Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү аялдар ТУН БАЛАСЫН орточо 23 жаш курагында төрөйт.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп Турдубек Мамбетовдун ордуна Бактыбек Абдиев дайындалды.
"ДОРДОЙ" базары пиротехника сакталуучу кампаны өз аймагынан чыгарды. Бул тууралуу анын директору Жумабек Салымбеков билдирди.
Орусиянын Борбордук банкы 2016-жылдын 9 айынын ичинде Кыргыз жарандары мекенине 1,2 МИЛЛИАРД доллар которгонун билдирди. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 21 пайызга көп.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенкуловдун айтымында, өлкөдөгү ЖОЖдордо 11 миң чет өлкөнүн СТУДЕНТТЕРИ 100 миң сомдун тегерегиндеги окуу акысын төлөп билим алышат.
Өкмөт 92 мамлекеттин жаранына Кыргыз жерине келгенде 5 КҮНДҮН ИЧИНДЕ каттоого туруу милдеттенмесин жойду.
Бишкек шаарынын Тез жардам көрсөтүү станциясына 60тай ВРАЧ жетишпейт. Станциянын башкы врачы Искендер Шаяхметовдун айтымында, врачтар орточо 9 миң сом айлык алышат.
Быйылкы жылы ЧЕК АРАДАГЫ жаңжалдардын саны 2 эсеге азайды. 2015-жылы 22 жаңжал катталса, 2016-жылга карата 12 жаңжал чыккан. Мындай маалыматты Чек ара кызматынын башчысы Мирбек Касымкулов билдирди.
2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгында өлкө боюнча 4420 адамда КУРГАК УЧУК оорусу катталган. Алардын 312си жаш балдар. Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.
Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул боюнча президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Мектеп окуучулары үчүн КЫШКЫ КАНИКУЛ 12 күнгө созулат, тагыраагы, 2016-жылдын 30-декабрынан 2017-жылдын 10-январына чейин.
Акыркы бир аптада өлкөдө САСЫК ТУМОО ЖАНА РЕСПИРАТОРДУК ВИРУС инфекциясы 1,7 эсе төмөндөдү. Башкача айтканда, 12-декабрга карата аталган оорулар боюнча 8735 адам кайрылса, 19-декабрга карата бул көрсөткүч 5021ди гана түзгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Кыргыз Республикасында 18 жашка чыга электерге НИКЕ КЫЮУГА тыюу салган мыйзамдын негизинде муфтияттын буйругу чыкты.
РЕФЕРЕНДУМ өткөрүүнүн талаптары сакталбаганына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча 18 шайлоо участокторундагы референдум жыйынтыктарын жокко чыгарды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.