылда кандайдыр бир сыйкыр күтүп жатышат. Бирок ал сыйкыр болбой калды, анткени «Кумтөр» боюнча соттук иштер уланууда. Биз бир канча жолу социалдык чөйрөгө соттук санкциялар каралбасын деп бийликке кайрылып көрдүк. Бирок андай болгон жок. Биз Конституциянын гаранты катары президент Алмазбек Атамбаевдин бул көйгөйгө көңүл бурушун суранат элек. Ал өзүнүн маалымат жыйынында сыйкырчы эместигин, баары колунан келе бербестигин айтканын көрдүк. Бирок президент бизди колдоп, кичинекей балдар жана жардамга муктаждар Жаңы жылда жардам алсын дейбиз.
Алмазбек Атамбаев бул абалга көңүлүн бурат деп үмүт кылабыз. Ошондой эле мамлекеттик органдардын качандыр бир күнү жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын ызы-чуусуз, өйдө жактан сурабай эле коргойт деп ишенебиз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан