SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

15-декабрь:
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ ЭКСПЕРИМЕНТТЕРДИ ЖАСООЧУ АЯНТЧАГА АЙЛАНГАНБЫ?

Казакстандык олигарх Мухтар Аблязов 2005-жылы Кыргыз Республикасындагы революцияны каржылаганын франциялык "Liberation" гезитине курган маегинде билдирди. Бул тууралуу 14-декабрда "Фергана ньюс" жазды. Аблязов өзүнө карата жасалган куугунтук саясий мүнөздө экенин билдирип, өзүнүн саясий ишмердүүлүгү тууралуу айтууда Кыргыз мамлекетиндеги окуяларды мисал келтирген. "2005-жылдын башында Кыргыз Республикасындагы режимди кулатууга жардам көрсөтүү үчүн оппозицияны каржылагам. Постсоветтик республикалардын биринде демократиялык процесстер башталып, алардын туура реформаларды жүргүзүүгө жетишүүсү Казакстанга мисал болуп берүүсү мен үчүн маанилүү эле",- дейт Аблязов. Эскерте кетсек, Мухтар Аблязов Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, ошондой эле БТА банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. БТА банкы Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөндөн кийин, 2009-жылы ал өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Аблязов буга чейин Казакстанда каржылык көз боёмочулук иштери боюнча айыпталып, ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2013-жылы Франциянын түштүгүндө кармалган. Өлкөлөр ортосунда тийиштүү макулдашуу жоктугун жүйө келтирип Франция аны Казакстанга өткөрүп бербей келет.
Аблязовго ошондой эле Орусия менен Украинада да кылмыш иши ачылган. 2013-жылдын июнь айында Мухтар Аблязов Кыргыз Республикасынын жараны катары Осмонов Нурдин Бекиевич, Жамалов Мурат Салиевич наамындагы жасалма паспортторду алгандыгы белгилүү болгон. Кыргыз жергесиндеги болуп өткөн эки революция тең бийликтин иш-аракеттерине элдин нааразычылыгынын негизинде ишке ашкан. Кыргыз мамлекетинде 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель революцияларына дал ушундай мүнөздөмө берилип келет. Бирок революциялардын башында турган оппозиция сырткы күчтөр тарабынан каржыланганы тууралуу маалыматтар да айтылып келе жатат. Мындай "атакка" журт башында жүргөн азаматтар айыптуу. Революция эле эмес, алар ар бир шайлоо сайын коңшу Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин кабыл алуусуна чуркап, алардын колдоосун кошумча күч катары пайдаланышат. Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери менен кол алышкан сүрөттөрүн килейген көрнөк-жарнактарга илип, шайлоочуларга бул жол аркылуу да таасир этүүгө аракет кылышат. Андай колдоо көрсөтүүнүн баасы, куну канча? Колдогон тараптын кызыкчылыгы эмнеде? Ошол колдоосу үчүн алар эмнени талап кылышат? Мухтар Аблязовдун "Казакстанга мисал болмок" дегени "Кыргыз мамлекети эксперименттерди жасап көрүүчү аянтчага айланганбы?" деген суроону жаратат...

16-декабрь:
БЕКЕР АВТОБУС, 7 МҮНӨТТӨ КЕЛЧҮ "ТЕЗ ЖАРДАМ"... ЭЛ УБАДАЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН КҮТӨТ

Бишкек шаарында коомдук унааларда жол кире төлөө автоматташтырылат. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыкановдун билдиришинче, транспорттук карталар чыгарылып, ага жүргүнчүлөр телефонго бирдик жүктөгөндөй эле каражат салып жол кире төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Төлөмдү кабыл алууга коомдук унааларга валидатор коюлат. Ошондой эле коомдук транспорттордо "Абайлагыла, эшик ачылат!" деген сыяктуу автоматтык түрдө коопсуздук эрежелерин эскерткен кулактандыруулар жарыялана баштайт. Ар бир токтогон аялдаманын дарегин айтып, тааныштырып турган норма киргизилет.
Коомдук унаалар жөнүндө сөз кылууда жакында Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо талапкер партиялар тарабынан айтылган убадаларды атабай кетүү мүмкүн эмес. Жарышка түшкөн партиялар борбор шаарда унаа кыймылын иретке салууну, унаа тыгындарын жоюп, жүргүнчүлөрдү бекер ташый турган автобустарды ишке киргизүүнү убада кылышты. "Кыргызстан" партиясы Бишкек мэриясынын автопаркына 500 заманбап троллейбус жана автобус сатып алынарын, коомдук унааларда жүрүү бекер болорун айткан. Партиянын талапкери Таалайбек Сагынов долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган Бельгия, Эстония өлкөлөрүн мисал келтирди. "Кыргызстан" партиясы бул программаны Бишкектин кирешесин көбөйтүүнүн эсебинен ишке ашырарын айтып элди ишендирген. "Эсептөөлөр көрсөттү, коомдук унаада жүрүүнү акысыз кылуу колдон келчү иш" деген сөздүн өтөсүнө чыгуучу кез келди.
11-декабрдагы шайлоодо КСДП шаарды "акылдуу" жол чырактар менен жабдып, тыгындарды азайтуу максатында асма жолдорду курууну убадалады. Бул иштерди жасоого КСДПда мурда деле мүмкүнчүлүк болгон. Партия 2012-жылы дагы Бишкек шаардык кеңешине ат салышууда асма жолдор куруларын, шаардын бюджетин 2 эсе көбөйтүшөрүн убадалаган. Шайлоодо жеңип, 21 депутаты менен 4 жыл Бишкек шаардык кеңешин, Бишкек шаарын башкарды, бирок аткарган жок. 4 жыл мурун шаардын бюджети 6,3 миллиард сом болсо, быйыл 8,4 миллиард сомду түздү. Партия алдыдагы 4 жылда Бишкек шаардык кеңешинде болот, жарандарда үзүлбөгөн үмүт дагы эле бар экенин жакындагы шайлоо көрсөттү.
"Республика-Ата Журт" партиясы "Тез жардам" кызматы чакырууга 7 мүнөттө жетип келе турган кылууну убадалап Бишкек шаардык кеңешине өттү. 7 мүнөттө жетүү үчүн Бишкектин унаа тыгындарын жоюу керек, ансыз элестетүү кыйын. Бул партия дагы 2012-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде отурду. Мурунку шайлоодо берген Бишкекти коррупциялашкан МАИ кызматкерлеринен тазалоо убадасы аткарыла элек. Шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукту азайтуу үчүн көчөлөрдү видеокамералар менен жабдуу убадасы дагы. 4 жыл бат эле өтөт, Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар шаарга өзгөртүү киргизе алышабы же убадалар топтому кол тийбеген бойдон 2020-жылга жетип барабы, шайлоочулар байкап, кийинки тандоону ушуга жараша кылуусу керек...

19-декабрь:
ӨКМӨТ КӨЗ САЛГЫЧА ДАГЫ КАНЧА АДАМ ШАХТА АЛДЫНДА ӨЛҮШҮ КЕРЕК?

Таш-Көмүр шаарында көмүр казган 4 адамды шахта басып калып, экөө кырсык болгон жерден каза таап, экөө куткарылып, учурда Таш-Көмүр шаардык ооруканасында жатат. Жаракат алгандардын бирин куткаруучулар кырсыктан 2 саат өткөндөн кийин алып чыгышса, экинчиси 11 саат уранды алдында жатып аман калды. Каза болгондор да, жаракат алгандар да жергиликтүү тургундар. Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан көмүр кени – жергиликтүү элдин киреше булагы. Бирок көмүр атайын талаптарды сактап, техникалардын жардамы менен эмес, кара күч менен казып алынат. Жарандар өмүрүн тобокелге салып өз алдынча жүздөгөн метр тереңдиктен көмүр казышат. Убагында жеке колго өтүп кеткен көмүр тилкелеринде бүгүн минтип жүздөгөн адам үй-бүлөсүн багууда. Тийиштүү мамлекеттик органдар коопсуздук чараларын күчөтпөсө, мындай кырсыктар дагы кайталанышы толук мүмкүн. Андыктан жарандар кырсыктан өздөрү сактанып, жагымсыз окуялардын алдын алышы керек. Бирок бул өз алдынча кен казгандарды мамлекет сырттан карап тура берсе болот дегендик эмес. Мамлекет жасай турган иштердин бири – мындай кендерди иштетүүгө инвестор таап, аларга тийиштүү талаптарды коюп, жергиликтүү элди ишке тарттыруу. Азыркы учурда өз алдынча кен казып жаткандар инвестордун колунда иштей баштаса, мындай кырсыктардан алыс болмок. Анткени инвестор азыркыдай тобокел шартта иштебейт, техникалык жана башка шарттарды түзөт. Инвесторлордун артынан жаңы иш орундары түзүлмөк. Мындай кырсыктардын жылда кайталанганы өкүнүчтүү.
Өз алдынча кен казуу коркунучтуу экенин далилдеген дагы бир кырсык 2016-жылдын ноябрында Чаткал районунда да болгон. Терек-Сай айылында шахталардын биринде сурьма казып жаткан 17 жаштагы баланы жер кыртышы басып калып каза тапкан. 2015-жылы Сүлүктү шаарында бир адамды шахта басып калып көз жумган. 2013-жылы Баткендин Самаркандек айылында 3 адамды шахта басып калып, экөө табылбай калган. Акыркы убакта жер титирөөлөр бат-баттан кайталанып жатат, бул жагдай дагы өз алдынча кен казгандардын коркунучун эки эсе күчөтөт. Бирок калктын коопсуздугун камсыз кылыш керек болгон мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтө албай жатат...

20-декабрь:
КРИМАВТОРИТЕТ КӨЛБАЕВДИН ИНИСИ ПРЕЗИДЕНТ БОЛДУ

Белгилүү кримавторитет Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Улуттук дзюдо федерациясынын президенттигине жалгыз талапкер катары чыгып, бир добуштан шайланды. Спортчуларды адатта саясатчылар жана кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү пайдаланат. Шайлоолордо жетиштүү добуш алуу үчүн саясатчылар спортчу жигиттердин күчүн колдонору айтылып эле жүрөт. Кримчөйрөнүн өкүлдөрү да таасирин күчөтүү же керектүү маселелерди чечүү үчүн мыкты спортчуларды өз айланасына топтоого кызыкдар. Убагында маркум Баяман Эркинбаев Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болсо, Алманбет Анапияев "Алыш" күрөшү боюнча эл аралык федерацияны башкарган. Эркинбаев Бакиевдин тушунда өлтүрүлсө, Анапияев 2015-жылы киши колдуу болуп каза тапты.
Убагында "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айыпталып, соттолгон "кримавторитеттин" бир тууганынын мамлекеттик органды жетектеп калышы суроо жаратат. Спортко мындай мамиле улана берсе, криминалы ким, спортчусу ким экенин айырмалай албай калган чекке жетип калуу бат эле. Кримчөйрө менен бийлик аралашып кеткенде кандай болорун кыргыз эли Бакиевдин бийлигинин тушунда көргөн. 2006-жылы кримавторитет Рыспек Акматбаев өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттабай койгон БШКнын чечимине нааразычылык иретинде Ак үйдүн алдына ири митинг уюштурган. Ошондо президент Курманбек Бакиев митингчилердин алдына өзү чыгып, сүйлөшүү жүргүзүүгө аргасыз болгон. 2010-жылы бийликке келгендер өлкөнү кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнөн тазалоо убадасын айтышкан. Акыркы окуялар өлкө 2010-жылга чейинки кырдаалга жакындап бараткандай таасир калтырат...

21-декабрь:
ТОКТОГУЛ ГЭСИНДЕ АВАРИЯ, ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖАРЫКСЫЗ ТОСУУ КОРКУНУЧУ ЖАРАЛДЫ

Өлкөнү электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул ГЭСинде авария болду. Бул тууралуу эксперт Расул Умбеталиев айтып чыкты. Ушул себептен 6 күндөн бери саатына 43,2 миллион киловатт электр энергиясы аз өндүрүлүп, бул ишти "Электр станциялары" ишканасы коомчулуктан жашырып жатканын айтат ал. Маалымат ММКларга тарап кеткенден кийин "Электр станциялары" авария болгонун тастыктоого аргасыз болду. Азыркы тапта ГЭСте эксперттик комиссия жана адистер иштеп жатканы белгилүү болду.
2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мындай ири авария 3 жолу болду. Токтогул ГЭСи – стратегиялык ишкана, өлкөнүн энергетикалык муктаждыгын негизинен ушул ГЭС камсыздайт. Көрүнүп тургандай, андагы авариялар системдүү мүнөзгө өттү. 2010-жылкы революциядан кийин бийликке келгендер "жасайбыз" деген негизги иштердин бири – энергетикалык кризисти, бул тармактагы коррупцияны жоюу болчу. Бир нече өкмөт, энергетика министрлери алмашканы менен, 6 жыл ичинде мамлекет энергетикалык реформа жасай алган жок, абал Акаев-Бакиев доорунда кандай болсо, дагы эле ошондой бойдон калууда. 6 жылдан бери бул тармактагы уурдоолор, коррупция жоюлбай эле, тапкан чечимдери элге электр энергиясынын баасын кымбаттатуу, маал-маалы менен жарыкты өчүрүү өңдүү өзгөчө акылды талап кылбаган иштер болду. 2015-жылы "Датка-Кемин" линиясы ишке киргизилгенде "Кыргыз Республикасы энергетикалык көз карандысыздыкка жетти" деген сөздөр айтылган. Токтогул ГЭСиндеги абал мамлекет энергетикалык коопсуздукка жете электигин көрсөтүп турат. Жайында той-мааракеге, күзүндө референдумга коротулган миллиондор ГЭСтерди жаңылоого жумшалса, балким, бүгүнкүдөй коркунуч жаралбайт эле...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 738, 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан