ЭЛСОМ АКЧАЛУУ БОЛУУ АЧКЫЧЫ

Учурда мобилдик телефон аркылуу эч кандай кыйынчылыксыз бардык банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал эми бир нече жыл мурда бул өзүнчө эле бир жомоктогудай, кол жеткис нерседей сезилчү. KICB банкынын инновациялык жаңы кызмат көрсөтүүсү – ЭЛСОМ электрондук капчыгы учурда Кыргызстандын рыногуна ишенимдүү аралашып, кеңири тарап, эл ишенимине ээ болуп жатат.

ИШЕНИМДҮҮ ПЛАТФОРМА

KICB’нин акционерлери республиканын жарандарына бүгүнкү күндө өтө зарыл болуп жаткан инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу өлкө экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү ниетин көздөө менен иш алып барууда.
Бул продукт IT жана банктык иш чөйрөсүндө учурдун жетишкендиги. ЭЛСОМ аркылуу акча которуп, жөнөткөн акчаны алууга, эсептерди толуктоого, ошондой эле мобилдик телефон аркылуу финансылык транзакциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу ыңгайы түптөлүүдө.
Алсак, мобилдик телефонду дүкөндөрдө банктык картанын ордуна пайдалануу мүмкүнчүлүгү да келип жетти. Алсак, борбор калаабыздын «Фрунзе» жана «Боорсок» маркеттеринде мындай кызмат көрсөтүү кеңири колдонулууда. Сатып алуучу ЭЛСОМ аркылуу кассирдин электрондук капчыгына тиешелүү сумманы гана чегерип коёт.

КРЕДИТОРЛОРГО БИЗДИН ЖООП

ЭЛСОМ электрондук капчыгынын жардамы менен микрокаржылоо компанияларында, ошондой эле KICB банкынын өзүндө 10, 20 жана 30 күн мөөнөтүнө 5000 сомго чейинки суммада кредит алып, төлөө ыңгайы да караштырылган. Албетте, бул жөнөкөй жарандар үчүн жогорку үстөк пайыз алдында акча каражаттарын сунуштаган ломбарддарга же сүткорлорго кайрылып отурбастан эле көйгөйлүү маселени чечип алуунун эң эле ыңгайлуу, тез жана ишенимдүү чечими жана оңтойлуу жолу. Электрондук капчык ээлерине кредиттер төмөндөтүлгөн пайызда бериле тургандыгын да эскертип кетүүгө тийишпиз.
Быйылкы жылы ЭЛСОМ командасы өнөктөштөр түйүнүн жана электрондук капчык аймагын олуттуу кеңейтүүгө жетишти. KICB «Айыл Банк», «Азия Банкы», «Бакай Банкы» жана «Кыргыз-Швейцария Банкы» менен стратегиялык кызматташуу жана өнөктөштүктө иш алып баруу меморандумуна кол койгон. «Финка Банкы» да эмитент банк катары ЭЛСОМ аркылуу кызматташууга өттү. KICB банкынын жетекчилиги маалымдагандай эле 2018-жылдын аягына чейин ЭЛСОМ түйүнү республика аймагында толук жөнгө салынып, бардык облустарды өзүнө камтыйт.
Өтүп бара жаткан жылы KICB банкынын кардарлары эсептешүү эсептерин толуктоону же кредит үчүн төлөмдөрдү үйдөн чыкпастан интернет аркылуу ишке ашыруу жана капчык аркылуу картадан картага каражат которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Буга электрондук капчыкты VISA, ЭЛКАРТ, UPI карталарына туташтыруу ыңгайынан улам мүмкүн болду.

БАШКАЛАРГА ЖОЛ ЖОК!

Соода эквайринги алкагында POS – терминалдар аркылуу чектерди кагазга чыгарып берүү боюнча ЭЛСОМ пилоттук (тунгуч) долбоорун өтүп бара жаткан жылдын маанилүү окуяларынын бири катары эсептөөгө болот.
Мындан ары ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу сатып алынган товарлар, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардарларга транзакцияны тастыктаган чек чыгарылып берилет.
Бул төмөнкүчө ишке ашырылат: ар бир агентке соода түйүнүндө ЭЛСОМ үчүн POS – терминалдар орнотулган, кардар сатып алуу учурунда товар сатуучунун кодун терет, POS – терминалдын экранында кардардын аты-жөнү жана сатып алуу суммасы көрсөтүлүп, андан соң чек чыгарылып берилет. Айрыкча, бул төлөмдү төлөө жана аны тастыктоо максатында кардарлар жана агенттер үчүн ыңгайлуу.

АКЧА ТОПТОО + АВАНС

Электрондук капчык ээлери үчүн "ЭЛСОМ копилкасы" жана "ЭЛСОМ аванс" уникалдуу бонустук программалар иштелип чыккан. Акча топтоо үчүн эми банкка барып, банк эсебин ачуу зарылчылыгы жок. Мында электрондук капчыкта кеминде 200 сом өлчөмүндө бир айлык калдыктын сакталышы талап кылынат. Ошол калдыкка бонус чегерилип турат. Бул, кандайдыр бир деңгээлде депозитти түшүндүрөт, айырмасы, акча каражаты банктык эсепте эмес, өз колуңузда болгондуктан каалаган убактыңызда, ыңгайга жараша аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
«ЭЛСОМ аванс» – бул KICB банкынын эмгек акы долбооруна катышып жаткандар үчүн иштелип чыккан дагы бир өзгөчө ыңгайлуулук. «ЭЛСОМ аванс» электрондук капчыгы эмгек акынын 20ын алып турууга өбөлгө түзөт. Аванс ар бир айдын 15инде, эмгек акы өлчөмүнө жараша 500 сомдон 5000 сомго чейин чегерилет. Ошентип, «ЭЛСОМ авансы» бонустук программасы кызматынан пайдалангандар эмгек акыны зарыгып күтүп отурбастан, бардык төлөмдөрүн кечиктирбестен төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

ЧЕКТӨӨЛӨРСҮЗ КАПЧЫК

2016-жылы ЭЛСОМ командасы өз кардарларына электрондук капчыкты Qiwi Казакстан (Qiwi KZ) төлөм терминалдарынан жана дүйнөнүн бардык чөлкөмүнөн VISA QIWI Wallet электрондук капчыгынан толуктоо кызматын сунуштаган.
Мындан ары Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн акча жөнөтүү үчүн электрондук капчык ээлерине жана кардарларга банкка баруу муктаждыгы жок, болгону бардык жерде орнотулган Qiwi KZ төлөм терминалы аркылуу көз ирмем аралыгында Кыргызстандагы ЭЛСОМ электрондук капчыгына акча жөнөтүү.
Мындан тышкары, республика жарандары үчүн VISA QIWI Wallet электрондук капчыгына интеграциялануу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул кайсы жерден болбосун, каалаган убакытта VISA QIWI Wallet капчыгы аркылуу ЭЛСОМ капчыгын толуктоо ыңгайы сунушталууда.
Кардарлар жана жарандар KICB’нин төлөм терминалдарына жана өнөктөштөрдүн (Qiwi KG, QuickPay, TeremPay ж.б.) терминалдарына катталып, алар аркылуу ЭЛСОМ капчыгын толуктай алат. Каттоодон өтүү учурунда катталган жерди жана убактысын көрсөтүү менен жеке (персоналдык) маалыматтарды алып, андан ары KICB’нин жакын жайгашкан бөлүмүнө кайрылып, маалыматтарды өзгөртүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

ИЙГИЛИК НОМЕРИ

Бардык айдоочулар үчүн ЭЛСОМ «ИНФОКОМ» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте унаа үчүн өзгөчө номерди сатып алуу аукциону өткөрүлүүдө. Ал үчүн
https://www.elsom.kg. сайтына катталып, жаккан номерди тандап, ЭЛСОМ аркылуу гарантиялык төлөмдү төлөө гана талап кылынат.

Амалия Бенлиян

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
advert
2017-01-04 09:09:33
аябай ынгайлуу деп угуп жатам. колодонуп коруш керек эле
0
Karakol-3922
2017-01-04 09:10:14
Ынгайлуу окшойт. Негизи жакын арада баарыбыз ушундай колдонуп журот окшойбуз
0
Medeya
2017-01-04 09:13:20
мен 2 жылдан бери колдоном. Сонун приложение. Каалаган учурда апама, бир тууганыма акча жонотом бир минутада эле. Анан единицаны да бекер загрузка кыласын. эч кандай услугасына албайт. Акчан электронный кошелекто журо берет, керек учурда банктан алып аласын. Элсомдун карточкасы болсо анда дагы баары удобно болуп калат
-1
Nuke_A
2017-01-04 09:15:45
Жакшы окшойт ээ, колдонуп коруш керек экен
0
Gupa
2017-01-04 09:55:55
Ооба, ыңгайлуу, керек учурда бирдик да жүктөп аласың тилпонуңа. Эч кандай комиссиясыз. Үйдө отуруп эле чет жактан акча салса, эсебиңе которуп алсаң болот, болгону бир гана система да, ошону билип алыш керек. Ал эми акча топтосо бонус берилерин билбептирмин, көрүш керек экен)
0
Jakusya
2017-01-04 09:56:23
Ынгайлуу жанан ишенимдуу деп коп айтышат, эми мен да бул кызматты колдонууга отот окшойм )
Маалымат учун рахмат!
0
Мэри
2017-01-04 10:00:08
Жакшы окшойт, карап көрүш керек экен...
0
barsa30
2017-01-04 21:12:17
айына акча албайбы услугасына .мисалы москвада 60р алат сбербанк
0
zevs
2017-01-05 10:55:46
Nege qiwi Kazakhstan ozubuzduku jok men tuwuno albay jatam
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан