ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ПАРОДИЯ

Жаңы жыл жагымдуу майрамдардын бири. Андыктан бул майрамга арналган ырлар да көп. Жалпы элдин маанайын көтөрүү максатында бул ирет Жаңы жылдык ырга пародия жаратып көрдүк.

«ЖАҢЫ ЖЫЛ»
(Каныкей Эралиева)

Жүрөк эргип кагылып,
Санаа жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып,
Жаңы бакыт агылып.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу!

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын айрыкча,
Айтып бүткүс жагы бар,
Айтып бүткүс жагы бар.
Биз да добуш кошолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу!

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели,
Соо жүрөлү дешели.
Биз да добуш кошолу,
Үндү бийик созолу,
Жаңы жылды тосолу!

«АРАКЕЧТИН АЯЛЫНЫН ЫРЫ»(Пародия)

Каалга катуу кагылып,
“Карс” деп кайра жабылып,
Кирип келет андан соң,
Атаңар үйдү сапырып,
Айгай салып бакырып.
Үндү бийик созолу,
Каяша менен, каар менен,
Атаңарды тосолу!

Акча катса табылар,
Аңтаргыла баарыңар.
Атаңардын айрыкча,
Акча катмай жайы бар,
“Сол” чөнтөгү дагы бар.
Биз да салым кошолу,
“Шмон” кылып оболу,
Атаңарды тосолу!

Айлыгынын кечээги,
Табылбайт го эсеби.
Соо уктасын чаң салбай,
Демидролдон берели,
Демидролдон берели.
Биз да салым кошолу,
Үндү бийик чыгарбай,
Жаңы жылды тосолу!

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
engel
2017-01-04 09:27:27
Aaai kulup atyp boorum ezildi birok achuu chyndyn da. Baikush kee biroolordun ui bulosundo chyn ele ushundai da.
+3
AshatMJ89
2017-01-04 13:41:07
)))
+2
suban78
2017-01-07 07:24:59
Ээ тооба кылдым, эмнеси кулкулуу. Кудай сактасын дейличи.
+1
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан