Актан Исабаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "ЧОҢ АТА БОЛГОНУМ ӨЗҮМӨ АНЧА СЕЗИЛЕ ЭЛЕК"

"Ден соолукка кам көрүү үчүн бассейнге барам, жөө басам, тамакты ченеп ичем. Тамагын тыя албаган адам напсисин да тыя албайт, бара-бара ач көз болуп кетет",- деген коногум үй-бүлө, чыгармачылык, ата-эне, бала тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы? Актан байке, маегибизди Жаңы жылдык маанайда баштасак деп турам. Жаңы жыл сиз үчүн...
– Жаңы жыл дегенде бала кезим эсиме түшөт. Аяз атага ишенип алып, толкундана ыр айтып белек алчу эмес белек. Ошол белектер Жаңы жылга өзгөчө шаң кошор эле, анткени андагы апельсин, мандарин дегендерди Жаңы жылда гана көрчүбүз да. Анан бул майрам кышкы каникул менен да эсимде калыптыр. Чоң-Арык тарапка туугандарыбыздыкына барып, эртеден кечке муз тээп, буттарыбыз суу болуп, өзүбүз тоңуп калсак деле мурдубузду тартып коюп ойноп жүрө берчүбүз. Азыркы балдардай болуп ооруп деле калчу эмес экенбиз. Негизинен Жаңы жыл мен үчүн жаңылануу, жашоонун жаңы барагы.

– Быйылкы Жаңы жылды тосууга кандай пландарыңыз бар?
– Жыл сайын үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө бир жумага барчу элек, быйыл кыздарым "шаардан эле бир нерсе ойлоп табалычы" деп жатышат. Бир ирет гастролдоп жүрүп Германиядан тоском. Ал жактагы Жаңы жылдык атмосфера аябай жаккандыктан бул майрамда үй-бүлөм менен чет өлкөгө барып келүү оюмда бар, бирок азырынча балдарыбыз жаш.

– Кичүү уулуңуз канчага чыгып калды? Анан да сиз азыр чоң ата статусундагы адамсыз...
– Кичүү уулум Алаяр азыр бир жарым жашта, ал эми неберем болсо андан болгону 3 күнгө кичүү. Азырынча чоң ата болгонум өзүмө анча сезиле элек, анткени неберем экөөбүз бир да жолу көрүшө элекпиз. Буюрса, жаз алды менен март айында АКШга баруу башкы пландарымда. Ал жактагы чыгармачылыгыма тиешелүү иштеримди бүтүрүп, тун уулум Эмирди үй-бүлөсү менен көрүп кайтам.

– Сиздин чыгармачылыгыңызга кайтсак. Бир топ жыл эс алдыңыз...
– Буюрса, жаз айларында жеке концертимди берүүнү пландап жатам. 2-3 жылдан бери "буюрса, эмки жылы" дей берип элимди алдап бүттүм (күлүп). Азыр жаңылануу убактысы десем болот, жаңы пландар, жаңы долбоорлор менен чыгармачылыкка кириштик. Продюсерлик борборумда да иш кызуу жүрүп жаткан убак. Жакында эле бир тасманын үнүн жаздыруу иштери аяктап, ушул эле жаатта "Уламыш" деген тасманын үстүндө иштеп жаткан чагыбыз. Андан тышкары продюсер катары 2-3 долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Жыл жаңырары менен январь айында "Көл" деген аталыштагы автордук фильм тартууну баштайбыз. Буюрса, чоң-чоң эл аралык фестивалдарга бара турган тасма болмокчу. Сценарийин европалык режиссёрлор да жактырышты. Өзүбүздүн компаниянын режиссёру Эмил Атагельдиев менен "Мосфильмде" иштеген режиссёрлор биргеликте тартышат. Сүрөтчү, ассистенттерди да Москвадан чакыртып жатабыз. Аны менен катар эле "Париж көпүрөсү" деген фильмди баштайбыз. Анда мен тасманын продюсерлеринин биринин жана музыкалык продюсеринин милдетин аркалайм.

– Буга катар таланттуу жаштарды да тарбиялап келесиз...
– Жеке өзүмдүн чыгармачылыгымдан тышкары учурда продюсерлик борбордо Нурсултан Раимбеков аттуу таланттуу жигитти тарбиялап келем. Негизи эле бир гана таланттуу балдарды эмес, келечек муунду тарбиялоого өз салымымды кошкум келет. Бул жаатта аз да болсо колумдан келгенин кылып жатам. Бул эми кыргыздын уулу катары ар бирибиздин парзыбыз да.
Өзүм 10 жылдан ашуун жетектеп келаткан "Мурас" фондунун алкагында ата-бабаларыбыздан калган мурастарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү боюнча иш алып барабыз. Кыргыздын өчпөс өнөрлөрүн, салт-санаасын, макал-лакаптарын, ааламга жол салган айыл турмушун камтыган сериал тартсак деген да ойлор бар. Макал-лакаптардан турган "Макалдат" деген китеп чыгарганбыз, анан да кичинекей бөбөктөргө тамга таанытууга көмөк болгон интерактивдик плакат чыгаруунун үстүндө иштеп жатабыз, анын бир тетигин гана табуу калды. Колдонууга оңой, баскычтарын басса эле тамгаларды өзү айтып үйрөтөт. Мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууну каалаган адам өзүнүн эле үй-бүлөсүн туура тарбиялоодон баштаса дейт элем. Келечектин эл башчылары, элдин уулдары, элдин сакчылары баары асмандан түшпөйт да, карапайым эле адамдардын арасынан чыгат.

– Бала тарбиялоо жаатында кененирээк кеп кылсак.
– Баланы татыктуу тарбиялоо – бул ата-энеден. Мисал катары өзүмдүн ата-энемди сыймыктануу менен көрсөтө алам. Атам Чалагыз Исабаев абдан баласаак, тарбия жаатында даанышман адам эле. Меникиндей атаны ар бир балага каалайт элем. Эртең менен уктап жатсаң "балам, турагой, жүрү мени менен чуркап келчи" деп эрте ойготуп алып ден соолукка кам көрүүнү, эрте турууну, жалкоолуктан алыс болууну үйрөтчү экен. Ошол эле учурда ар дайым жанына ээрчитип жүрүү менен элге кызмат кылуу эмне экенин көрсөттү. 1976-жылы Лас-Вегаста концерт койду, бул түшкө киргис нерсе эле. Ал кезде эл караңгы, Москвага барып келген адамды жолуктурса, "кокуй, бул Москваны көрүп келген, төргө өткөргүлө" деген заман эле.
1986-жылы китептерден гана окуган сыбызгы, чогойно, аса таяк, керней, добулбас деген аспаптарды элге тааныштырган. Кыргыздын 41 күүсүн алгачкылардан болуп нотага түшүрүп, азыркы күнгө чейин ошол китепти колдонуп келишет. Мунун баары тарбия эмей эмне? Аялзатына мамиле жасоону болсо апама кылган мамилеси менен үйрөттү. Апамды Самара Токтакунова кылган чындыгында атам болду. Үйдө колун сууга салдырчу эмес, комузуңду черт деп коёр эле. Тамак-аштын баарын өзү жасачу. Башкасын айтпай эле коёюн, лагмандын камырын өзү чоюп, бышырып берчү. Андайда дайыма мени жанына чакырып, "кел, балам, тамак жасаганды билген да жигиттин бир өнөрү болушу керек" деп калар эле. Атам берген тарбияны балдарыма бергенге аракет кылып келем.

– Талант жаатында, балдарыңыздан ата жолун жолдоочусу барбы?
– Улуу кызым комуз чертет, апам дагы ушул кызымдан бир нерсе чыгат деп калат. Башка эле комуз ийримге барат, а апам текшерип, кетирген каталарын оңдоп-түзөп, туура жолго салып турат. Экинчи кызым пианиного кызыгып сабак алып жатат. Ал эми кичинекейим болсо абдан каардуу, балбан бала болчудай, спортчу чыкса чыгат, бирок, ырчы-бийчи чыкпайт окшойт.

– Сиз катарында турган «Элес» тобунун ырлары бүгүнкү күндө да элдин жүрөгүндө. Ошол сиздер жараткан ийгиликти азыркы күндө кайталай алчу таланттар барбы?
– Менин оюмча, жок. Бир гана аткаруучулук жактан өзүн көрсөтө алгандар бар, бирок ыры, музыкасы, сөзү, аранжировкасы көпчүлүк учурда бири-бирине дал келишпейт. Биз 5 адамдан турган бир чоң күч болчубуз, анан да бири-биринен калышпаган таланттуулар. Ошол себептен сапаттуу ырлар жаралган деп ойлойм. Келечекте биздин ийгиликтерди кайталаган топтор, ырчылар чыгат деп ишенем.

"Жубайым Гузаль, кыздарым Арнель, Аяра жана уулум Алаяр".


"Таланттуу жаштар менен студияда иш үстүндө".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Nurkyz1977
2016-12-28 11:10:44
Улуу баласы башка аялынанбы?
+2
Aikoni1106
2016-12-28 11:22:20
Aktan baykeni ayabay siylaim,iygilikterdi,ui buloluk choon bakyt kaalaim,baldaryna uzun omur!Menin biliwimche azyr ekinchi nikesi mn jawayt boluw kerek,bilgender bolso tak maalymat berip koisonuzdar.
-1
vangolu
2016-12-28 15:20:33
Кандай гана керемет адам.Улгу алчудайбыз.маекти окуп Лас-Вегаста жургондой болдум.же бир чон китеп окуп чыккандай болдум.Уйронгуло чала талант чала жылдыздар демекчимин.Акыркы кундору мушташчумун,чоп ортточумун,куйоом минтип тигинтип эркелетет,муну тигини белек кылат,байпак алдым, батинке алдым,тулпар алмаштырдым,девушка алмаштырдым деген эле маек окуп калбадыкпы.
+21
vangolu
2016-12-28 15:24:14
Актан байкенин кыргызча так суйлогонун сыйлайм.Эч качан бой которбойт,мактанбайт.Интеллект кучтуу
+7
ElkaNurka_90
2016-12-28 17:40:20
Маек аябай жакты, маани манызы терен маек болуптур
0
mila6ka
2016-12-28 20:48:02
Талантту жонокой адам
+4
Targarien
2016-12-28 22:56:53
Биздей таланттар чыкпайт деп озун ашыкча мактап коюптур Башы кокко жетсе да эл макташ керек
+1
Saribulak
2016-12-29 06:30:01
Билбейм силерге кандай? Бул ырчынын бир жарытылуу ырын укпаптырмын.
-3
NargizaM
2016-12-29 15:05:53
Кыздары кичинекей экен , неберелуу болуп калса тун уулу канчада болду экен...???
+1
NargizaM
2016-12-29 15:08:35
Сонун маек. Ийгиликтерди каалайбыз
+1
meni_kut
2016-12-29 17:50:58
Карый тушуптур.Алтын адам.,сыйлайм.
+1
futboler
2016-12-30 03:01:03
Орусташып калган киргиздердин бири го деп ойлойт элем, корсо жонокой патриот инсан экен. Талантынызга таазим.
+2
Elaman.Dosuev
2016-12-30 19:40:19
Талантынызга тазим
+2
agarai
2017-01-01 22:20:36
Эле сыйлаган легендарлуу адамдардын баласы, сыйга татыктуу талант
+3
Taalaibek.
2017-01-03 21:30:40
Мындан улуулар али эмгек синирген артисти боло элек жатып бул кайдан эмгек синирген артиси боло калган?
-1
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан