ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН БЕРҮҮГӨ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛЕБИ?

22-декабрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары "10-январга чейин электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет" деген маалыматты тактоо суроосун көтөрүштү. "Жаңы жылды эл жарык менен тособу же караңгыдабы, тиешелүү кызматтагы адамдар маалымат беришсин" дешти эл өкүлдөрү. Эске салсак, 15-декабрда Токтогул ГЭСинде 2-гидроагрегатты иштен чыгарган авария катталганы маалым болду. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынан 6 күн өткөндөн кийин гана ырасталды. Ишкана буга чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбей турганын айтып келген. Өлкөнүн ири электр энергиясынын булагы болгон Токтогул ГЭСинде буга чейин да 2015-жылы ошол эле агрегатта авария катталган болчу. Ал 3 аптадан кийин орусиялык адистердин жардамы менен ишке берилген.
Депутаттардын чакыруусу менен жыйынга келген Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев авария катталган ГЭСте оңдоо иштери кийинки жылдын 15-январына чейин бүтөрүн жана электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилбей турганын айтты. Бирок бир жылга жетпей ошол эле агрегатта авариянын катталышы жана кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен камсыздоодо тобокелчиликтердин эске алынбагандыгы тиешелүү тармакта кемчиликтер бир топ экендигин көрсөтөт. Энергетика тармагында качан жылыштар болот?

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан