ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-январдан 8-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Каржылык жаатта алдоолорго барбаңыз. Болбосо өзүңүздүн акчаңыздан да кол жууп каласыз. Каршылаштар күнөө коюп, сиз чындыкты далилдөөгө аракет кыласыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аллергияга учурабоо үчүн тамак-ашты кылдат тандап жеңиз. Алыстагы таанышыңыздан белек келет. Бирөөлөргө буюм берүүдөн мурун өзүңүзгө кереги жокпу, ойлонуңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чөйрөдөгүлөр менен талашып-тартышуу таарынышуу менен аяктоосу мүмкүн. Сүйүү, акча жаатындагы маселени түгөйүңүз менен чечиңиз, ошондо баары калыбына келет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иштериңиз тез бүтөт. Алыңызга карап убада бербесеңиз, капчыгыңыз жукарат. Тааныштар менен мамилени күчөтүп, аларды пландарыңызды ишке ашырууда пайдаланыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Сиздин жардамга муктаж болгондор чыгат, аларга кол созуңуз, кийин үзүрүн көрөсүз. Жакшы окуя өткөн-кеткенди унуттуруп, оң энергия тартуулайт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Карызы барлардын эшигин доочулар каккылайт. Эс алуу күндөрү бош отурбай үйдөгүлөрдүн суранычын аткарасыз. Жеңил ойлуулук кылып сүйүүгө так түшүрбөө керек.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишти жалгыз кыйраттым деп жакындарга доомат артпаңыз. Аптанын соңунда жаңы буюмдуу болууга, алыскы-жакынкы туугандарга каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакындарыңыз менен болгон мамилени жөнгө салыңыз. Айта албай жүргөн сырыңызды сыртка чыгарыңыз. Кошумча каражат түшчү булак таап, жашооңузду оңдойсуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өзүңүзгө башка, артыңыздан башка кепти сүйлөгөндөрдөн абайлаңыз. Үйдөгүлөр сатып ал деп сунуштаган нерсени сатып алуу кажет, анын чоң кереги тиет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Алыскы жолго чыкпаңыз жана жаныңызга чоң суммадагы акчаны алып жүрбөңүз. Коркунуч күтүлүүдө. Каалоону ишке ашыруу үчүн тил билгичтик жөндөмүңүз керектелет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ичеги-карын ооруларынын алдын алып, жеңил, суюк тамактарга басым жасоо оң. Махабаттын торуна кабыласыз, бирок жумуш бар экенин унутпаңыз. Жаңылык угасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Кетирген катаңызды моюнга алып, башкаларга шылтабаңыз. Жакындарыңыздын мактоосуна арзычу даамдарды жасап берип, үй-короону тартипке келтиресиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан