Концерттин аталышы – «3-серия»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 19-20-21-декабрь Башталышы – 20:00 (билетте 19:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (21-декабрь)
Билет баасы – 400-600 сом
Демейде мезгилден артта калбаган жаным бул ирет Гүлжигиттин концерти болорун кеч уктум. "Эски жылга калтырбай концерт берип алайын" деп шашылган ырчынын концертинин акыркы күнүнө шашкан боюнча "кечиктим" деп саат 7де барып, бири-бирин түртүшкөн адамдар менен мен да залга кирип бардым. 1 жыл мурун ырчынын "Репетиция", ушул жылдын башында "Кусалык жана төрт мезгил" аттуу концерттерине барып купулум толуп, көргөнүмдү окурмандар менен бөлүшкөн элем. Эшиктин алдында турган элдин "кечээ да концерт кечигип башталып, бирок сонун болду" дегенин кулагым чалып калды. "Демек, бүгүн дагы жакшы "концерт-сериалдар" уланат экен" деп ичимден божомолдодум. Концерт "кыпкыргызча" 1 саатка кечигип башталды. Жарк-журк этип жарыктар жанып, залдагы чоң экрандар күйүп сахна бир укмуш болуп чыга келди. Айрыкча, сахнанын төбөсүндө Гүлжигит Сатыбеков деген жазуунун күйүп-жанып турганы да өзүнчө көрк берди окшойт. Мындай сахна жасалгасын ар бир ырчынын эле концертинде көрө бербегендиктен "канча каражат кетти экен?" деп ойлонуп койгом. Көрсө, сахнага Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов демөөрчүлүк кылган экен.
Салтты бузбай бул жолу да алып баруучулук милдетти "Беш тапандын" 1 тапаны Союзбек Сейитказиев аркалады. Сахнага көзүм тийип кеттиби, айтор, Гүлжигит чыгып алгачкы ырын ырдап баштаганда музыка өчүп калса болобу. Ырчынын артында коштоп турган "абышка-музыканттардын" (ред. "Старики разбойники" тобу) ойногон музыкалары жакшы угулбай калды. Аңгыча, алып баруучу чыга калып элден интернет иштетпей туруусун, сахна жасалгасы Wi-Fi менен иштээрин түшүндүрдү. "Кечээ да ушундай болду эле, "Старики разбойники" даярбызбы?" деген ырчы концертин баштады. Демейде жата калып, тура калып ырды, ырчыны коштоп бийлеген шылдыракчы Кадырбек Мураталиев бул жолу музыканттардын катарында тушап койгондой эле шылдырагын ойноп музыканы коштоп турган. Качан гана Гүлжигит: "ии, Кадырбек аке, келиңизчи" дегенде ырчынын жанында бийлеп, шылдыракты башына кие калып, айтор, ырга шаң кошуп жатты. Бир орунда туруп ырдаган Гүлжигиттин бийлей албасын Кадырбек акеси ушинтип билдирбей кеткенге аракет кылды окшойт. Ырчы андан кийин дагы бир бийлей турган ырына Бактарбек Абдразаковду чакырып чогуу ырдатты дагы, бийлетти дагы.
Ырчыны куттуктап Гүлнара Кахарова "Сүйөм деп айтпаса экен" деген чыгармасын ырдап берди. Бул ырдын обону концерттин "күнөөкөрүнө" таандык экенин билебиз. Гүлжигит концерттин кайсы жеринде фонограмма ырдады байкаган жокмун, бирок бул эжемдин жандуу үн менен ырдабаганын дароо билип койдум. Гүлнара эжеме иштебеген микрофон берип койгон экен ыры бүткүчөктү микрофонду чукулап иштете албай койду. Ырдап бүтүп, микрофонду алмаштырып анан сөз сүйлөдү. "Менин чыгармачылыгыма экинчи дем тартуулаган ыр Гүлжигиттин "Сүйөм деп айтпаса экен" чыгармасы болду. Гүлжигиттей жигитти тарбиялаган ата-энесине рахмат",- деп ырчынын ата-энесин ордунан тургузуп, экинчи ырын ырдап коюп көздөн кайым болду. Гүлжигит "Ошко 3 күн концерт берип гүлдөрдү портер менен жүктөп кеттим эле. Гүл албай эле концерттен кийин такси менен кетип калган оң го" деп күйөрмандарынан келген гүлдөрдү бир жыттап, андан соң "келиндер" деп тамашалап "Беш тапандын" жигиттерин бирден чакырып, гүлдөрүн аларга берип жатты. Бул топтун анча-мынча эле тамашалары жаңыланбаса мурунку эле тамашаларына күбө болдук. Гүлжигит деле репертуарына 4 чакты жаңы ыр кошуптур. Ырчы өзү бийлей албаса да катыра ырдап, элди бийлете аларына дагы бир жолу ынандым. Ошентип 8де башталган концерт түнкү 11ден өтүп бүттү.
Ырчынын чыгармаларын эл жактырганы үчүн залга батпай, суранып жатып концертин 2 күнгө узарткандарына да күбө болгонбуз. "Гүлжигиттин ырларынын сөздөрү жеңил, "тико" деген ыр кантип болсун?! "Москвасы" деле обону жакшы болгону менен сөздөрү жүрөк жылытпайт, "Исфанасына" го сөз жок",- деп сындагандар да четтен чыгат. Бирок, дал ушул ырларын эл жактырып угуп, жыргап бийлешип, жакшы кабыл аларын ырчы дагы бир ирет далилдеди.
Толик сынчы