МИТЕ КУРТТАР ӨБҮШҮҮ АРКЫЛУУ ДА ЖУГАТ

Адамдын организмин байырлаган мите курттар медицинада "гельминттер" деп аталат. Алардын зыяндуулугу өтө жогору. Мисалы, бала акыл-эс жана физикалык жактан өспөй калат. Баш мээни байырлап калгандары мээни "жейт". Толугураак маалыматты Бишкектеги Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбековдон алалы.

ОРГАНИЗМГЕ КИРҮҮ ЖОЛДОРУ

  • Ооз (көбүнчө)
  • Мурун
  • Жыныстык органдар
  • Заара чыгаруучу канал
  • Тери аркылуу

МИТЕ КУРТТАРДЫН ОРГАНИЗМДЕ БАР ЭКЕНДИГИНИН БЕЛГИЛЕРИ

  • Ичтеги оорутуу
  • Ич өтүү
  • Жүрөк айлануу, кусуу
  • Ичтин көбүшү
  • Көтөн чучуктун тегерегинин жана жыныстык кындын кычышышы же кызыл темгилдердин чыгышы
  • Арыктоо
  • Заң менен кошо мите курттардын чыгышы
  • Бетке бүдүр, безеткилердин чыгышы, денедеги аллергия
  • Дене табынын көтөрүлүшү
  • Уктап жатканда тиш кычыратуу

ОРГАНИЗМГЕ КЕЛТИРГЕН ЗЫЯНДАРЫ

  • Рак жаралат. Жакында эле Батыштын окумуштуулары рактын келип чыгышынын бир себеби катары мите курттарды айтып чыгышты. Анткени мите курттар өлгөн жердеги клеткалар алардын чириндиси жана чиригенде чыккан ууларынан улам өзгөрүлүп, рак жаралат дешет.
  • Мите курттар өздөрүнүн бөлүп чыгарган заң, заарасы жана түлөгөн терилери аркылуу адамдын организмин уулантат. Кусуу, көңүл айлануу, аллергия мунун далили.
  • Канды жана андагы адамга керектүү заттарды (витаминдер, микроэлементтер) соруп алуу менен анемияга, авитаминозго учуратат.
  • Өзү жайгашкан жердеги ткандардын, органдардын иштөөсүн бузуп, сезгендирип, ооруларды жаратат. Оорулар: гепатит, бронхиалдык астма, боордун циррозу, эхинококкоз, бронхит, отит, холецистит, жүрөк-кан тамыр оорулары, панкреатит, псориаз, ичегинин бүтөлүүсү, дерматит, ала, өттүн таш оорусу.
  • Иммунитетти төмөндөтөт.
  • Жаш балдарда акыл-эсинин жана дене боюнун өсүшү кечеңдейт.

ДАРЫЛОО, ДИАГНОЗ

Диагноз үчүн керектелет:

  • Заңга анализ
  • Канга анализ (иммунологиялык жана иммундук-химиялык)
  • УЗИ, томография

Дарылоо

  • Мите курттарга каршы дары-дармектер (левамизол, мебендазол, альбендазол, медамин, пирантел жана башка) колдонулат. Оор учурда операция жасалып, мите курттар жайгашкан жер кесилип, тазаланат.

ЭҢ КӨП ТАРАГАНДАРЫ ҮЧӨӨ

Аскарида. Узундугу 15-25 сантиметр. Бул жараткан оору аскаридоз деп аталат. Ургаачысы 1 суткада эле 240 миңдей жумуртка тууйт. Бир жылга чейин жашайт. Көбөйүп кетишкенде 1 суткада адамдын 0,5 литр канын соруп алууга жетет. Көбүнчө жуулбаган жашылча-жемиштерден жугат.

Лямблия. Денесинин узундугу 10-18 микрометр (мкм). 2-4 айга чейин жашашат. Булар жараткан оору лямблиоз деп аталат. Булганган суу, тамак-аш, кир кол аркылуу жугат.

Чүчөк курт­­­тар. Узундугу 2-12 миллиметрге чейин. Жашоосунун узактыгы 2-4 апта. Булар жараткан дарттын аталышы – энтеробиоз. Адамга кир кол, булганган тамак-аш, кээде булганыч суу аркылуу жугат. Чүчөк курттар түнкүсүн көтөн чучук аркылуу сыртка чыгып, анын айланасында жумуртка таштап өлөт. Анын бул кыймыл-аракети кычышууну жаратат. Тырмаганда тырмак ичине жумурткасы кирип кетсе, ал буюмдарга, анан ошол буюмдар же кол аркылуу оозго кирет. Ошентип адамга кайра жугат.

АЛДЫН АЛУУ

  • Тамактанар алдында, ойногондон жана дааратканага барып келгенден кийин колду самындап жуу;
  • Жашылча-жемиштерди жууп колдонуу;
  • Бирөөнүн щётка, сүлгү жана башка жеке буюмун колдонбоо;
  • Ич кийимди бат-бат алмаштыруу;
  • Туруп калган, булганган тамак-ашты жеп-ичпөө;
  • Ичегилерди 1 жылда 1-2 ирет тазалатуу, органдарды 1 жылда 1-2 ирет УЗИден текшертүү;
  • Сууну кайнатып ичүү;
  • Мите курттарды өлтүрүүчү касиети бар ашкабактын данегин, сарымсакты жеп туруу;
  • Ооруганда дароо врачка текшерилип, дарылануу.



Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
altynka95
2016-12-28 11:26:11
Обушпогуло Эми
-5
EPXAHOB
2016-12-28 14:53:54
Болду эми көп өбүшпөйм. Бир күндө 3 жолу өбүшсөм ошо жетет.
-5
ulchana
2016-12-28 16:05:15
Бир айда,озунор да обушо турган адамынар да,Пирантел,Вермокс,Немозол ушулардан бир курс ичип турсанар коркунуч азыраак болот болуш кк.
-2
Romantik.
2016-12-29 13:39:46
Не эле семирбейм деп коём. Корсо куртум бар окшойт
-3
marmiladka9
2016-12-30 00:06:39
кулботодон да жукса керек...
-3
raykray
2016-12-30 12:52:01
Толгурак жазгыле дарылоо курсун сарымсак ашкабактын данегин кантип канчадан жеш керек
0
azamat.k
2017-01-02 08:45:24
Балдарды бетинен ооп турса болот бекен,же бетинен опкондо да бир нерсе жугуп кетеби.
0
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан