Таланттуу ырчы Айымжан Айылчиева жакында эле Испаниядан киного тартылып келди. Ырчы жылуу өлкөгө болгон сапары тууралуу: “Испанияда режиссёр Миша Емдин тасмасына тартылдым. Бул менин кинодогу дебютум. Аталган тасмада бийчи Жан Воинов экөөбүз баш каармандардын ролун ойнодук. Кино тартууга ылайыктуу кооз жерлери көп болгондуктан режиссёр атайын Испанияны тандаган. Тасмага бизден башка испандар да тартылышты. Ал жакта тартуу иштери менен 1 ай жүргөндүктөн өзүмдүн жаңы жаздырган ырыма клип тарттырганга да жетиштим. Буюрса, кино жаз айларында жарыкка чыгат. Ал эми клипке жакын арада күбө болосуздар”,- дейт.