25-декабрда "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаевдин 3 килограмм 350 грамм салмактагы 4-уулу жарыкка келди. Бул тууралуу алып баруучу: "Буюрса, мини-футбол командабыз куралды. Уулдарым Алтай менен Тынай коргоочу, жаңы төрөлгөн уулум Жантай жарым коргоочу, Тагай болсо чабуулчу болот, өзүм дарбазада турам (күлүп)",- деп тамаша-чыны аралаш кубанычы менен бөлүштү.
Ал эми 26-декабрь күнү Эрмек мырза "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги менен сыйланды.