КОЛЛЕКЦИЯ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БААЛУУЛУК

Дүйнө жүзүндө коллекциялык монеталарга кызыгуу жыл санап өсүүдө. Аларды мурдагыдай нумизматтар же кесипкөй коллекционерлер гана эмес, инвестиция катары жөнөкөй жарандар да сатып алышууда. Анткени мындай сейрек монеталарды туура пайдаланган жолдуу нумизматтар көп байлыкка ээ болушу да мүмкүн. Коллекциялык монеталар дээрлик дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө чыгарылып келет. Биздин өлкөдө да Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эстелик монеталарды чыгаруу салтка айланган. Башкы банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн жетекчиси Медина Ашыралиева коллекциялык монеталар тууралуу пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

– Коллекциялык монеталардын Кыргызстанда чыгарылышынын кыскача тарыхы тууралуу айта кетсеңиз?
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алгачкы нумизматикалык коллекциялык алтын, күмүш монеталарын 1995-жылы өлкөдөгү эл аралык чоң окуя – "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арнап чыгарган. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жалпы стратегиясына ылайык пландын чегинде, комплекстүү ыкмада ишке ашырылган шартта нумизматика рыногун кыйла натыйжалуу жана тез өнүктүрүүгө жетишүүгө болот. Кыргызстандын нумизматикалык рыногун өнүктүрүүдө Улуттук банк гана эмес, Улуттук банктын нумизматикалык продукциясын сатып алуучулар да чечүүчү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан жалпысынан 63 коллекциялык монеталар чыгарылган. Анын ичинде: 4 алтын, 46 күмүш, 11 жез-никель жана 2 мельхиор монеталары. Алтын монеталардын номиналы – 100 жана 200 сом, күмүш монеталардын номиналы – 10 сом, жез-никель монеталардын номиналы – 1 сом, мельхиор монеталардын номиналы – 5 сом.

– Коллекциялык монеталарды чыгаруунун максаты кандай?
– Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенир, белек же нумизматикалык баалуулук гана болуп эсептелбестен, маалымат булагы да болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө байланыштуу маданий эстеликтер менен маанилүү даталарды даңазалоо, маданият жана спорт жаатында жетишкендиктерди, улуттук үрп-адаттарды, оюндарды кайра жандандыруу, Кыргызстандын өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү, кайталангыс түрлөрүн сактап калуу жана кеңири жайылтуу максатын көздөйт. Улуттук банк чыгарып жаткан коллекциялык монеталардын тематикасы Кыргызстандын кооздугун, кайталангыс өзгөчөлүгүн даңазалоого багытталган.

– Эстелик монеталар кайда, кантип жасалат?
– Улуттук банктын бир коллекциялык монетасын чыгаруу үчүн жарым жылдан бир жарым жылга чейинки убакыт кетет. Башында монетанын тематикасы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, концепциясы түзүлөт. Андан соң монетаны иштеп чыгуу үчүн аларды чыгаруу боюнча план түзүлөт жана Улуттук банктын башкармалыгынын токтому менен бекитилет. Мында адистер Улуттук илимдер академиясы, Борбордук архив, ЖОЖдор жана башка мекемелер менен кызматташат. Андан кийин сүрөтчү-дизайнерлерге эскиздерди иштеп чыгаруу үчүн техникалык тапшырма даярдалып берилип, алардын иштери атайын жумушчу тобу тарабынан каралат. Улуттук банктын адистери колдонулуучу материалдар жана монеталарды даярдоо технологиясы боюнча сунуштарды иштеп чыгышат. Мындай процедуралардан кийин алгач сунушталган эскиздер кийин таанылгыс болуп өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Андан соң эл аралык тендер өткөрүү менен монеталарды чыгаруучу ишкана аныкталат. Буга чейинки чыгарылган биздин монеталар Казакстандын, Словакиянын, Литванын, Польшанын, Санкт-Петербургдун жана Улуу Британиянын Побжой Минт зерканаларында даярдалып чыккан.

– Улуттук банк чыгарган монеталар эл аралык сынактарга катышабы, катышса кандай бааланат?
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары эл аралык сынактарда ийгиликтүү катышып келе жатат. Мисалы, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталардын сериясы 2010-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн эстелик монеталардын эл аралык сынагында «Библио-Глобус» соода үйүнүн ардак дипломуна ээ болсо, «Улуу Жибек Жолу» коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause Publications» басмасы тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын монетасы» эл аралык сынагында жеңүүчү аталган. Ал эми 2014-жылы «Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы» сериясындагы «Саймалуу-Таш» коллекциялык монетасы «Монеталар даражасы-2014» эл аралык сынагында «Жылдын эң мыкты күмүш монетасы» номинациясында 3-орунга татыган.

– 2-3 күн мурда жаңы коллекциялык монеталардын жүгүртүүгө чыккандыгы маалым болду. Ошолорго токтоло кетсеңиз, кандай жаңылыктар киргизилди?



– 2016-жылдын 20-декабрынан тарта «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталары менен «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Эдуард чаар гүлү» (Айгүл гүлү) коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгардык. Алардын өзгөчөлүгүнө токтоло кетсем, «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» коллекциялык монетасы – Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170-жылдыгына арналган «Кыргыз каганатынын доору» сериясында чыгарылган төртүнчү монета. Келбети келишкен кыргыз жоокерлердин таасирдүү элеси алкагында өзгөчө технологияны колдонуу менен түшүрүлгөн жаачы жоокердин келбети монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт.



Ал эми «Эдуард чаар гүлү» (Айгүл гүлү) монетасы Улуттук банк тарабынан Кыргызстандын Кызыл китебине кирген, өсүмдүктөр дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү, табият сулуулугунун кайталангыс түрүн сактап калуу жана кеңири жайылтуу максатында чыгарылууда. Бул монетанын эң башкы айырмачылыгы, анын формасында жана керемет гүлдүн сүрөттөлүшү өзгөчө тампондук ыкмада түшүрүлгөнүндө. Эсиңиздерде болсо керек, быйыл өзгөчө формадагы 3 монетаны чыгардык.

Алар: «Көчмөндөр оюндары» (4 бурчтуу);


«Жусуп Баласагынга 1000 жыл» (8 бурчтуу) жана жаңы чыккан «Айгүл гүлү» (сүйрү).


– Улуттук банктын коллекциялык монеталарын сатып алууну каалагандар кайсы жакка же кимге кайрылуусу керек?
– Коллекциялык монеталарды иш күндөрү күндүзгү саат 9:00дөн 12:00гө чейин Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкы жүгүртүү кассасы жайгашкан Темиркул Үмөталиев көчөсү, 101 дарегинен сатып алууга болот. Ошондой эле Улуттук банктын бардык аймактык башкармалыктарынан каалаган монетаны сатып алууга да шарт түзүлгөн. Ал эми монетанын сатуу баасын, алардын наркын, өзгөчөлүгүн жана башка маалыматтарды www.nbkr.kg дарегинен таба аласыздар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан