ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖУБАЙЛАРЫ МЕНЕН ТОСЧУ АТАКТУУЛАР

Көпчүлүк үчүн Жаңы жыл өзгөчө майрам. Айрыкча ушул жылы түтүн булатып үй-бүлө кургандар Жаңы жылды алгачкы жолу жан шериги менен тосуп жатышат. Ал атактуулар кимдер?

Гүлжигит Калыков: "ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ БОЛУП ТОСКОНДУН ЫРЫСКЫСЫ БАШКА"



– Жубайым Айпери экөөбүз көп жыл кыз-жигит болуп жүрүп үйлөндүк. Буга чейин Жаңы жылды бир үйдө отуруп тоспосок да, убакыт таап белектеримди алып барып сөзсүз куттуктап кетчүмүн. Жаңы жылды бойдокчулукта тоскондун ырыскысы башка, үй-бүлөлүү болуп тоскондун ырыскысы башка болсо керек. Быйыл Кудай буюруп карындаштарым, инилерим жеңеси менен биринчи жолу чогуу майрам тосушат экен. Өтүп бараткан жыл жакшылыктарга бай болду. Бир тууган эжем тун наристесин жарыкка алып келип мени жээндүү кылса, Айперинин байкеси үйлөндү, андан соң эле биз үйлөндүк.
Жаңы жылга байланыштуу бир кызыктуу окуябыз бар. Бир жолу Жаңы жыл алдында мен, Айпери, досубуз Кубат Кубанычбеков, анын жубайы Айжан болуп Караколго лыжа тепкени барып калдык. Ал жакта лыжа тепкендерди тоого алып чыкчу асма жол саат 16:00гө чейин эле иштейт экен. Куба экөөбүз аны билчүбүз. Атайын кыздарды тамашага салалы деп акыркы маршрут менен тоого чыкканда асма жол токтоп калды. 3040 метр бийиктикте турабыз, анда Айжан менен Айпери лыжа тепкенди жакшы билишпейт болчу. Кайра түшө албай кыйналып, тоңуп шолоктоп ыйлап алышкан, караса тиги жагы да, бул жагы да жар. Анан "биздин артыбызга жабышып түшкүлө" дедик. Лыжасын чечип жөө басканга да аракет кылышты, болгон жок. Акыры лыжа менен бизге жабышып түшүшкөн. Ошондон кийин экөө тең лыжа тепкенди жакшы билип калышты. Бирок азыр экөө тең ал окуяны эстегиси келбейт.

Адилет Эркинбеков, "STYLE МIX" триосунун ырчысы: «ИЛИМА АЗЫР ДЕЛЕ АЯЗ АТАГА ИШЕНЕТ»



– Жаңы жылды биз бойдок кезде 3-4 жыл чогуу тостук. Анткени "Style Мix" триосу менен той, корпоративдик кечелерде, концерттерде ырдап, түнкү саат 12ге үйгө барууга жетишпей сахна артында Жаңы жыл тосуп калган күндөрүбүз болгон. Бул жылы үй-бүлө катары алгачкы жолу тособуз го. Азыркы жаш балдар эрте чоңоюп жатышабы билбейм, оңою менен Аяз атага ишенишпейт. Менин деле Аяз атага болгон ишенимим эрте кеткен. Бирок Илима азыр деле Аяз атанын бар экенине ишенет, белек күтөт. Мен анын Аяз атасымын (күлүп).
Бир жолу Жаңы жыл алдында Илимага белек алмай болдум. Өзү "ушундай атырым болсо" деп бир атырдын жытын аябай жактырып жүргөн. Мен ал атырдын аталышын билбейт болчумун. Дүкөнгө барып бардык атырлардын жытын жыттап жүрүп, үч күн дегенде араң тапкам.
2017-жыл жаңырары менен чыгармачылыкка кызуу киришели деп жатабыз. Биз үчүн келе жаткан жыл чыгармачылыкта жемиштүү жылдардан болсо деп тилек кылабыз.


Дайыр Исмадияров: "ТООК ЖЫЛЫНАН НАРИСТЕ КҮТӨБҮЗ"



– Адатта мен жыл сайын 30-декабрга чейин иштеп, 31-декабрь күнү майрамды жакындарымдын курчоосунда өткөрчүмүн. Бул жылы биринчи жолу жубайым менен тосом. Мусулманчылыкта Жаңы жыл майрам катары эсептелбейт дешет. Ошентсе деле быйыл бир туугандар баарыбыз чогулуп кой союп, чогуу отуралы деп жатабыз.
Эсте калган Жаңы жылым мектепте окуп жүргөндө болгон. Анда башталгыч класста окучумун. Майрам жакындап, Аяз атадан белек алар күн келгенде "А" класстан "Б" класска которулуп калдым. "Б" класска барсам ал жакта Аяз ата белек берип бүтүп коюптур. Ошондо эки жактан тең белеги жок калып, үйдөгүлөргө ызы-чуу салганым эсимде. "Белек албай калдым" деп ыйлап алгам. Үйдөгүлөр эмне кылышкан билбейм, бирок Аяз ата өзү үйгө келип мага белек берип кеткен.
Келе жаткан тоок жылында үйүбүздө наристе үнү жаңырып, кичинекей балапаныбыз болсун деп тилек кылып жатабыз. Салт катары жыл сайын эже-байкелеримдин балдарына Аяз ата болуп белек таратып берчүмүн. Бул жылы "болду мен үйлөндүм, Аяз ата болбойм, белек бербейм" деп айттым. Бирок жубайым "белек бериңиз, болбосо "аялы катуу чыгыптыр, белек бердиртпей койду" деп мага сөз тиет" деп менден суранып жүргөн кези (күлүп).

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Aisuluu22
2016-12-28 17:32:44
Бактылуу болгула!Озумдун мучолуу жылым 2017-Турмушка чыгып буйурса менда Жожолорду кобойтом (кулуп)
+11
Nurdan1112
2016-12-29 17:00:35
Aisuluu22,Бактылуу бол барган жеринден бак айтсын ылайым
+4
lazygirl
2016-12-28 21:17:18
Мен анын аяз атасымын дейт го. :D
Кұлүп алдым )
+4
mamatmusakuzuraziya
2016-12-28 22:24:04
Менда тоок жылында Кудайым эжеме наристе бере корсун деп тилейм
+6
tashkan
2016-12-28 22:42:38
Тилегинерди Кудайым кабыл кылсын. Менин мучол жылым. Жакын адамына кызыл койнок берет дешчу беле?
+1
cher2
2016-12-28 23:14:45
Мен да жараткан Алладан кочкордой уул беришин тилейм ....жараткан Алла акыл эси, ден соолугу, омуру, ата энеси м.н беришин тилейм...
+6
Kairat.96
2016-12-29 00:16:02
Бактылуу болгула
0
defne15
2016-12-29 00:43:20
Нафил,Тахажуд намаздарын окуп бала тилегиле.Жаны жыл биздин майрам эмес.Чубак ажыдан ушул майрам жонундо сурагылачы урматтуу супер инфо.
+3
admin_superstan
2016-12-29 09:31:54
defne15, саламатсызбы? Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
0
Izdeim_seni.
2016-12-30 09:33:47
defne15,сиздин майрамыныз болбосо биздин майрам. Отура бер да уйдо фанат десе
-4
Aiperiarstan
2016-12-29 11:09:22
Бактылуу болгула!
0
shumkar929292
2016-12-29 14:40:29
Баары ниетине жетсин
0
Gulzat86
2016-12-29 17:51:03
Жубайларга бакыт каалайм.Жаны жылды эмес,коптон коп Айт майрамдарын майрамдашына тилектешмин.Ыйман ырыскылуу жожолорду насип этсин Аллахым.
0
Anhel
2016-12-29 22:18:11
Дайырдын келинчеги акылдуу экен.
Салондон курбу кызы менен суйлошуп отурганда байкагам.
+4
Firdaus-Muslim
2016-12-29 23:20:27
Оо, ажайып! ажайып! Бактылуу болгула.
0
aa93
2016-12-30 13:45:35
Биз да жолдошум экообуз 1-жолу чогуу тособуз жаны-жылды. Буйурса биз да Дайырга окшоп наристелуу болсок деген жакшы ниеттер бар.Кудай буйурса... Баса менин мучол жылым да тоок.
+1
leilek_suluktu
2016-12-30 21:02:51
2017 жылда наристелер торолуп.баарыбыз бактылуу болоюк.
+1
arzygulR
2017-01-02 15:40:14
Баарыбыз тилеген ниетерибизге жетелик бактылуу болгула
+1
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан