«А» КЛАССТАГЫ КИНОФЕСТИВАЛДЫ БАГЫНТКАН «АТАНЫН КЕРЭЭЗИ»

Быйылкы жылы «Атанын керээзи» тасмасы кыргыз маданиятындагы чоң жаңылыктардын бири болду. Кыргыз тасмаларынын ичинен алгачкы болуп «А» класстагы фестивалда баш байгени утту. Ири жетишкендиктерди багынткан тасма тууралуу билгиңиз келсе, бизден маалымат алыңыз.

Жанры
– Драма
Режиссёру – Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу
Сценарийин жазган – Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу
Оператору – Акжол Бекболотов
Ролдордо – Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 52 мүнөт
Бюджети – 70 миң доллар
Тартылган жери – Жети-Өгүз районунун Тосор, Чоң-Жаргылчак айылдары, «Манас» аэропорту

ӨМҮР, ӨЛҮМ ЖАНА ТУУЛГАН ЖЕР...

«Атанын керээзи» «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы менен «Элфильм» кинокомпаниясы тарабынан тартылган. Тасманын негизги өзөгүн өлүм менен тирүүлүк, миграция темасы камтыйт. Тасма бала кезинде ата-энеси менен Америкага кеткен Азаттын мекенине атасынын крематорийде күйгүзүлгөн сөөгүн жерге берүү үчүн келген жеринен башталат. Ал айылга келгенден кийин окуя татаалдашат, атасы тууралуу элден «алдамчы, калпычы, шылуун» деген сөздөрдү угат. Анын элден алган карызын уулу кайтарып берип, кароосуз калган үйүн оңдоп, тазалайт. Атасынын бир тууганы Чорону издеп таап, ага телефондон Америкадан келгендигин, жолугуп сүйлөшүү керектигин айтат. Тасманын андан аркы бөлүгү жандуу уланат. Анткени Чоро таң эрте айылга келип, Азатка «үйдү оңдоп койсо эле баары унутулат деп жатасыңарбы? Атаң кайда, акмак, атаңдын айынан түрмөгө отуруп чыктым. Өзү келбейби?!» деп ачууланат. Агасынын бул дүйнөдөн өтүп кеткенин укканда башын кучактап буркурап ыйлайт, ызаланат. Анан айыл аксакалдарын чакырып агасынын өлгөнүн угузуп ата-бабанын салты менен жерге беришет. Фильм атанын керээзин аткарган Азаттын бөлмөдө уктап, агасы ойготпостон кетип калышы менен жыйынтыкталат.

"50 ЖЫЛ МУРДАГЫ МАДАНИЯТ СҮРӨТТӨЛӨТ"

-Фильмдин өзгөчөлүктөрүнүн бири – жөнөкөй жашоо, карапайым эл аркылуу чоң маселени көтөргөндүгүндө. Бүгүнкү күндөгү миграция маселесин көтөргөнү менен, 50 жыл илгерки маданият сүрөттөлөт. Эски үйлөр, жыгачтан жасалган короолор. Жадакалса кожоюну канча жыл мурун Америкага кеткен үйдүн каалгасы жип менен байланып турат. Бул нерсе аркылуу «кыргызда ууру болбогон, мыкты эл» деген түшүнүктү берели дегенбиз,- дейт тасманын жаратуучуларынын бири Бакыт Мукул. Анын айтымында, үй-жайын таштап чет элге агылуу бул биздеги эле маселе эмес, жалпы адамзаттын көйгөйү экенин, бул нерсени чет элдик аттуу-баштуу киносынчылар түшүнгөнүн белгиледи.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Тасманын сценарийин Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу көчөдө жүрүп жазышкан.
  • 4 айда кагазга түшүрүлгөн сценарийде бир дагы болгон окуя камтылган эмес.
  • Баланын Ысык-Көлдө сүзгөн эпизоду 13-январда тартылган. Денесине спирт, каздын майын сүйкөп, бозого май кошуп ичип сууга түшкөн башкы каарман Иман Мукулдун тартуу учурунда буту түйүлүп калган.
  • Эскирген үйдү тартуу үчүн үйдүн ичин атайын желе бастыртып, айнектерин талкалап, кайра оңдоп беришкен. Короодогу чөптөрдү, кыйылган бактарды башка жактан алып келип орнотушкан.

АЛГАН НААМДАРЫ

  • 2016-жылы – Монреаль дүйнөлүк кинофестивалында «Алтын Зенит» баш байгесин алган.
  • 2016-жылы – Алматыда өткөн эл аралык «Евразия» кинофестивалында «Мыкты Орто Азиянын тасмасы» аталган.
  • 2016-жылы – Тажикстанда өткөн эл аралык «Дидор» кинофестивалында «Актуалдуу тема, жаңы форма жана мааниси, гумандуулук үчүн» деген наам алган.
  • 2016-жылы – Минск шаарында өткөн «Листопад» эл аралык кинофестивалында тасма 3 байге алган:
  • Эл аралык калыстардын диплому «Каада-салттарга заманбап көз караш үчүн».
  • «Чек арасыз тасма» аталыштагы КМШ аткаруу комитетинин атайын байгеси «Маданияттык кызматташууну өнүктүрүү жана эл аралык достукту чыңдоо үчүн».
  • Минск шаарынын аткаруу комитетинин атайын байгеси.

Биринчи жолу "Алтын Зенит" алган кыргыз режиссёрлору.


Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Surgut777
2017-01-04 09:57:17
Оскарга да корсотулуп жатты ле го не болду?
0
taberik777
2017-01-05 17:40:03
качан кинозалга чыгат?
0
asad345
2017-01-05 22:04:22
Дароо кинозалга чыгарса э
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан