Ушул жылы Жумгалга келин болуп, турмушка чыкканын жар салгысы келбегенин айткан ырчы Айгүл Чалова 17-декабрь күнү 3 килограмм 100 грамм болуп төрөлгөн тун кызын жарыкка алып келди. Наристеге Айгүлдүн жолдошу Жакшылык Айбийке деген ысым койгон. Кызынын жытына тойбой энелик мээримге балкып турган ырчыга учурда куттуктоолор жаап жаткан кези. Эне-балага биз да бекем ден соолук каалап, эртерээк торолуп алышына тилектешпиз.