Башталышы өткөн санда
Өткөн саныбызда Айбек кафе ээсинин акчасын уурдап кетип, кайра бир нече күндөн кийин кайтарып бергенин жазганбыз. Кожойке акчасынын толук кайтарылганына сүйүнүп, "көзгө көрүнбөй жогол" деп жумушунан айдаган эле.
21. Кафенин кожойкеси Сезимди кафеге администратор кылып дайындады. Сезим мындайды күткөн эмес эле.
22. Айбек бул аралыкта жөн жүргөн жок. Турмушунда болуп өткөн окуяны унутуу үчүн күрөшүп жатты. Башкача айтканда досторунан карызга акча сурап турду. Көптөн бери жан дүйнөсүнө тынчтык бербей келген ою ишке ашып, апасын дарылатуу үчүн ооруканага жаткырды. Калган акчаны ижарага кафе алып иштетүүнү көздөп, берилчү кафелерди кыдырып жүрдү.
23. Айбек Айтунукка телефон чалып, кеч боло элегинде туура жолго түшкөнүн, акчаны толугу менен кайтарып бергенине Айтунуктун да салымы бар экенин айтып, ыраазычылыгын билдирди.
24. Ортодогу сезим акыры сүйүүгө айланып бара жатты. Эки жаш тез-тезден жолуга башташты.
25. Айтунук менен Сезимди Айбек эле касташтырып жаткан окшойт. Айбек жумуштан кеткени 2 кыз бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүп, жакындан таанышып, достошо башташты. Стерва көрүнгөн Сезим Айтунуктун илбериңки, жумшак мүнөзүнө суктанып, таасирленип да алды. Жаңы жылдык кечелер башталып, кафе күнүгө бака-шака. Бир жолку сүйлөшүүдө Айтунук Сезимге Айбектин эмне себептен уурулукка барганын жана ага тез-тезден телефон чалып турарын айтып берди.
26. Айтунук бул күнү кадимкидей нес болду. Жолугушууда Айбек алаканына жарым сааттай кар тоголоктоду да сүйүктүүсүнө сунуп, "экиге бөл" деп суранды.
27. Жакында үйлөнүү той болорун уккан достору эки жашты шампан аттырып куттукташты.
28. Айбек менен Айтунукка Сезим чын дилинен бакыт тиледи. Буга чейинки бут тоскондорун эстеп уялып турду.
Аягы
Ролдорду аткаргандар:
Айбек – Элдик Талантбеков
Айтунук – Мира Эмил кызы
Сезим – Адина Нурбек кызы
Жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы студиянын студенттери.
Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg