Белгилүү обончу жана аткаруучулар Майрамбек Осмонов, Түмөнбай Колдошов, ырчылар Чолпон Алсеитова, Гүлнара Кахарова 20-декабрь күнү “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги менен сыйланышты. Бул тууралуу ырчы Түмөнбай Колдошов: “Мен өзүм курактагы таланттардын катарынан сыйлык алуу боюнча кечигип калдым дегем, көрсө, алар шашып кетишкен окшойт. Эми болсо чыныгы кечигип сыйланган таланттарды көрүп шүгүр деп турам. Мени менен катар кыргыз эстрадасында 30 жылдан бери эмгек кылып, эми гана төш белги менен сыйланып жаткан инсандар менен чогуу сыйланып жатканым сыймык жаратты”,- дейт.