ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ҮЙДҮ ТАЗАЛОО

Тоок – жаңылануунун, жаңы башаттын, күтүүсүз ийгиликтердин символу. Демек, бул жылы жашоодо чоң бурулуштар болот. Бул үй канаттуусу өзүнө кам көрүүдө эч нерседен аянбайт. Ошондуктан сиз дагы буюмдарыңызды жаңыртып, Жаңы жылга кам көрүүнү баштаңыз. Үйдү тазалоодо алгач узак убакытка сакталган буюмдардан арылуу керек. Мындай ыкма менен убакытты гана үнөмдөбөстөн, минимализм менен жашоого да үйрөнөсүз.

ФЭН-ШУЙ БОЮНЧА ҮЙДҮ ТАЗАЛОО

ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ.


Андагы эски бет аарчы, кир жуучу каражаттарды, жышынгыч, эскилиги жеткен тиш жуучу щёткаңызды да ыргытууну унутпаңыз.

АШКАНА.


Кертилген, жаракасы бар фарфор идиш-аяктарды, колдонулбай калган буюмдарды аныктап алыңыз. Үйдү тазалоодо жылдар бою сакталып, бирок колдонулбаган керексиз буюмдардан баштаңыз. Эгерде ыргытууга көңүлүңүз кыйбай жатса, туугандарыңызга же тааныштарыңызга бериңиз. Ал эми ачылгандан кийин артып калган татымалдарды дароо ыргытыңыз. Муздаткычтын ичи таза болуп, андагы азык-түлүктөр да жаңы болушу шарт.

УКТООЧУ БӨЛМӨ.


Эскилиги жеткен шейшептерди, жаздык каптарды колдонуудан чыгарыңыз. Эски буюмдарды жок кылмайын ордуна жаңысы келбей турганын эске алыңыз.

ГАРДЕРОБ.


Кийим-кечелерди иргеп, кийилбеген, бирок жөн эле орун ээлеген кийимдерди муктаж болгон адамдарга жардам катары берсеңиз болот. Гардеробуңузда күнүмдүк кийген кийимдер гана калсын. Бул гардеробдун жаңылануусуна, үйүңүздү терс энергиядан арылтууга жана Жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алууга жардам берет.

КИТЕП.


Жараксыз китептерди башкаларга тартуулап же макулатурага өткөзүп жибериңиз. Жаңы китеп жаңы идеяларга сугарат.

ЖАН ДҮЙНӨНҮ ЖАНА ОЙДУ ТАЗАЛОО


Өткөн окуяны эстөө экинчи ирет ката кетирбегенге жардам берет. Негативдүү ойлор психиканы бузуп, ар түрдүү ооруларды (мисалы, кан басымдын жогорулашы, инсульт, невроз, рак) чакырат. Ойду тазалоо үчүн бир жыл бою башыңыздан өткөн негативдүү учурларды кагазга жазып, өрттөп салыңыз. Муну менен терс эмоциялардан арыла аласыз. Эми жаңырган жылда жасай турган иштериңиздин схемасын түзүп, аны көрүнүктүү жерге илиңиз. Тизмедеги иштердин аткарылып жатканына көз салып туруу менен, максатсыз кыялдардан арыласыз.

КИЙИНКИ КАДАМ.


Артык баш буюмдардан арылгандан кийин бөлмөлөрдү жууп-тазалоого киришиңиз. Үй тазалоодо жыл бою топтолгон терс энергия чыгат. Ошондуктан эринбестен бөлмөлөрдүн ар бир бурчун жууп-тазалап чыгыңыз.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖӨРӨЛГӨЛӨР

Жыл жаңырар алдында карыз сурагандарга акча бербеңиз. Эгер сиз карыз болсоңуз Жаңы жылга чейин кутулууга шашылыңыз. Болбосо жыл бою карыздан башыңыз чыкпай калышы ыктымал.

Каражат жаатында тартыштык болбосун десеңиз катуу кагаздан кыркып алып, «байлык» деген сөздү жазып, капчыгыңызга салып жүрүңүз. Бөлмөнүн төрт бурчуна темир тыйындарды бастырып коюңуз. Жаңы жыл күнү чөнтөгүңүзгө акча салсаңыз, бир жыл бою чөнтөгүңүздөн акча үзүлбөйт.

Ийгилик үчүн – кайсы гана сувенир болбосун үй-бүлө мүчөлөрү чогулган бөлмөнүн чок ортосуна коюңуз. Эгерде бардык баштаган иштериңизден ийгиликтин жылмаюусун кааласаңыз бакыт бамбугун алыңыз. Ал сөзсүз 21 бутак болушу керек. 21 – фэн-шуй боюнча ийгиликтин саны деп саналат.

СААТТЫН ЖЕБЕСИ 12НИ КАККАНДАН КИЙИН...

Жаңы жылдык дасторконду аянбастан толтуруп салганыңыз жакшы. "Тамактын баары желбей калат" деген ойдон качыңыз. Болбосо жыл бою үнөмдөп тамак жасап калуу коркунучуна дуушар болосуз.

Жаңы жылдын биринчи күнүндө эле дос-туугандардыкына барууга, белек-бечкектерди тартуулоого шашылбаңыз. Анткени сиз өзүңүз менен кошо жакшы нерселерди алып чыгып, башкаларга тартуулаган болосуз.

Жаңы жылга саналуу мүнөттөр калганда ар кандай каалооңузду бир нече кагазга жазып ("машиналуу болгум келет" же "жаңы үйдө жашагым келет" жана башка), жаздыгыңыздын алдына коюп коюңуз. Эртең менен карабай туруп жаздыктын алдынан бирди сууруп чыгыңыз. Сиз алган кагазда кайсы каалоо жазылса, ошол сөзсүз орундалат.

Жыл жаңырган күнү кир кийимдериңизди жуубаңыз, таштандыны сыртка төкпөңүз. Болбосо үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине кыйынчылык жаралышы ыктымал.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Kroxa
2016-12-28 09:14:41
Соонун кенештер,экен бугун уборка кылып бутом буюрса..анан продукты ташыйм. Тоок эти,,жумурткадан салаттар койулбашы керек экен,,таарынтып албайлы жаны жылдан кийин жасаса болсо керек,,,ордокторумду бышырбайт экенимин..канаттуу да бул деле..
0
Nurkyz1977
2016-12-28 09:24:49
Мындай ырым жырымдар адамдын кыжырын келтирет,баардык жакшылыкты Жараткандан тилеп тилек кылып сурансан кабыл болот,анан жаздыктын алдына кагаз жазып коюп,бирди сууруп чыгып окуп бул эмне дегендик ошол кагазга ишениш керекпи? Кудай сактасын адашкандардын жолунан,созсуз эле жаны жыл куну эмес ар куну Аллага чын журоктон жалынып жакшы тилек кылсан кабыл болоруна ишенем. Кааласа берет,каалабаса алат бул нерсе бир гана АЛЛА Тааланын колундагы нерсе. Баардыгынарга эки дуйно бактылуулугун каалайм!!!
+17
ilgis1991
2016-12-28 11:11:17
Уйду тазалайм деп чекеден ыргыта берсек,эртеси кайсы буюмду пайдаланабыз?
+11
ju0708
2016-12-28 13:06:31
Биз капырлардын майрамын майрамдайбыз капырлар биздин майрамды майрамдайбы?жаны жылды тозгон адам мусулмандан чынып калат! бизге бул майрамдын кереги жок
-5
boze
2016-12-30 23:30:37
ju0708,силер майрамдабай эле койгула. Кантип жыл алмашат ошондо силерде? Таш доорунда жашай бергиле анда убакытты билбей эле. Суйлойт десе эле суйлой беришет ушул фанаттар.
-1
Mervi
2016-12-28 16:34:55
Жаны жыл башка майрамдарга караганда мусулмандарга туура эле келе турган майрам менин ойумча. Кундо эле майрамдык атмосфера боло бербейт да уй булоодо, ичкилик ичпей жакшы тилек менен уй булоондун курчоосунда отургандын эмнеси туура эмес? Супер инфо жакшы нерселерди жазыптыр. Кандай жол менен тилек тилесен да ички ойун таза болсо кудайым берет да.
+8
klassika
2016-12-29 14:00:37
Майрам десе эле бул мусулман бул каапыр дей бербегилечи.Динде деле эн негизгиси адамга зыяны тийбеши керек.Майрамдык маанай,жакшы калоо тилектин эмнеси жаман.Жок дегенде анда санда ушундай майрадардын арты менен жумуштан эс алып,бир бирибизге белек кылып конул которуп туралы да . кор тирлик деп эле журо бербей
+4
saribaeva
2016-12-30 08:30:55
Жаны жыл всемирный майрам болсо керек деп ойлойм.
-2
leilek_suluktu
2016-12-30 21:45:58
рахмат чоон
-1
Kroxa
2016-12-31 09:01:08
Кудай адамды жараткан,,динди жаратып болунуп жашагыла деген эмес!!!дйунолук тарыхта келе жаткан жаны жылды майрамдайбыз так что,,
-1
Drongo
2017-01-01 20:25:28
Кроха эже сиз ар дайым туура айтасыз.Ал эми чала сабат дин бузарлар суйлой беришет да акылдуусунуп.
+1
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан