ТООК ЖЫЛЫНЫН ДАСТОРКОНУ

Босогодо тоок жылы. Чыгыш календары ар бир жылдын жаныбарына жараша дасторкон даярдаса, ошол жыл ийгиликтүү өтөрүн эскертет. Андыктан бул ирет кожойкелер үчүн тоок жылынын дасторконун кантип даярдоо керектигин жана тоюмдуу, көп каражатты талап кылбаган, бат жасалчу салат, закускелердин рецепттерин сунуштамакчыбыз.

Тоок ачык түстөрдү жактыргандыктан кызыл, ак дасторкон тандаңыз. 2017-жылдын урааны – табигый нерселер. Андыктан дасторконго желим идиштерди эмес, айнектен, жыгачтан, чоподон жасалган сервиздерди коюу туура. Мындан сырткары кызыл жана алтын түстөгү шамдарды коюп күйгүзүп койсоңуз, интерьерге өзгөчө көрк кошот.

Тоок өсүмдүктөргө, дан азыктарына жакын болгондуктан даамдарды жасоодо чөп-чарларды, жүгөрү, буурчак, төө буурчактарды кенен колдонсоңуз болот. Жыл ээсин таарынтпайын десеңиз, анда канаттуунун этинен жасалган азыктарды жасабоону сунуштайбыз. Мындан сырткары курамына жумуртка азыраак кошула турган рецепттерди тандаңыз.

Дасторконго коюлчу ичимдик, суусундуктарга токтолсок, тоок алкоголдук ичимдиктерди жактырбайт. Андыктан мөмө-жемиштердин нак ширесине токтолгонуңуз оң. Ичимдик сүйүүчүлөр бир аз коньяк, виски татып коюшса жетиштүү.

"АЛТЫН КОРОЗ" САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Консерваланган балык
(тунец, сайра, скумбрия) – 1 банка
Күрүч – Жарым стакан
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Консерваланган буурчак – 1 банка
Жумуртка – 3-4 даана
Майонез
Кооздоо үчүн – кызыл болгар калемпири, зайтун ашы жана көк пияз

Даярдоо ыкмасы:

1. Күрүчтү, жумуртканы, сабизди өз-өзүнчө сууга бышырып алабыз.
2. Сабиз менен жумуртканы тазалап, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Пиязды болсо аарчып, майда туурайбыз. Ал эми консерваланган балыкты вилканын жардамы менен эзебиз.
3. Эми азыктардын баарын түбү тегиз тарелкага ирети менен жайып каттап салабыз. Алгач күрүчтү салып, короздун формасына келтиребиз.
4. Күрүчтүн үстүнө пиязды, андан соң балыкты салып, майонезден сүйкөйбүз. Кийинки катмарлар жумуртканын агы же сарысы, сабиз жана буурчак болмокчу. Кайрадан майонез сүйкөлөт. Салаттын эң үстүнкү катмарын жумуртканын агы же сарысы менен жаап, болгар калемпирин кесип куйругун, таажысын, ал эми канатын, бутун, тумшугун зайтун ашы менен кооздоп койсоңуз болот.

КРАБ ШАРЛАРЫ

Керектелүүчү азыктар:

Катуу сыр
– 100 грамм
Эритилген сыр – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Краб таякчалары – 120 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Майонез – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканы сууга бышырып, сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Буга майда тууралган сарымсакты кошобуз.
2. Сырлардын түрүн жана краб таякчаларын өз-өзүнчө майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Эми жумуртка, сырларды бир идишке салып, майонез кошуп жакшылап аралаштырабыз. Даяр болгон массадан тоголок шарларды жасап, краб таякчасынын күкүмүнө оонатып алабыз. Шарларды тарелкага тизип, көк чөптөр менен кооздоп коёбуз.

УЙДУН ТИЛИ

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун тили – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Көк пияз – 1 тутам
Пияз – 1 баш
Баклажан – 1 даана
Сарымсак – 3 тишче
Соя соусу – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Болгар калемпири – 1 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз, баклажанды ичке, узун-узун кылып туурап, туздан себелеп тыныктырып коёбуз.
2. Сууга бир аз туз кошуп, уйдун тилин кайнатып бышырып алабыз.
3. Пиязды жарым шакекче, сабиз, болгар калемпири жана уйдун тилин ичке, узун-узун кылып туурайбыз.
4. Эми кызып турган майга алгач сабизди 3 мүнөттөй кууруйбуз. Артынан пиязды, баклажанды салып дагы 3 мүнөттөй кууруйбуз. Эми болгар калемпирин, уйдун тилин, көк пиязды жана майда тууралган сарымсакты салып 1-2 жолу аралаштырып, отту өчүрүп, казандын капкагын жаап демдеп коёбуз. 5 мүнөттөн кийин казанга соя соусун куюп жакшылап аралаштырабыз. Салатыбыз даяр!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Aydina
2016-12-28 12:41:22
Сонун салаттар. Буюрса " алтын короз" салатын жасайм деп турам. Рахмат
+6
ju0708
2016-12-28 13:10:58
Бул майрамдын керегида жок бизге жон эле чыгым.кайдагы шапакляктардын майрамы
-11
ilgis1991
2016-12-28 15:16:07
ju0708,Сен анык ХХХ окшойсун?
+2
admin_superstan
2016-12-28 15:19:29
ilgis1991, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
-2
AikUrm
2016-12-28 15:48:53
Зайтун ашы деген эмне?буту корунбойт го?
+1
Nurzidarush
2016-12-28 16:39:06
Зайтун бул олива, маслина
0
tashkan
2016-12-28 22:09:39
Пайдалуу кенеш абдан жакшы бир жаны жылда эмес башка учурларда да даярдасак болот.
+2
Ayka0696
2016-12-29 07:30:47
Сонун рецепттер экен мага жакты
+1
ailin16
2016-12-31 11:24:26
Урматуу достор кожойкенин куржуну кайсыл жакта экенин таба албай жатам жардамдашып койгулачы.
0
admin_superstan
2017-01-03 14:46:02
ruslan1992
2017-01-01 11:21:41
Соонун
0
nur007mir009kg
2017-01-03 08:25:34
Жаны жылда кандай дастаркон жасайбыз деп туйшук тарттык эле жаны жыл да отту
0
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан