Атым Жыпаргүл, быйыл менин 27-кышым. Шаарда тигүүчү цехтердин биринде бычмачы болуп иштейм. Кесиптештерим жалаң кыздар. Кыскасы, менин ашыкча салмагыма көп көңүл бурулбайт, өзүмдү ыңгайсыз сезбейм. Бирок акыркы учурда үйдөгүлөрдүн "деги сүйлөшкөнүң барбы?" деген суроосу кулагымдын кужурун алчу болду. Бир да жолу жигит жандап көрбөгөм. Жадакалса жоопсуз сүйүүгө да кабылбаптырмын. Балким, толук болгонумдан тартынып, бирөөнү сүйүүгө батынбагандырмын.
– Кызым, мени туура түшүн, жаштыгың калган жок. Сүйлөшкөнүң бар болсо айт. Турмушка чыгышың керек. Болбосо өзүбүз тааныштыралы.
– Апа, болдучу.
Мындай сөздөрдү укканда канчалык өзүмдү эч кимге кереги жок сезип кыйналарымды билишсечи. Өзүм деле сүйүүнү көксөп, мырзанын мээримине зар болуп турганымды кимге айтам? Айрыкча көчөдөн арык, бою узун, келишкен сулууларды көрсөм Жаратканга ушунчалык нааразы болуп кетем. Эмнеге мени алардай кылып жаратпады, мен деле мырзалардын сүйүүсүнө татыктуу болсом болбойт беле? Курдаштарым менен бир жакка барыштан да заарканам, себеби жигиттердин бири да мага көңүл бурушпайт. Жеңил музыкага бийлөө кезеги келгенде дайыма жалгыз калам. Ушундай кызыксыз күндөрдүн биринде апам дагы баягы сөздөрүн баштады:
– Кел, сүйлөшөлүчү кызым. Атаңдын туугандары сени бирөө менен тааныштыралы деп жатышат. Кандай дейсиң?
– Мен сиздерге ашыкча болуп жатамбы? Эмне эле мени кетиргени шашылдыңар?
– Андай дебе, болгону сени бактысын тапсын деп жатабыз да.
– Апа, тоюп кеттим бул кептерден. Ушуга чейин семиз кызыңды сүйсө сүйөт эле да, жок дегенде бир жигит. Түшүнүп жатасызбы? Эч кимге жакпайм. Мен деле сүйүүгө жолугуп бактылуу болгум келет. Жараткан эч кимге жакпас кылып жаратып койсо эмне кылайын? Ичимдеги болгон бугумду, жан дүйнөмдү жанчыган нерселердин баарын бул ирет апама айтып жаттым. Качан гана "кызым, капаланбачы баары жакшы болот" деген атамдын үнүн укканда ушунчалык уялып кеттим, жер жарылса ошол жакка түшүп кетсем аздык кылмак. Ал түнү уйкум качты. Бала кезимди эстедим, ойлосом ата-энем мага дайыма "биздин сулуубуз, алтыныбыз, жалгызыбыз" деген сөздөрдү айтышчу экен. Кайдан жүрүп өзүмдүн келбетиме болгон жек көрүү пайда болду, түшүнбөй жаттым. Ал учурда жаздап жаткан жаздыгым мончок-мончок жаштарымды жута берди. Акыры апамдын көңүлү жай алсын деген максатта үйдөгүлөр сунуштаган жигит менен жолугушууга бармай болдум. Дүйшөмбү күнү жумуштан чыгып, "жолугам, баары бир жакпайм анан дароо үйгө кетем" деген ойдо шаардагы кафелердин бирине жөнөдүм. Азыр мени биринчи жолугушууга эрте барып алып ыңгайсыз абалда болушкан кыздар гана түшүнбөсө, башка эч ким түшүнбөйт. 1 жарым саат баягы кафенин жанында турдум. Бир учурда капкара Мерседес үлгүсүндөгү унаадан бою узун, кашы-көзү кара, келишкен жигит түштү. Албетте ичимден суктандым да, мен жолукчу жигитти күтүүнү уланттым. Ал жигит кафеге кирип кайра чыкты. Көздөрү менен бирөөнү издегендей телефонун тере баштады. Мына, тагдырдын тамашасы, коңгуроо менин телефонума келип жатпайбы. "Сүрөтүн көргөнүмдө өлсөм да келбейт болчумун го" дедим ичимден.
– Кечиресиз, көпкө күтүп калдыңызбы?
– Сиз Кумарсызбы?
– Ооба, жүрүңүз ичкериге кирип сүйлөшөбүз.
"Шарт бурулуп кетип калсамбы?" деген ой келди. Бирок жумуштан кийин аябай ачка болгон элем, жок дегенде тамактанып алайынчы дедим. Бул да болсо тагдыр тура. Ошондо кетип калсам деле болмок, бирок мени бир белгисиз күч жетелеп баратты. Тамактанмак турсун чай иче алган жокмун. Кумар болсо тамашалап сүйлөп, күлдүрүп жатты. Бир учурда мага жагынууга аракет кылгандай туюлду. Өзүмө ишенбеген мен "токтот бул ойлоруңду, мындай жигиттер менин теңим эмес" деп кыялдарымды тыйып койдум. Бирок эртеси Кумар жолугушууга дагы чакырды. Шылдыңдап жатат деген ойго да жетелендим. Байкасам алдабаган өңдүү, бара-бара анын мага жасаган мамилеси, жактырып калгандыгы тууралуу кептери кулагымды гана эмес, жүрөгүмдү да жибитип баратты... Бул тууралуу апама айткандан чочуладым, себеби Кумар бир күнү арык, сулуу кызды ээрчип кетчүдөй туюла берчү. Акыры келип бул жигит менин жашоомду 180 градуска өзгөрттү. Ал үчүн 10 килограммга арыктоо максатында диетага отурдум, келбетиме өзгөчө көңүл буруп, өзүмө болгон ишеничке жан киргиздим. Бир жума мурун Кумардын ата-энеси мага сөйкө салып кетишти. Буюрса, 30-декабрь күнү сүйүктүүм мени үйүмдөн өзүнө жубай кылып алып кетет. Менден өтүп апам байкуштун сүйүнгөнүчү, "жоолук, кийит алып, дасторконду өзгөчө жасаш керек" деп эле чуркап жүрөт. А бул менин эң бактылуу Жаңы жылым. Себеби аны жолдошумдун жанында тосом. Кыздарга айтарым, эч качан өзүңөргө болгон ишеничти өлтүрбөгүлө!
Жыпаргүл