(Башталышы өткөн сандарда)
Күн сайын алардын үйүнө мас эркек, мас аялдын баары чогулат. Кыйкырык, ызы-чуу, мушташ. Барган сайын боло жүрчү кадыресе көрүнүшкө айланды.
– Асылбек, жүр, чоң апамдыкына кетеличи?
– Апамчы? Ал эмне болот? Мурат сабап өлтүрүп койбойбу?!- Айдай инисинин минтип айтканын укканда эле үндөбөй калат. Асылбек апасына, Айдай Асылбекке байланып бактысыз күндөр өтө берди. Ооба, Айдай апасына катуу таарынган эле. Ал бардыгын, жадакалса канынан жаралган балдарын Муратка алмаштырып койгонун кыз кечире албай жүрдү.
Бир ирет Мурат ашканада тамеки чегип отуруптур. Сабактан келген Айдайды башынан ылдый тиктеп туруп, шилекейин жутту.
– Чоңоюп баратасың, ээ?- деди ал кытмыр жылмайып.
Кыздын денеси муздай түштү. Баарынан кызыгы, Токтобү Мураттын бул кылыгын эч нерсе болбогондой эле кабыл алды. Же ал күн сайын андан токмок жеп жатып жалтак болуп калганбы.
– Бетиңиз барбы?! Кантип сүйлөп жатасыз? Апа, сага эмне баары бирби?!- кыз апасы менен Муратты жекире тиктеп, ачуусу менен сүйлөдү.
– Ызылдаба! Ою жаман! Мага апаң эле жетет!- Мурат карс-карс эте күлдү. Токтобү да аны коштоп кыткылыктады.
ххх
Мурат жырткыч болчу. Ичинде бир жаман ой бекип калса, аны ишке ашырмайынча көксөөсү суучу эмес. Ошол күнү ал дүкөндөн эки бөтөлкө арак алып келди да, анын теңинен көбүн Токтобүгө берип мас кылып салды. Качан аялдын тили күрмөөгө келбей керебетке кулаганда Айдайдын бөлмөсүнө кирип барды. Асылбек бул учурда сабакта эле.
– Эмне?- кыз чочуп ордунан турду. Аны кутурган көздөр карап турган.
– Апа-а!
Айдайдын үнүн эч ким уккан жок. Мурат аны бет талаштыра муштаганда эле Айдай эңги-деңги болуп кулап түштү. Андан аркысы тозокко айланды. Айдай Мурат жамандыкты жасап койчу адам деп билчү, бирок ошондо да ушунчалык пастыкка барарын эч эле боолголобоптур.
– Ата-а!- кыздын үнү алсыз гана чыкты. Бул айласыздыкка, арманга бөлөнгөн үн эле. Айдай үчүн адамдарга ишенүү эми мүмкүн болбойт. Анын акыркы үмүттөрү биринен сала бири үзүлүп жатты. Мурат эч нерсе болбогондой ордунан турду да, шымын өйдө кыла ашканага кирип кетти.
– Ата-а! Эми мен кантип жашайм? Ата-а!- кызга өмүрүнө кол салуудан башка ой келген жок. Ордунан турууга алы келбей калыптыр. Араң-араң сүйрөлүп, дубалга жөлөнө сыртка жөнөдү. Алардын короосунда ар нерсени сактаган кичине там бар болчу. Айдай кирип барып эле анын шыбына жип байлай баштады. Моюнуна жипти салып, эми бут алдындагы көмкөрүлгөн чаканы тээп жиберерде сырттан Асылбектин үнү угулду.
– Айдай эже...
"Асылбек... Асылбек бар эмес беле... Менсиз ал кантет?! Атам да жок..."кыз моюнунан жипти шашып ала калды. "Иниңди жакшы кара, ээ, Айдайчик!"деген атасынын сөзү кулагына жаңырды.
– Мен бул жактамын,- Айдайдын үнү ый аралаш чыкты. Кирип келген инисин бооруна кысып көпкө шолоктоп ыйлады.
– Биз бүгүн чоң апамдыкына кетебиз! Жок, Асылбек, бул жерде калганга болбойт! Кетебиз...
Бирок Асылбек кемшеңдеп ыйлап каршы болду. Үйгө чуркап кирди да, мас болуп жаткан апасын кучактап жатып алды. Асылбектин үйгө киргенин көргөн Мурат сыртка чыкты да, али да соороно албай эки ийини бүлкүлдөп боздоп отурган кыздын жанына келип:
– Ашыкча бир сөз чыкса, иниңди кескилеп өлтүрүп коём! Түшүндүңбү?!- деди. Мурат Айдайдын эң талуу жерин билип алган экен. Кыздын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөдү. "Жок, эч кимге айтпайм! Эмне деп айтам? Эл "энесинен эр талашыптыр"деп айтат. Чындык жок. Адамдардын бири-бирине боору оорубайт. Алар толгон-токой чуу чыгарышат, чубап чыгышат... Асылбекти өлтүрүп коюшу мүмкүн. Мураттан баарын күтсө болот"кыз ичинен чечим чыгарды...
Айдай чоң апасыныкына келип алганына бир жумадай болуп калган. Эртеден кечке көз жашын көлдөтүп ыйлайт. Эмне болгонун сураган чоң апасына апасы менен урушуп кеткенин шылтоо кылып койду...
Марат Жанбараков
(Уландысы кийинки санда)