АПЕЛЬСИН ШАМДАРЫ
Эгерде сиз жагымдуу кече уюштуруп, бирок сүйүктүүңүздү «кантип таң калтырам?» деп жатсаңыз жөнөкөй жана оригиналдуу шамдарды жасаңыз. Ал үчүн апельсиндин башын кесип алабыз. Андан кийин ичин кашык менен тазалап алуу керек. Себеби сырткы кабыгы формасын жоготпошу керек. Эми апельсиндин ичине жалпак шамдан салабыз. Даярдап алгандан кийин столго коюп, күйгүзө берсеңиз болот.
БЛЕНДЕРДИ ТАЗАЛООНУН ЫҢГАЙЛУУ ЖОЛУ
Блендерди оңой тазалоонун жолун билбей жүргөн болсоңуз, бул ыкманы колдонуңуз. Ал үчүн блендердин жарымына чейин жылуу суу куюп, үстүнө идиш жуучу самындан тамчылатып, андан соң 1-2 мүнөткө иштетип коёсуз. Эми самын сууну төгүп, жөнөкөй эле суу менен жакшылап чайкап койсоңуз, блендер жалтырап калат.
КӨК ПИЯЗДЫ ҮЙДӨ ӨСТҮРӨБҮЗ
Ал үчүн сизге желим бөтөлкөлөр (5 литрлик суунун бөтөлкөсү) керектелет. Алгач бөтөлкөнүн ар кайсы жерин тегерек кылып кесип аласыз. Андан соң ичин топурак менен толтуруп чыгасыз. Ал эми желим бөтөлкөнүн кесилген жерине майда пияздан салып, топуракка жарым-жартылай көмүп коёсуз. Бир канча убакыттан кийин пияз көктөп чыгат. Анын көгүн тамак-ашка колдоно бересиз.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg