ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

ЮЛИАННА КАРАУЛОВА ПРОДЮСЕРИНЕ ТУРМУШКА ЧЫГАТ



Орус эстрада ырчысы, "5sta Family" тобунун экс-солисти, "Жылдыздар фабрикасы" долбоорунун 5-сезонунун финалчысы Юлианна Караулова продюсери Андрей Чёрныйга турмушка чыгат. Ырчынын колун сүйүктүүсү жакында эле Юлианна Жаңы жылдык кечелердин биринде ырдап жатканда күтүүсүз сюрприз жасап, тизе бүгүп сураган. Сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алган Караулова дароо "макул" деп жооп берген. Кошумчалай кетсек, 28 жаштагы ырчы менен Андрей Чёрный 10 жылдан ашуун убакыттан бери бири-бирин жакшы таанышат. Башында дос катары гана мамиле түзүшкөн эки жаштын ортосундагы ынак мамилеси аягында сүйүү менен аяктап, Жаңы жылдык "хэппи-энд" менен бүткөнү турат.

МУРАТ ЙЫЛДЫРЫМ МАРОККОЛУК СУЛУУГА ҮЙЛӨНДҮ



Көпчүлүккө "Сүйүү жана жаза", "Аси" сериалдары менен белгилүү түрк актёру Мурат Йылдырым 25-декабрь күнү Стамбул шаарында марокколук сулууга үйлөндү. Киножылдыздын сүйүктүүсү модель Имане Эль Бани Мароккодогу сулуулар сынагынын жеңүүчүсү. Кызыгы, Мураттын атасы аткарчу милдетти түрк ажосу Режеп Тайип Эрдоган моюнуна алган. Тагыраагы, түрк президенти Иманенин атасына интернет аркылуу байланышып, моделдин колун сурап берген. Өзгөчө шаан-шөкөт менен коштолгон актёрдун үлпөт тоюна актриса Мерьем Узерли, футболчу Арда Туран келишкен. Эске салсак, Мурат Йылдырым экс-жубайы түркиялык актриса Бурчин Терзиоглу менен 6 жыл чогуу никеде жашап, 2014-жылы ажырашып кеткен.

МУЗЫКАНТ ЖОРЖ МАЙКЛ КАЗА БОЛДУ



Улуу Британиялык ырчы, композитор, продюсер, 2 жолку "Грэмми" сыйлыгынын ээси Жорж Майкл 25-декабрь күнү 53 жашында көз жумду. Ырчы көпчүлүккө рождество тууралуу "Last Christmas", "Careless Whisper" сыяктуу популярдуу чыгармалары менен белгилүү эле. Музыкант 2011-жылы өпкө оорусунун оор түрү менен дарыланган. Бирок, дарыгерлер ырчынын өлүмүнүн себебин жүрөк оорусуна байланыштуу деп жыйынтык чыгарышкан. Жорж Майклдын денесин Лондондогу өз үйүнөн акыркы жылдары чогуу жашап жүргөн өнөктөшү Фади Фаваз биринчи көргөн. Фади өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Бул Рождествону эч качан унутпайм. Ушул таңда мен сүйүктүүмдүн төшөктө бейкапар түбөлүк уктап жатканын көрдүм. Сага болгон сагынычым чексиз!" деген билдирүү жазган. Эске салсак, Жорж 1998-жылы өзүнүн кумса экенин алгачкылардан болуп ачыктаган атактуулардын бири. 2007-жылы ырчы "кумса экенимди апам үчүн гана жашырып жүргөм, ал эми жашоомдо 3 эле кыз менен жүргөм",- деп маек берген.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Zubi.zubi
2017-01-04 10:49:41
Кумса деген эмне?
+1
jigit.paren
2017-01-04 11:37:12
Кумса деген Гей
+2
Alibek-0001
2017-01-04 22:14:07
Гей экен да а.
-1
Ayka0696
2017-01-05 22:29:59
Мурат жана суйгонуно бакыт калайм.
+1
sely
2017-01-06 19:38:36
Ушул гейлерчи хххххх ушунчалык жанынды кашайтат да
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-08 21:48:21
Мен да мароккалык кызга уйлонсомбу Атамбаев колун сурап береби
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан