Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси ДАНИЯР НАРЫМБАЕВ 29-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту тарабынан шарттуу түрдө бошотулду.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, 2010-жылдан бери кызмат учурунда 82 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ курман болгон. 1591 кызматкер жаракат алган.
Ала-Бука районунда БАПТИСТ деп аялдын сөөгүн казып чыккандардын бири кармалды. Ал “өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактаган" деп айыпталууда.
Өлкөдө 8 миңден ашуун ҮЙ-БҮЛӨ оор жашоо шартында күн кечирет. Анын ичинен эң көбү Чүй облусунда катталган деп маалымдайт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
Жогорку Кеңештин депутаты ЧОЛПОН ЖАКУПОВА мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Аталган маалыматты БШКдан 27-декабрда ырасташты.
Пиротехникалык каражаттардан жана жол кырсыгына караганда 31-ДЕКАБРЬ күнү ичкиликтен жабыр тарткандар көбөйүүдө. Ага ылайык, Бишкекте Жаңы жылга караган күнү нөөмөттө “Тез жардамдын” 38 бригадасы иштейт.
ОРУСИЯДА 23-декабрга карата убактылуу кармоочу жайдагы кыргыз жарандарынын саны 91ге жеткен. Мындай маалыматты Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинен билдиришти.
Бишкекте ОКУУЧУЛАР 30-декабрдан 9-январга чейин эс алышат. Каникулдун кыскаруусу тумоодон улам киргизилген карантинге байланыштуу.
Өлкөдө кыз-келиндердин 6,3 пайызы 15-19 жаш аралыгында төрөйт. ӨСПҮРҮМ кезинде көз жаргандар эң көп Талас облусунда, эң аз Бишкек шаарында катталган. Бул тууралуу акыйкатчынын докладында айтылат.
ЖАТАК МЕКТЕПТЕРИНИН тарбиялануучуларынын тамагына мындан ары 40 сом эмес, күнүнө 110 сом бөлүнөт. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы 28-декабрда кол койду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.