МУРАТ НАСЫРОВДУН ӨЛҮМҮНӨ БАҢГИ ЗАТ СЕБЕПКЕРБИ ЖЕ...

АЖАЛГА МОЮН СУНГАН ЫРЧЫ
Мурат Насыров 19-январь күнү дүйнө­дөн кайтты. Баңгизаттын күчүнөн улам ал Москвадагы өзү турган үйдүн бешинчи кабатынан секирип кеткен. Мурат өлүм алдында ага Кудайлар келгенин жана алар менен кеткени жатканы тууралуу айткан. Ошол күнү алыскы жолго узап жаткандай, балдарын уктап жаткан жеринен ойготуп коштошкон экен. Ырчынын өлүмү тууралуу орус ырчыларынын ханышасы Алла Пугачёва: “Мурат акыркы жылдары чыгармачылык кризисти башынан өткөрүп жаткан. Мындай абалдан чыгуу үчүн күчтүү болуу керек эле. Мурат алсыздык кылып койду” деген оюн билдирген. Мындан тышкары, өткөн жылдын жай айында Мураттын жакын досу, “А-Студио” тобунун гитарада ойногон жигити Баглан Садвакасов каза болгон. Муну ырчы чоң жоготуу катары кабыл алып, баңгизатты көп колдоно баштаган. Акыркы учурда ал каза болгон досун көбүрөөк эстеп, “досум тиги дүйнөгө чакырып жатат” деген сөздөрдү да айтып калчу дешет. Ал эми ырчынын үйбүлөсү: «Мурат баңгизат колдонгон эмес. Бул – болгону кокустук» дешүүдө. Мураттын бир туугандары анын аялы Наташаны жемелеп, “Муратты көзөмөлгө албай койдуң” деп жаткандары да айтылууда. Ырчынын сөөгү өзү төрөлүп-өскөн Алматы шаарында 22-январь күнү жерге коюлган. Эмесе, өлүмү ар түрдүү көз карашты туудурган ырчынын басып өткөн жолу жана үйбүлөсү тууралуу сөз кыла кетсек.

КӨПЧҮЛҮКТҮ СҮЙБӨГӨН БАЛА
Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Улуту уйгур ырчынын атасы учурунда такси айдап үйбүлөсүн баккан, апасы фабрикада жумушчу болуп иштеген. Мурат беш бир туугандын кичүүсү болгондуктан, абдан эрке өскөн. Ырчы кичинесинде көпчүлүк­төн алыс болгонду жакшы көрчү. Ошондон улам үйүндөгүлөр Муратты ырчы болот деп ойлошкон эмес. Мураттын музыкага болгон кызыгуусу жети жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Ошондо эле анын музыкалык шыгы байкалган. Музыкадан тышкары ырчы математика, физика деген сабактарды кызыгуу менен окуганы белгилүү. Мектепти аяктаган соң аскерге чакырылат. Аскерде кечелердин көркүн Мурат менен кошо анын орус улутундагы досу ача баштайт. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Буга албетте, ата-энеси каршы чыгат. Бирок, өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан, 1989-жылы Москвага сапар алат.

МОСКВАНЫ БАГЫНТУУ
Үйбүлөнүн көңүл борборунда өскөн болочок ырчы Москвага келгенде бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Адегенде ал өзү менен аскерде кызмат өтөгөн досунукунда жашайт. Экөө “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Музыкалык билим керектигин ойлоп, Мурат музыкалык окуу жайга тапшырат. Өзүнөн көп нерсени талап кылган Мурат “Ялта-91” конкурсуна катышып, Гран-прини утуп алат. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышат. Мураттын казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет Тамбов” деген ыры Мураттын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнө­сүн­дө өз ордун табат. Антсе да Мурат өз улутунда, тагыраак айтканда, уйгур тилинде альбом жаздырып чыгарууга жетишет.

МУРАТТЫН БИРИНЧИ ЖАНА АКЫРКЫ СҮЙҮҮСҮ
Мурат өзүнүн граждандык никедеги жубайы Наташа менен студент кезде жатаканадан таанышат. Наташа Эстониядан курбу кызы менен Мурат окуган окуу жайга тапшырганы келген болот. Наташаны Мурат бир көрүп эле жактырып калат. Бирок, ал кезде ырчы башка кыз менен сүйлөшүп жүргөн эле. Наташа менен жакындан таанышкандан кийин Мурат сүйлөшкөн кызынан кол үзүп, Наташанын жүрөгүн багындыруу аракетин көрө баштайт. Таланттуу жигитке ал бат эле көнө түшөт. Ошентип, экөө бир жашап калышат. Ата-энеси Наташа экөөнүн мамилесине каршы чыгаарын сезгендиктен, бул тууралуу Мурат үйүндөгүлөргө ооз ачпайт. Себеби, ырчынын үйбүлөсү мусулман динин бекем кармаган адамдардан болгон. Ал эми Наташа христиан дининде болгон. Качан гана эки жаш Лия аттуу кыздуу болгондон кийин Мураттын ата-энесине билгизишкен. Мураттын атасы келининен “мусулман динин кабыл аласыңбы?” деп сураган. Орус келини кабыл алууга даяр экенин айткандан кийин гана экөөнө нике кыйылып, той өткөрүлгөн. Наташа мусулман динин кабыл алса да, Мураттын ата-энеси аны толук кандуу келин катары кабыл алышкан эмес. Мурат менен Наташа бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө никеге турушкан эмес. Анткени, Наташа Эстониянын атуулу боюнча калууну чечкен. Наташа ырчылык кесипти аркалоого киришкенде, экинчи баласы Аким төрөлөт. Ошентип, анын ырчылык карьерасы токтоп калат. Учурда Мурат менен Наташанын кызы Лия 11 жашта, ал эми уулу Аким 7 жашта.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан