ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ

Ноулайфер
– виртуалдык оюндарга ашыкча берилген адам. Англис тилинен түзмө-түз которсок, "no life" – "жашоосу жок" дегенди туюнтат. Учурда заманбап технологиянын өнүгүшү менен виртуалдык оюндар жаш балдарды гана эмес, орто жаштан өткөндөрдү да оңой эле туткундап алууда. Компьютердин чычканы канчалык жакын болсо, ноулайфер да ошондой болуп калат. Ал оюндардын акыркы түрүн көчүрүүгө, ар бир оюнду акырына чейин ойномоюнча жаны тынбайт. Бул "кутудагы адамдар"өздөрүнүн жашоосунда, иллюзиясында гана күн өткөрөт. Мындай оюн сүйүүчүлөр виртуалдык оюндардын кулу болуп, чыныгы жашоону унутуп калган адамдар.

САЯКАТТА

Бэкпэкинг
– саякатчылардын аз өлчөмдөгү каражат менен туристтик операторлордун жардамысыз жүргүзүлгөн саякаты. "Вackpack" – "рюкзак" деген сөздөн келип чыккан. Бэкпэкерлер туристтик операторлордун кызматын колдонбой, саякат маршрутун өзүлөрү түзүп чыгышат. Алардын максаты ашыкча каражат коротпой, дүйнө жүзүн көрүү болуп саналат. Арзан баадагы хостел, мейманканаларда жашап, кымбат баалуу тамак-аш менен тамактанууну ойлонушпайт. Бэкпэкерди жонундагы саякатка керектелүүчү бардык буюмдарды батырган чоң сумкасы менен таанууга болот. Коомдо мындай саякатчыларды "калыптанган системдерди бузуучу", "жаңычылдык киргизгендер" деп айтышат.

КООМДО

Инсайд –кайсы бир уюм же мекеменин ичинде чыккан же алынган "ички"маалымат. Мындай маалымат көпчүлүк учурда сыртка чыкпашы керек жана чыгарылбайт. Анткени бул атаандаштарга жардам берип, ал уюм же мекемеге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Англис тилинен которгондо "inside"– "ички, ичиндеги" деген маанини камтыйт. Инсайдерлик маалымат мекеменин жумушчулары же керектүү адамдар аркылуу сыртка же жалпыга маалымдоо каражаттарына тарайт. Маалымат заманында биринчилерден керектүү маалымат билген адам оңтойлуу абалда болору шексиз. Көпчүлүк учурда инсайдерлик маалымат биржалык иштерде колдонулат. Алсак, тигил же бул баалуу кагаз кайсы учурда арзан же кымбат сатылары тууралуу маалымат, керектүү учурда акция же облигацияларды сатып алуу жана башка ушундай сыяктуу учурларда. Ал эми жабык маалыматты тараткан адам инсайдер деп аталат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
A3A
2017-01-10 07:40:08
Беп бекер кыргыздын (бекер-безплатный) созунoн алынганбы?
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан