23-декабрда Кайрат Примбердиев Орусиянын биринчи каналында көрсөтүлүп жаткан "Голос" сынагында финалга жолдомо алып, кыргыз элин дагы бир ирет сыймыкка бөлөдү. Жакында эле Андрей Малаховдун "Пусть говорят" телеберүүсүнө барган ырчы анын артынан эле белгилүү орусиялык алып баруучу Иван Урганттын "Вечерний Ургант" телеберүүсүнө дагы чакыруу алып, катышууга үлгүргөн. Эскерте кетсек, "Голос" теледолбоорунун финалы 30-декабрда өтөт. Анда эмесе, мекендешибизге финалда да ийгилик жылмайышын каалай кетели.