Жибек Нукеева. Бул ысым 3 жыл мурун "Кыргызстан сулуусу-2013" сынагында жарк эткен эле. Анда 18 жаштагы сулуу аталган сынактын жеңүүчүсү болуп, таажы кийген. Ошол эле жылы Балиде өткөн "Дүйнө сулуусу-2013" сынагына Жибек Кыргызстандын атынан катышып келген. Сынактар жыйынтыкталган соң келбети келишкен сулуунун эл көзүнөн алыстай түшкөнү байкалган. Көрсө, ал турмушка чыгып, эне аталып бала жытына мас болуп турган маалы экен. Бирок жакында эле 21 жаштагы Жибек рактын сейрек кездешүүчү түрүнө чалдыкканын социалдык тармактар аркылуу айтты.
"Салам, менин периштем. Менин окуям кыска. 7 айлык кош бойлуу кезимде дарыгерлерге кадимки текшерүүгө барып диагнозумду уктум, мына ошондо мен үчүн тозок башталды. Балага зыяны тиет дешип мени эрте төрөтүп алышты. Артынан химиялык терапия башталды, чачтарым болсо түшүп бүттү. Ага карабай дарыгерлер химиялык терапия мындан ары пайдасыз дешүүдө. Себеби шишик тездик менен өсүп жатыптыр. Үмүтүм Түркиядагы онкологиялык ооруканага жетеледи, бирок ал жактагы дарыгерлер "шишик өтө чоң экен" деп дарылоодон баш тартып коюшту. Биздин акыркы үмүт Чехиянын Прага шаарындагы Протондук терапия ооруканасында болууда. Аталган терапия үчүн 80 миң евро сарпталат экен. Жакындарым колунан келген жардамын берип жатышат, бирок мындай көлөмдөгү акчабыз учурда жок. Ошондуктан элиме жардам сурап кайрылдым. Болгону баламдын жанында колумдан келишинче көбүрөөк убакытка калсам экен деген гана тилегим бар",- деп жазган Жибек Нукеева
Кыргыз сулуусунун тагдырына кайдигер карабаган инсандар Элсом төлөм терминалдары аркылуу 0559 182 383 номерине каражат которсоңуздар болот. Жибектин тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.