ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ИШ ҮСТҮНДӨ ТОСКОНДОР

Жаңы жыл, балаты, белектер... Ар бир адам кирип келген Жаңы жылды жакындары менен тосот эмеспи. Бирок кээ бир кесип ээлерине ушул күнү да кадимкидей иштөөсүнө туура келет. Себеби кээ бири бул күнү коопсуздук сактаса, дагы бирлери саламаттыгыбыз жана муктаждыгыбыз үчүн кызмат кылат. Биз буга чейин жана алдыда келе жаткан Жаңы жылды иш үстүндө тосо турган кесип ээлери менен маектештик.

Рыскул Наркулов, "ТЕЗ ЖАРДАМ" КЫЗМАТКЕРИ: "ИЧИП АЛЫП ЖӨН ЭЛЕ ЧАКЫРГАНДАР ДА КӨП"

– "Тез жардам" кызматында иштегениме 6-7 жыл болуп калды. Жаңы жылды быйылкы жылды кошкондо экинчи жылы жумушта тоскону жатам. Биздин жумушту билесиңер да, ар кандай болуп калат. Жаңы жыл күнү да чакыруулар көп болот. Ал күнү көбүнчө ичимдик ичип алып ар кандай кырсыктарга учурагандарга же тамакка ууланып калгандарга көп барабыз. Ичип алып жөн эле чакыргандар да көп, кээде барган жерден кайра бири-бирибизди майрамыбыз менен куттуктап кетип калган учурлар деле болот. Ушул күнү иштеп жатканыбызга нааразы деле эмесмин.

Тилек Жакшыбаев, өрт өчүрүүчү: "ӨРТ ӨЧҮРҮҮГӨ БАРГАНДА АДАМДАРДЫН КЕЙИГЕНИН КӨРҮП ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ УНУТУП КАЛАБЫЗ"

– Мен өрт өчүрүү кызматында иштегениме 10 жылдын жүзү болду. Ушул жылдардын ичинде 6 жолу Жаңы жылды иш үстүндө тоском, быйыл да жумуш ордунда тосо турган болдум. Биздин ишибиз кооптуу, чакыруу келгенде ошол замат эле адамдар өрт коркунучунда калган жокпу деген ой келет. Өрт өчүрүп жаткан учурда үй-бүлөбүздү унутуп, баш-отубуз менен жумушка кирип кетебиз. Мындан 5 жыл мурун бир депутаттын досунун 2 кабат үйү өрттөнүп кеткен, 31-декабрь күнү эртең менен баштап түнкү саат 12ге чейин өчүргөнбүз. Өрт өчүрүлгөнүнө сүйүнүп, ошол жерден бири-бирибизди куттуктап үйгө кеткенибиз эсимде.
Жаңы жыл күнү жок дегенде 7-8 чакырууга чыгабыз. Менин жумушума жубайым, балдарым көнүп калган. Эгер Жаңы жыл күнү нөөмөттө кала турган болсом майрамды үй-бүлөм менен бир күн эрте тосуп коёбуз. Мурдагы жылы да 1-январда саат 12:03тө 4 кабаттуу үйдөн өрт чыкканы тууралуу кабар түшүп, аны өчүргөнгө жөнөп кеткенбиз. Анда фейерверктерди балкондон аттырып, анысы башка балконго түшүп өрт чыккан экен. Өрт өчүргөнгө барганда жабыркаган адамдар менен кошо кейип, майрамды деле унутуп калабыз.

Калмира Жаркеева, "Мегаком" уюлдук компаниясынын оператору: "ЖАҢЫ ЖЫЛДА АБОНЕНТИБИЗ "ЖИГИТИМ ТАШТАП КЕТТИ" ДЕП ЫЙЛАГАН"

– Мен бул операторлук жумушка 2014-жылы киргем. Андан көп узабай эле 31-декабрь келип калып, ал күнү иштей турган болдум. Биринчи жолу түндө калып жаткандыктан кичине коркунучтуу болгон. Биздин абоненттер майрам күнгө деле карабай телефон чала беришет. Көбүнчө ушундай Жаңы жыл же башка майрамдарда "насыя кантип алам, бере аласыздарбы?" деп чалгандар көп болот. Ошол күнү бир кыз телефон чалып "жигитим таштап кетти, эми эмне кылам?" деп аябай ыйлап, трубканы коюп салганы эсимде. Түнкү саат 12 болуп ал күнү жумушта калган кызматкерлер ашканага барып бири-бирибизди куттуктап, кайра келсек абоненттер аябагандай көп болуп кетиптир. Биз аларды, алар бизди куттуктап Жаңы жылды тосконбуз. Ал эми 2015-жылы өзүм эле майрам күнү иштөөнү сурангам. Негизи эле өзүм Жаңы жылды үйдөн тосконду жактырбагандыктан ичим деле ачышкан эмес. Бул жолу үйдөн тосом, антпесем апам "жумушуңа эле кете бересиң" деп таарынып жатат. Бүтүндөй кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктайм, иштериңиздерде ийгилик болсун!

Орозаалы Алымбаев, милициянын ардагери: "14 ЖЫЛ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ИШ ҮСТҮНДӨ ТОСКОМ"

– Мен милиция тармагында 32 жыл иштеп, учурда ардактуу эс алуудамын. Бул жылдар аралыгында нөөмөт бөлүмүндө жана оперативдүү топто иштедим. Анын ичинен 14 жыл Жаңы жылды иш үстүндө тоском. Иш үстүндө тоскон үчүнбү ошол учурдагы кырсык, кылмыштар, ар кандай чакыруулардын көбү дале эсимде. 1995-жылы Жаңы жыл күнү Жайыл районундагы Сары-Булак деген айылда жаштардын арасында мушташ чыккан. Биз да токтото албай, аягында мушташкандардын алды ооруканага кетип баштаганда тыйылышкан. Бул окуя боюнча документтерди такташтырып жүрүп түнкү саат 3тө үйүмө баргам. Жубайым, балдарым да ишимди билгендиктен дайыма мен келгиче күтүп отурушар эле.
Дагы бир жолку Жаңы жылда сааттын жебеси 12ни кагайын деп калганда сыртка кишилер келип калды. Эмне болду деп чыга калсам "кошуналарыбыздын подъездинен эшик уурдалды" дешти. Ошол замат издеп баштап, саат 1лерде ууруну тапкам. Орус улутундагы бир киши ал эшикти аракка алмаштырганы алып бараткан экен.
Милиция кызматкерлеринин Жаңы жыл күнү иш үстүндө болгону кадимки көрүнүш. Көбүнчө биздин иш Жаңы жыл кирип келгенден кийин башталат. Уруш-талаш, үй-бүлөлүк ызы-чуулар дегендей. Ар кандай кырсыктарда же уруш-талаштарда жүргөндө ошол жерден же машинанын ичинен Жаңы жылды тосуп, бири-бирибизге каалоо айтып, кайра ишти улантып кеткен учурлар болот. Кээ бирде үй-бүлөмдү бир жолу барып куттуктап келгенге да мүмкүнчүлүктөр болбой калчу. Бул кызматтын ысык-суугун тартып иштегеним үчүн өзүмө ыраазы болуп кетем.

Эрлан Догдурбеков, ЭлТР телеканалынын режиссёру: "ПРЕЗИДЕНТТИН КУТТУКТООСУН ЭФИРДЕН КЕТИРГЕНДИ АЯБАЙ КҮТӨМ"

– Жаңылыктар бөлүмүндө режиссёр болуп эмгектенип келе жатканыма 5 жыл болду. Былтыр Жаңы жыл күнү жаңылыктар түз эфирден кетип жумушта болуп калдым. Түнкү саат 11ге чейин иштедик. Анан үйгө кетейин деп көчөгө чыксам маршруттук таксилер токтоп калыптыр, такси чакырайын десем акчам жок. Айла жок жөө кеткенге туура келди. Үйүм жумушумдан алыс, 8-9 чакырым жөө баскандан кийин жолдон бир такси токтоп бекер ала кеткен. 12ге аз калганда үйгө кирип баргам.
Жумуш үстүндө Жаңы жыл тоскон учурлар деле болот. Жумушума байланыштуубу билбейм, президенттин куттуктоосун эфирден кетиргенди аябай күтөм. Себеби бардык каналдар чогуу кетирели деп сүйлөшүп алабыз да, бардыгыбыз бирдей убакта кетиргенге аракет кылабыз. Эгер кечигип же эрте берип алсак жетекчиликтен тил угабыз. Пультта отурганда жакшы ырлар болуп калса бийлеп, майрамдап, кесиптештерибизди куттуктап жатып жумуштан деле Жаңы жылды сонун тособуз.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаңы жылды иш үстүндө тоскондор
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан