ОРУС ЭЛЧИСИН "ЖЕЙШ АЛЬ-ФАТХ" УЮМУ ӨЛТҮРТКӨН

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду "Жейш аль-Фатх" террордук уюму "биз өлтүрдүк" деп жарыялашты. Аталган маалыматты орусиялык ТАСС агенттиги "Ас-Сумария" телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Ал эми буга чейин Түркия бийлиги аталган кол салуунун артында АКШдагы түрк диний ишмери Фетхулах Гүлендин уюму турат деп айыптап жаткан болчу.
19-декабрь күнү Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүндө орус элчиси Карлов атып өлтүрүлгөн. Аны полиция кызматында иштеп келген Мевлют Мерт Алтынташ аттуу адам атып салды. Кылмышкерди окуя болгон жерде эле полиция кызматкерлери жок кылышты. Окуя болгон жерде Карловдун чакыруусу менен барган Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов жана Өзбекстандын элчиси да болгон. "Мен Карловдон 3 метр аралыкта турган элем. Атайын кызматтагы адам сыяктуу кийинген 1 жигит элчинин артына туруп алды. Бир нече ирет кылмышкер менен тиктешип калдым. Карлов чыгып сүйлөй баштаганда эле кылмышкер тапанчасын чыгарып атып салды. Огун алмаштырып жатканда биз качып чыкканга жетиштик",- деп элчи Ибрагим Жунусов билдирди. Элчини аткан соң кылмышкер бөлмөдөгүлөргө кайрылып, "Алеппо үчүн! Аллаху Акбар" деп кыйкырган. 2015-жылы Орусиянын учагын Түркия атып түшүргөндөн соң эки мамлекеттин мамилеси сууп кеткен болчу. Быйыл гана алакалар кайра жанданып, эки өлкөнүн президенттери жолугушкан. Режеп Тайип Эрдоган да, Владимир Путин да аталган кол салууну эки өлкөнүн мамилесин бузууга арналган атайын чагымчылдык деп аташты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан