Кыргыз элинин залкар обончусу жана ырчысы Чубак Сатаевге эстелик тургузулат. Бул тууралуу ырчынын уулу Кубаныч Сатаев: “Атамдын айкели учурда жасалып жатат, толугу менен бүтө элек. Кубанганымдан интернеттеги социалдык баракчама жүктөп койгон элем. Жакшы ой-пикирлерди калтырып жатышат. Буюрса, айкел толугу менен бүтсө, атамдын кичи мекени болгон Талас облусундагы Боо-Терек айылынын клубунун жанына коюлат. Аталган клуб атамдын атын алып жүрөт. Эстеликтин ачылышын айыл өкмөтү, райондун администрациясы менен чогуу уюштуралы деп жатабыз”,- деп билдирди.