Тамада ЭШЕНКУЛ БАРПИЕВ: “ТИРҮҮЛҮКТҮН БЕЙИШИ – ТОЙ”

Тойлордо, майрамдарда алтын шилекейин чачыратып, той башкарган аттуу-баштуу 20га жакын тамада 16-мартта Бишкектеги кафелердин биринде чогулушту. Жолугушууну КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, өлкөбүздөгү белгилүү тамадалардын бири Эшенкул Барпиев уюштурду. Эшенкул мырза жолугушуунун негизги максаты тууралуу ой бөлүштү.

“ТОЙЛОРДОГУ КУТТУКТООЛОРДУ ЖОЁБУЗ”
– «Тирүүлүктүн бейиши – той» деп ойчул бабаларыбыз бекеринен айтпаган. Той ошол аураны түзүп берет. Бейиштин ошончолук кооз болушунун бирден-бир себепкерлери – биз, тамадалар. Тамадалар борборун түзүү менен, эрке баланын (эл ичинде тамадалар эрке бала деп аталып жүрөт) имиджинен баштап оозунан чыккан ар бир сөзүнө жооптуу болушун талап кылалы деп жатабыз. Эгер башыбызды бириктирип алсак, бул нерселерди жөнгө салар элек.
Бүгүнкү күндө жүрөгүмдү өйүгөн бир маселе – тамадага болгон сый-урмат. Тамадага 300-400 доллар берип коюп, “буга акча төлөп койдум, каалагандай кайрылам” дешет. Мисалы, коноктор “эй, тамада, бери кел!” же “тээтигил тамаданы чакырып койчу” дешет. Тамаданын кадыр-баркын өстүрүү – биздин максат.
Акыркы кезде тойлор бири-бирине окшош. Жаштар жыргап бийлеп жүрө беришет. Ал эми улуу муундагылар өз кезегин эртелетип, каалоо-тилегин айтып кетип калышат. Биз бул көрүнүштү жоёбуз. Келген конок той ээсине жакшы каалоо- тилегин айткысы келет. Бирок 300 адамдын каалоосун айттырганча таң атып кетпейби. Бул нерсени акырындан жоюу керек. Бир жерге камера коюп, каалоочулардын баарын сүйлөтүп, аны жакшы монтаждап койсок, кийин той ээси шашпай уга берет.

“КААДА-САЛТТЫ ТОЛУК БИЛИШИ КЕРЕК”
– Казактардын тоюна барып жүрөм. Аларда тамадалар атайын топ түзүп алышкан. Келгиле, биз да тамадалар союзун түзөлү. Ишибизди жөн гана акча табуучу хобби эмес, кесип катары эл арасына сиңирели деп кесиптештерди чогулттум. Бир адам той берүү үчүн канча камынат. Бирөө 3 жылдап даярданса, дагы бирөө ал жакшылыкты чоң деңгээлде өткөрүү үчүн андан да көп убакыт сарптайт. Чоң тойду кызыктуу кылып өткөрүп берүү тамаданын милдети болуп саналат. Угуп эле жүрөм, кээ бир кесиптештерим тойду аягына чыгарбай “жинди сууга” мас болуп, өз милдетин унутуп коюп жүрүшөт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп, булар бардык тамада аттууларга сөз тийгизишет. Мындайларды баарыбыз биригип тарбиялашыбыз керек. Ошондой эле тамада сабаттуу да болушу керек. Кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын так билүүсү зарыл. Ар бир аймактын салты ар башка болот. Той ээси кайсы жактан болсо, ошол жердин салты менен өткөрүп беришибиз керек.
Бишкекте 3000ден ашуун кафе-ресторан бар. Күз келгенде бул кафелердин бири да бош эмес. Ал эми бизде анча тамада жок. Билишимче, Кыргызстанда 300дөн ашуун тамада бар. Той берүүгө келгенде той ээси чыйпылыктап эле тамада издеп калат. Ошондуктан баш калаабызга тамадалардын кеңсесин ачып, той берүүчүлөргө бардык жактан ыңгайлуу шарт түзүп бергени жатабыз. Кеңседе бүтүндөй тамадалардын тизмеси, телефон номерлери болушу керек. Анан да алардын той алпаруу программасы бири-бириникине окшош эмес болушу шарт.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
italia
2010-03-29 18:36:07
Тойго келип тос суйлобогондо анан качан суйлойбуз я?
0
Таллас
2010-03-29 22:45:55
"Бейиштин ошончолук кооз болушунун бирден-бир себепкерлери – биз, тамадалар" ??? Кудайды бир карап туруп калп айтсаң. СамоРеклама!!!
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан